Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:14

Майыптыгы бар кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 10-январда маалымдагандай, майыптыгы бар 17 жаштагы кыздын зордукталышына 55 жаштагы жаран шек саналууда. Шектүү 30-декабрда "Үй-бүлөлүк зомбулук" фактысы боюнча жазылган арыздын негизинде кармалып, жети суткага камалган.

Райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз ээси кийинчерээк кайрадан арыз менен кайрылып, майыптыгы бар 17 жаштагы кызынын зордукталышына күйөөсүнөн шек санап жатканын билдирген.

Бул факт боюнча райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин журналист Алтынай Арстанбекова Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыгып, кыздын энеси менен маектешкен. Анда ал жолдошу бир топ жылдан бери ага зордук-зомбулук көрсөтүп келатканын, акыркы жолу былтыр 30-декабрда сабаганын айткан. Милиция ошол эле күнү күйөөсүн кармап кеткенин жана өзү кийин кызы зордукталганын билгенин кошумчалаган.

“Азаттык” арызданып жаткан аялдын жолдошу же анын жакындары менен байланыша алган жок.

ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82 пайызын жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабап, түрдүү зомбулук көрсөтөрүн жылдык баяндамасында билдирген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG