Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Экономика

Кыргыз өкмөтү быйыл 29-майда Ысыккөл облусундагы «Тамчы» аба майданын калыбына келтирип, учактарды кабыл алууга даярдоо боюнча токтом кабыл алган болчу. Бир жарым айдан бери оңдолуп жаткан «Тамчы» аба майданын сыноо максатында ага 22-июль күнү ЯК-40 үлгүсүндөгү учак кондурулду. Ошентсе да «Тамчынын» толук кандуу иштешине айрым тоскоолдуктар бар.

Кыргыз бийлигинин болжолунда, Ысыккөлдүн жээгинде дагы бир аба майданын пайдаланууга берүү Кыргызстандын туризмдеги мүмкүнчүлүгүн кеңейтмекчи. Курулуш иштери 1980-жылдарда токтоп калган, Ысыккөл облусундагы «Тамчы» аба майданын калыбына келтирүүнү өкмөт быйылкы 29-майдагы № 317-токтому менен ««Манас» эл аралык аба майданы» акционердик коомуна тапшырган. Андан тышкары, Экология жана чукул кырдаалдар министрлигин авариялык чукул кырдаалдарда пайдаланылуучу жана өрттөн сактоочу жабдууларды коюуга, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасын болсо учактар менен байланышып, аларга көзөмөл салып туруучу жана аба ырайына байкоо салуучу жабдууларды орнотууга милдеттендирген.

Өкмөт ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармактары» жана «Чыгышэлектро» акционердик коомдоруна «Тамчыны» электр энергиясы менен камсыз кылууну, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине аба майданын суу менен жабдууну тапшырган. Премьер-министр Николай Танаев кол койгон токтомго ылайык, ар бир министрлик жана акционердик коом «Тамчыны» калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды өзү көтөрөт.

Иштин олуттуусу жана негизгиси ««Манас» эл аралык аба майданы» акционердик коомуна тапшырылган. Коомдун жетекчиси Эрик Арсалиевдин айтымында, «Тамчыны» калыбына келтирүү иштерине ««Манас» аба майданы» акционердик коомунун эсебинен 216 миң доллар каражат жумшалды. 20 жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланылбай келген «Тамчынын» учактар учуп-конуучу тасма талаасынын 20 миң чарчы метр өлчөмүндөгү плиталары кайра жамалып-оңдолду. Бул үчүн Санкт-Петербург шаарындагы «Фаэтон» компаниясынан атайын материалдар сатылып алынды. 22-июлда Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин ЯК-40 учагы аба майданын сыноо максатында эки ирет учуп-конду.

- МЧСке таандык ЯК-40 учагы эки ирет учуп-конду. Техникалык учууларды аткарды. Учкучтар аба майданынын абалына ыраазы болушту. Учак талаасын жакшы дешти, - дейт Эрик Арсалиев.

Жүргүнчүлөрдү кабыл алуучу вокзал жакынкы эки аптада даяр болмокчу. Андан соң Чолпоната аба майданына конуп жаткан бардык учактарды «Тамчы» аба майданы кабыл ала баштайт. Ал тууралуу ««Манас» эл аралык аба майданы» акционердик коомунун жетекчиси Арсалиев мындай дейт:

- Менин оюмча, аэровокзалды оңдоо иштери бүткөн соң Чолпонатага конуп жаткан учактарды «Тамчы» кабыл ала баштайт.

Эрик Арсалиевдин айтымында, иштин шыдыр жүрүшүнө электр энергиясынын тез-тез өчүшү тоскоол болууда. Дагы бир көйгөй – аба майданында суу жок. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги бул жагынан өкмөттүн 29-майдагы токтомун аткарган жок. «Тамчыны» аэронавигациялык жабдуулар менен камсыз кылыш үчүн Нарындагы жана Караколдогу аба майдандарындагы жабдуулар алынып келинди.

Эрик Арсалиевдин айтуусунда, «Тамчы» аба майданы ЯК-40, АН-24 сыяктуу чакан жана орто учактарды кабыл алууга гана даярдалды. Анткени, учак талаасынын узундугу 2 гана чакырым, туурасы болсо 45 метр. Ал эми ТУ-134, ТУ-154 сыяктуу чоң учактарды кабыл алууга даярдаш үчүн учак талаасын дагы 1,5 чакырымга узартып, туурасын да кеңейтүү зарыл. Анын үстүнө чоң учактар токтоп тура турган кошумча жаңы жай куруш керек. «Тамчыны» андай чоң аба майданына айлантыш үчүн, Эрик Арсалиевдин эсебинде, 7-9 млн. доллар каражат зарыл.

- Менин эсебимде, 7-9 млн. доллар керек. Чолпоната аба майданына караганда, «Тамчынын» мүмкүнчүлүгү кенен. Анткени, учак талаасын узартууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул эми убакыттын иши, - дейт ал.

Эрик Арсалиевдин маалыматы боюнча, «Тамчынын» мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү ишине жапондордун бир компаниясы грант бөлүп берүүгө ниеттенүүдө.

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/2E2396A4-2B46-4172-82B8-4EB2BAF8DDE9_w203.jpg Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жакында Алматы шаарында жолугушуп, суу-энергетика консорциумун түзүү тууралуу чечим кабыл алышканын жарыялашты. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү чечим. Бирок ал азырынча саясий гана чечим болуп эсептелет. Анткени консорциумдун жобосу бекитиле элек. Келишимде президенттер аны иштеп чыгуу тууралуу гана макулдашкан.

Алгач “суу сатылат” деген сөз чыкканда Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилери так секиришкен болчу. “Кудайдын берген суусун да сатчу беле” деп, ал кезде алар андай сөздү уккусу да келчү эмес. Азыр алар буга бышыкулак болуп, көнүп калгандыгын айтышат.

- Кошуналардын да психологиясы өзгөрүп, мурдагыдай болбой калды, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы суу департаментинин директору Жеңишбек Бекболотов.

“Суу - товар”, “суу сатылат” деген жоболор мыйзамга киргизилгени менен, суунун сатылаарына бул маселени көтөрүп чыккан Турдакун Усубалиевден башка эч ким ишенбейт. Азыр сөз өлкөдө жайгашкан суу объектилерине кеткен чыгымдарды сууну Кыргызстандан көп пайдаланган Казакстан менен Өзбекстандан өндүрүп алуу тууралуу болуп жатат. Бул багытта бир аз жылыш бар экендиги айтылат.

- Кыргызстан менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда комиссиялар бар. Акыркы жылдары ушул комиссиялар түзүлүп, бардык иштер чогуу чечилип жатат. Казакстан бизден, Киров суу сактагычынан суу алат. Алар менен ошол суу сактагычты бирге пайдаланып жүрөбүз. Быйыл 450 миң долларга келишим түздүк, - дейт Жеңишбек Бекболотов.

Суу маселеси Борбор Азия өлкөлөрүн экиге бөлүп салды. Өзбекстан менен Казакстанда мунай менен газ толтура. Алар муну пайдаланып, өз кызыкчылыктарын Кыргызстан менен Тажикстанга таңуулагысы келишет. Бирок аларда суу жетишпейт. Суу жагынан алар Кыргызстан менен Тажикстанга көз каранды. Анын үстүндө суу боюнча көз карандылык энергетикалык көз карандылыкка караганда келечекте күчтүүрөөк болуп чыкчудай. Анткени газ менен мунайды кошуна өлкөлөр бербей койсо, аны кандайдыр-бир деңгээлде башка өлкөлөрдөн алса болот. Ал эми сууну Өзбекстан менен Казакстан башка жактан ала алышпайт. Ошондуктан алар катуу кетпей, бул эки жактуу маселени чечүүнүн жолун издөөгө аргасыз. Анын бир жолу - бирдиктүү суу-энергетика консорциумун түзүү. Бул тууралуу чечим Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Алматыда жолугушканда жарыяланды.

Суу-энергетика консорциму Кыргызстанга эмне берет, ал андан утабы же утулабы? Бул суроолорго жооп табыш кыйын. Анткени ал консорциумдун курамына жана анын башкаруу принциптерине жараша болот. Бул маселелер Алматыдагы жолугушууда чечилген эмес. Анда болгону консорциумду түзүү тууралуу саясий гана чечим кабыл алынган. Президенттер кол койгон келишимде консорциумдун жобосун иштеп чыгуу өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтерине тапшырылган.

Суу-энергетика консорциумун түзүү тууралуу сөз көптөн бери эле, Кыргызстан “суу сатылат” деп айтып чыккандан бери айтылып келет. Бирок сөз ишке өткөн эмес. Анткени анын курамы, иштөө механизми боюнча тараптар буга чейин тил табыша алышкан эмес. Ар ким аны ар кандай көрөт. Ошого жараша ар бир өлкө өз вариантын иштеп чыккан. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстан “бул консорциум суу жана электр энергия тармактары менен чектелиши керек” деп эсептешет. Кыргызстан болсо ага газды да кошууну каалайт. Ал эми консорциумду башкаруу принциптери боюнча тараптардын көз карашы андан да айырмалуу. Ошого байланыштуу эксперттер анын жакын арада түзүлөөрүнө ишенишпейт. Ал түзүлгөн күндө да консорциумдун ийгиликтүү иштеп кетээрине алардын көздөрү жетпейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG