Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Бейшемби күнү өкмөт өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнүн 1-жарым жылдык жыйынтыгын чыгарды. Өкмөт жыйынында айтылганга караганда, быйыл 6 ай ичинде ички дүң продуктунун өсүш темпи 2,3% түздү. Премьер-министр Николай Танаев муну жетишсиз деп, калган 6 ай ичинде абалды оңдоп, жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 6,5-7% жеткирүүнү өкмөт мүчөлөрүнөн талап кылды.

Айыл чарба продукцияларына кошулган наркка салыктын киргизилишине байланыштуу быйыл инфляция жогору болуп, 4% жетет деп болжолдонгон болчу. Финансы министри Болот Абильдаевдин өкмөт жыйынында берген маалыматына караганда, баалар анчалык деле өспөптүр. Быйылкы 6 айдын ичинде инфляциянын деңгээли 2,5% түзүп, жакшы болду деп эептелген өткөн жылдын көрсөткүчү менен салыштырганда да аз болуп чыккан. Министр баанын өсүү тенденциясын сомдун курсунун жогорулашы кармап калды деп түшүндүрдү. Болот Абильдаевдин айтымында, сомдун девальвациясы ошол эле мезгилде экспортко терс таасир тийгизген. Алгачкы 5 айдын жыйынтыгы боюнча экспорт 200 млн. долларды түзүп, 4,6% өскөн. Бирок алтынды кошпогондо ал 0,9% азайган. Ал эми импорт болсо экспорттон тезирээк, б.а. 6,9% өскөн. Натыйжада өлкөнүн тышкы соода балансынын тартыштыгы 41,7 млн долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу өсүп кеткен.

- Биринчи жарым жылдыкта ички дүң продуктынын номиналдуу көлөмү 29,5 млрд сомду түздү. Ал реалдуу темп менен алганда 2,3% өстү. Кумтөр кенин кошпогондо өсүш 4,3% түзүп, андан да жогору болду. Ошого карабай жакырчылыкты кыскартуунун улуттук стратегиясында белгиленген 5% салыштырганда бул экономикалык өсүштүн басаңдашы олууттуу кооптонууну туудурат, - деди Болот Абильдаев. Министр ички дүң продуктынын өсүш темпинин болжолдонгондон төмөн болуп чыгышын “Кумтөрдөгү” авариянын кесепети жана айыл чарба продукциянын аз өндүрүлүшү менен түшүндүрдү. Жыйында таратылган маалыматтарга караганда, быйыл айыл чарба пролдукциясы өткөн жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда 3,4% аз өндүрүлгөн. Бирок бул өкмөттү анчалык деле тынчсыздандырбайт. Анткени “Кумтөр” кенинде алтын казуу иштери быйыл калыбына келет. Ошондой эле айыл чарба продукциясынын азайышы да убактылуу эле көрүнүш.


- Айыл чарбасында сезондуу көрүнүштөр көп болот. Айыл чарба продукциянын өсүш темпи 96,6% түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болуп калды. Өзүңөргө белгилүү болгондой, быйыл жаз 20-25 күн кеч келди. Анын үстүндө жаан-чачын көбүрөөк болуп, өсүмдүктөрдүн бышып- жетилүүсү кечигип жатат. Бирок жыйым-теримдин алгачкы жыйынтыктары боюнча дан эгиндердин түшүмдүүлүгү 2-2,3 центнерге жогору болуп жатат. Калган техникалык өсүмдүктөр да жаман эмес. Биз жыл аягында айыл чарба продукциянын өсүш темпин болбой калды дегенде эле 3,5% жеткиребиз. А эгерде баардык резервди пайдаланып, жергиликтүү бийликтер жана дыйкандар менен бирге аракет кылсак, азыр эле премьер айткандай, өсүш 5,5-6% болот, - деди айыл жана суу чарба министри Александр Костюк. Ошондуктан премьер-министр өкмөттүн ишине тоскоол болуп жатат деп буларды эмес, табигий кырсыктарды атады.

- Үстүбүздөгү жыл мурдагыдай эле катаал болду. Өткөн жылы саясий абал тоскоол болду эле, быйыл болсо табигий кырсыктар тоскоол болуп жатат, - деди Николай Танаев.

Өкмөт башчынын айтымында, табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга быйыл бюджеттен 500 млн. сом бөлүндү. Бул бюджеттин тартыштыгынын өсүшүнө алып келди. Бюджеттин дефицити план боюнча 4,7% болуш керек болсо, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ал 5,6% түздү. Бирок, буларга карабай премьер-министр оптимисттик маанайда. Анткени биринчи жарым жылдыкта экономикага терс таасир берген 2 фактор экинчи жарым жылдыкта , тескерисинче, ички дүң продуктынын өсүү темпинин кескин жогорулашын шарттайт. Премьер-министр жыл аягында ички дүң продуктынын өсүш темпи индикативик пландан да жогору болуп, бюджетке акчанын түшүшү көбөйөт деп эсептейт. Ал бюджетти корголгон да, корголбогон да статьялары боюнча аткаруу керек экендигин өкмөт мүчөлөрүнө бир нече жолу эскертти.

- Биздин милдет жыл аягында 6,5%-7% чыгышыбыз керек. Ошону менен бирге биз бюджеттин чыгаша бөлүгүн 100% аткарышыбыз керек. Киреше бөлүгүн аткаруу керек экени өзүнөн- өзү түшүнүктүү. Чыгаша бөлүгүн да аткарышыбыз керек. Элге берчү акчаны беришибиз зарыл, - деди Николай Танаев.

Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет жеңил учак жасалды. Тийиштүү уруксат кагаздары алынса, эки орундуу жаңы машине сериялык өндүрүшкө киргизилмекчи. Кыргызстандык, орусиялык жана австриялык ишкер адистердин биргелешкен аракетинин натыйжасында жасалган жаңы учакты сыноо иштери улантылууда. «Ак кептер» деп аталган жаңы аба машинасын чыгаруучулар бара-бара өндүрүштү кеңейтип, көп адам батарлык учак жасоо ниетинде.

Бишкектин түндүк ыптасындагы «Мармар» айылына короолош эркин экономикалык аймактын ичинде жайгашкан жоопкерчилиги чектелүү «Эр-АвиаТ» компаниясы саратан жайда 2 орундуу жеңил учактын тушоо кесээр аземин өткөрдү. Кыргыз, орус, австриялык ишкер адистердин аракетинин натыйжасында жаралган 2 орундуу жеңил учактын кыймылдаткычы Европадан келет. Калган деталдары Орусия менен Кыргызстандагы адистердин колунан чыгат. «Эр-АвиаТ» жоопкерчилиги чектелүү компаниясынын жетекчисинин орун басары Михаил Шварцердин айтымында, учак чыгаруу идеясы мындан 3-4 жыл илгери чыккан.

- Учак чыгарууну ойлоно баштаганыбызда компания жок болчу, - дейт Михаил Шварцер. - Анда «Аэропаг» конструктордук бюросу иштечү. Кийин ал учак жасоочу «Авандаж» компаниясына айланды, конструктордук бюро да өзгөрүлдү. А-27 эки орундуу учак жасоо долбоору ошентип пайда болгон.

Жаңы учак аэродинамикалык мүнөздөмөсү жагынан ушундай типтеги машинелерден кадыресе айырмаланат. Учактын канаты «Пластика» илим-изилдөө институтунун көмөгү астында пластика менен перкалийдин аралашмасынан жасалган. Алгачкы сыноолордун жыйынтыгы ырастагандай, конструктордук материал бышыктыгын көрсөттү. Жаңы учактын алгачкы тажрыйба үлгүсүндө мындан башка да бир топ техникалык өзгөчөлүктөр бар.

- Өткөн жылы учактардын сыноосу өткөрүлдү, - дейт Михаил Шварцер. - Сыноого деп 10 учак жасаганбыз. Сыноолор Орусиянын Громов атындагы илим-изилдөө институтунун алдындагы Учакты барктоочулар федерациясы тарабынан уюштурулган. Учак «пайдаланууга жарамдуу» деп табылды.

Шарттуу түрдө «Ак кептер» аталган жаңы учак Орусияда эки ирет, 2002-жылы Загребдеги эл аралык сыноодон өттү. Ушу тапта жаңы учакты жасоочулар аны сертификат алып, сериялык өндүрүшкө даярдашууда. Москвадагы Эл аралык авиация комитетинен сертификат алып, учак сериялык өндүрүшкө чыгарылса, аны Казакстан менен Орусияга, башка чет өлкөлөргө сатуу болжолдонууда. Кыргызстанда жаңы учакты айдоону үйрөтүү, учууга укук берүүчү атайын аэроклубдарды ачуу пландаштырылууда. Жаңы учак жакын аралыкка ылдам жетүүнү көздөгөн ишкерлер, айыл чарбасы үчүн ыңгайлуу унаа катары кызмат кылмакчы.

- Албетте, атаандаштык болбой койбойт. Бирок да биз ушу тапта Орусияда биздегидей учак чыгарууну көздөгөн ишкананы билбейбиз. Мүмкүн, гараждарда айрымдар жеңил учак чогултуп жатышкандыр. Бизде талап катуу, ар бир бөлүкчө техникалык бекем көзөмөлдөн өтөт. Ар бир деталдын паспорту, эн-белгиси бар. Техникалык текшерүүдөн өткөрүлүп, ар бир деталь тыкыр көзөмөлдөнөт, - дейт Михаил Шварцер.

Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет жеңил учак чыгаруу ишке ашканы турат. Буга дейре өкмөттүк деңгээлде кыргыз-орусиялык биргелешкен учак чыгаруу жөнүндө мында 6-7 жыл илгери Москвада макулдашууга кол коюлган. «Дастан» акционердик коомунун өндүрүш имаратында жүзөгө ашырылчу демилге унутта калып кетти. Михаил Шварцердин айтымында, «Эр-АвиаТ» компаниясы - ай сайын 2-3 учак чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүгү жетиштүү ишкана. Сертификат алганга чейин компания техникалык сыноо үчүн дагы 5-6 учак жасоого ниеттенүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин аба транспорту департамент жетекчисинин орун басары Эркин Баязов компания сертификат алса сериялуу өндүрүшкө кирише тургандыгын ырастады:

- Биздин саясат жөпжөнөкөй - алар сертификат алышы керек. Учакты сертификаттан өткөрүү зарыл.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG