Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:20

Орусиянын Самара облусунда мигранттарга соода, транспорт тармагында иштөөгө тыюу салынды


Орусиядагы мигранттар. Иллюстративдик сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстративдик сүрөт.

Орусиянын Самара облусунда 2025-жылы бир нече тармакта мигранттардын жумушчу күчүн пайдаланууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев кол койду.

Чектөө киргизилген тармактарга азык-түлүк чыгарган жайлар, соода, транспорт ишканалары кирди. Тактап айтканда, быйылтан тартып бул облуста мигранттар коомдук тамактануучу жайларда, билим берүү жана илим тармагында иштей алышпайт.

Токтом чыкканга чейин мигранттарды ишке алууга үлгүргөн компаниялар үч айдын ичинде аларды бошотууга тийиш. Документ дароо күчүнө кирди.

Самара облусунда 2024-жылдын август айында эле мигранттарга базарларда, тамактануучу жайларда иштөөгө тыюу салынган. Ошондой эле аларга ижарага батир же башка мүлк берүүгө болбойт. Андан мурда патент менен такси, коомдук транспорт айдаганга чектөө киргизилген.

Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда чет элдиктерге жана эмгек мигранттарына каршы саясат кыйла катаалдаша түштү. Анда кандуу калабаны уюштурууга Тажикстандын бир нече жараны айыпталып, камалган.

Ал эми айрым байкоочулардын пикиринде, мигранттарга каршы басым-кысым Украинадагы согуш башталгандан кийин күчөгөн. Муну менен орус бийлиги аларды согушка барууга мажбурлап жатканы да кабарланып келет.

2024-жылы Орусиядан "миграциялык мыйзамдарды бузду" деген жүйө менен 80 миңдей мигрант чыгарылган. Бул мурдагы жылга салыштырганда эки эсе көп дегенди билдирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG