Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек ЮСАИДдин «Ишкерликти өнүктүрүү» долбоору Борбор Азия ишкерлеринин Ооган рыногун өздөштүрүүсүнө жардам берүүнү көздөйт. Долбоордун жетекчилери жана аткаруучулары шаршемби күнү «Кабар» маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрүп, «Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда чыккан товарлар үчүн Ооганстанда зор мүмкүнчүлүктөр бар» деп билдиришти.

Ооганстанда согуш бүтүп, анын экономикасын калыптандыруу иштерине Батыш өлкөлөрү көптөгөн акча бөлүп жатышканы маалым. Кыргызстандын ишкерлерине болсо ички базар тардык кылып жатат. Ошондуктан кыргыз ишкерлерин Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү иштерине тартуу тууралуу көп сөз болуп келет. “Кыргызстанда өтпөй жаткан товарлар ошол жерде өтүп кетет эле” деген сөздөр айтылат. Бирок анча-мынча гуманитардык жүктөрдү ташуу иштерин айтпаганда, сөз сөз бойдон калып, бул багытта азыркыга чейин реалдуу иш жүрө элек. Өз алдынча рынок издеп, оогандык ишкерлер менен байланыш түзүү боюнча кыргыз ишкерлеринин тажрыйбасы жок. Анын үстүндө Кыргызстан менен Ооганстандын аралыгы да бир топ. АКШнын ЮСАИД уюму каржылаган “Ишкерликти өнүктүрүү” долбоору Борбор Азия ишкерлерине Ооганстандын рыногуна кирүүгө жардам берүүнү көздөйт. Долбоорду кеңеш берүү иштерине адистешкен Кыргызстандын “Прагма” корпорациясы ишке ашырууда. Долбоордун жетекчиси Кэтлин Данкл айым консультанттардын тобу Ооганстанга барып, анын 3 ири шаарында – Кабулда, Гератта жана Мазари-Шарифте маркетингдик изилдөө өткөрүп келгендигин маалымдады:

- Изилдөөнүн негизинде товар сатып алуу жагынан Ооганстандын потенциалы зор экени такталды. Соода ишканаларынын ал үчүн каражаттары да бар. Ооганстанга кеңири ассортименттеги товарлар керек. Чоң партия менен соода жүргүзүш үчүн алардын азыраагын тандап алуу жетиштүү. Сооданы жылдыруунун агрессивдүү стратегиясын пайдаланып, Борбор Азия өлкөлөрүн товарларынын кадыр-баркын Ооган рыногуна көрсөтсө болот деген бизде ишеним пайда болду.

Бирок Кыргызстандын Экспортчулар ассоциациясынын директорунун милдетин аткаруучу Сергей Магайдын айтымында, Кыргызстандын ишкерлери үчүн ооган рыногун өздөштүрүш оңой эмес. Анткени дүйнөнүн белгилүү ири корпорациялары ал жерге эчак эле барып, орун алып алышкан. Алар менен атандашуу биздин ишкерлер үчүн кыйынга турат. “Кайсы товарлар Ооган рыногунда өтүмдүү?” деген суроого Кетлин Данкл айым мындай дейт:

- Талап кылынган товарларга цемент, үй чатырын жабыш үчүн металл буюмдары, дизель отундары, бензин, айнек жана арматура кирет.

Анын айтымында, Ооганстан тамак-аш продуктуларына да муктаж.

Долбоордун иши маркетинг жүргүзүү менен чектелбейт. Ал биздин ишкерлерге соода жүргүзүүгө зарыл болгон Ооганстандын мыйзамдарынын жана эрежелеринин баарын үйрөтүүнү көздөйт. Алар – Ооганстандагы акча жүгүртүүнүн жана банк системасынын өзгөчөлүктөрү, бажы тартиптери, стандарт нормалары жана транспортко байланыштуу маселелер. Долбоордун жетекчилери ушулар боюнча ишкерлерге маалымат бериш үчүн семинар өткөрүүнү пландаштырып жатышканын билдиришти. Андан тышкары, алар ооган ишкерлеринин Борбор Азия өлкөлөрүнө келишине, Борбор Азия ишкерлеринин Ооганстанга барышына жана алардын жолугушуусуна көмөктөшөт. Кэтлин Данклдын айтымында, Ооган ишкерлери буга дилгир. Консультанттардын тобу барганда алар “Борбор Азия өлкөлөрүндө чыккан товарларды сатып алып турат элек” деп айтышкан. Долбоор жетекчилери күзүндө Кабулда Борбор Азия өлкөлөрүндө чыгарылган товарлардын көргөзмөсүн өткөрүүнү сунуш кылышууда.

8-июлда келип түшкөн кабарда айтылгандай, Иракта коалиция аскерлерине кол салгандар тууралуу маалымат бергендер 2 жарым миң доллардан кем эмес сыйлык алышмакчы. Мындай сыйлык Ирактын мунай куурларын жардыргандарды карматып бергендерге да ыйгарылаары азырынча белгисиз.

АКШнын президенти Жорж Буш Иракта ири согуш аракеттери токтоду деп жарыялаган 1-майдан бери бул өлкөдө кеминде 30 америкалык, алты британ аскери набыт болду. Алардын көпчүлүгү дээрлик күн сайын орун алган куралдуу кол салуулардын курмандыгы болуп калышты. Азыр эми оккупациячыл аскерлер ирактыктарга кайрылып, кол салуу даярдап жаткандар туурасында кабар жеткиргендерге ири өлчөмдө акчалай сыйлык берилээрин жарыялашты. Ушул шейшембиде белгилүү болгондой, маалыматтын маанисине жараша, сыйлык 2 жарым миң доллар жана андан жогору болот. Америкалыктарга каршы чабуулдардын артында турат деп шектелген экс-президент Саддам Хусейндин башы үчүн Вашингтон жакында 25 миллион доллар сайган болчу.

Ирактагы мунай куурларына кол салынган учурлар да Кошмо Штаттары үчүн чоң баш оору болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү мунай кендеринен Багдаддагы мунайды кайра иштетүүчү ишканага чейин тартылган куурлардагы жардыруулар өткөн айда Багдаддагы машина айдоочуларды тополоң түшүргөн. Чабуулдардын кесепетинен аталган ишкана азыр өз мүмкүнчүлүгүнүн 45 пайызында гана иштеп жатат. Саботажчылар ошондой эле мындан жарым ай мурда Ирактын эң ири мунай тазалоочу ишканасына мунай жеткирүүчү негизги куурдун ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Электр кубаты келүүчү сымдар улам бир жеринен үзүлүп калып жаткандыктан, ишкана улам токтоп калууда.

Кипрде чыгууучу "Жакынкы Чыгыштын Экономикалык баяндамасы" аттуу журналдын баш редактору, мунай эксперти Валид Хаддуринин айтымында, согуш аракеттери токтогондон кийин, мунай кендери, мунай бургулоочу жабдыктар, ишканалар тонолуп, таланып кетти. Ирактын көп мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кайтып келе албай жатышынын дагы бир себебин Хаддури мындай түшүндүрдү:

- Акыркы үч аптада мунай куурлары беш-алты жолу бомбаланды. Куурду 48 саатта калыбына келтирсе болот, бирок (жардыруудан) кара майдын кадыресе агымын үзгүлтүккө учурап, кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге шек келүүдө. (Канткен менен) кардарларга мунайды үзгүлтүксүз жиберип туруш керек эмеспи.

Ирактын мунай министрлиги 1-июндан тартып ири көлөмдө мунай экспорттоону пландаштырып жаткан. Бирок байкоочулардын айтымында, талап-тоноолор жана жардыруулар министрликти бул пландан баш тартууга мажбурлады.

Хаддуринин сөзү боюнча, Иракта бүгүн күнүгө 900 миң баррел кара май өндүрүлөт. Буга салыштырмалуу, согушка чейин Ирактын мунай кендеринен 2 жарым миллион баррел алынчу. Мунай өндүрүшү көбөйсө, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражат топтолмок. Ушуга байланыштуу, мунай министрлиги кароол күчтөрүн эки эсеге көбөйтүүнү сунуш этип жатат. Мындай чаранын кайрымжысы канчалык болоор экен? Ирактагы мамлекеттик үч мунай ишкананын азыр 5 миң кароолчусу бар. Бирок эрме чөл менен жаткырылган куурлардын узундугу да 3 миң чакырымга чукулдап барат.

АКШ дайындаган администрациянын башчысы Пол Бремер жакында Ирактагы негизиги мунай ишканаларын жана жабдыктарды коргоо үчүн атайын жаңы коопсуздук күчү түзүлөөрүн жарыялады. Мурда армияда кызмат өтөгөндөрдөн курала турган мындай бөлүктүн канчалык көлөмдүү болоору азырынча белгисиз. Иракта жаңы армия түзүүнү да пландаштырып жаткан администрация мындан эки айча мурда Ирактын 400 миң аскерлүү армиясын таркатып жиберген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG