Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

Экономика

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча мекемелер аралык комиссиянын келерки 6 айдын ичинде аткара турган иштеринин планы бекитилди. Бул тууралуу чечим 28-29-июлда Бишкекте АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги өткөргөн жыйында кабыл алынды.

Кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен түзүлгөн, Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча мекемелер аралык комиссия – бул уюмдун алдында Кыргызстандын милдеттенмелерин аткаруу жаатында министрликтердин, мекемелердин ишин координациялаган туруктуу орган. 28-29-июлда Бишкекте « Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча мекемелер аралык комиссия: анын ролу жана иш милдеттери» аттуу семинар өттү. Анда Кыргызстандын Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында жүргүзгөн иш-аракеттерин активдештирүүгө байланыштуу маселелер талкууланды. Жыйында ошондой эле Дүйнөлүк Соода Уюмунун максаттары жана аткарган иши, Кыргызстан бул уюмдун мүчөсү болгондон кийин анын алдында өзүнө алган милдеттенмелери, уюмдун алкагындагы макулдашуулардын эрежелери сыяктуу маселелер боюнча кеңири маалымат берилди.

Кыргызстан 1998-жылдын октябрь айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирген. Ал аркылуу өлкө бул уюмга мүчө болгон 145 мамлекеттин базарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок, «Прагма» корпорациясынын эксперти Нурсулуу Ахметова белгилегендей, Кыргызстан азырынча Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү катары ага тиешелүү бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай келатат:

- Албетте, Кыргызстанды эл аралык коомчулук кабыл алганы – бул чоң жетишкендик. Мында саясий аброй бар. Бир гана жагы - азырынча Кыргызстан өзүнүн Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөсү катары бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай келатат. Анткени, азыр Кыргызстанда ички өндүрүштүн деңгээли төмөн. Өлкө өзүнүн экспорттук өндүрүшүн өнүктүргөндө гана анын соода мүмкүнчүлүгү кеңий баштайт, - дейт «Прагма» корпорациясынын улуттук эксперти. Ал ошондой эле «Өзбекстан менен Казакстандын протекционисттик саясаты Кыргызстандын соода ишин жүргүзүүгө жолтоо болуп жатат» деген пикирин да айтты.

Ал эми ушул комиссиянын төрагасы, тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбековдун пикиринде, Кыргызстандын бул уюмга кириши анын экономикалык өнүгүшү үчүн, соода тармагын өнүктүрүш үчүн чоң ийгиликтерди жаратууда.

- Уюмга мүчө болуунун артыкчылыктары көп. Алардын негизгиси - Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүгө аракет кылган өлкөлөрдүн баары Кыргызстан менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Мында биздин артыкчылыктарыбыз чоң болот. Кыргызстандын бул уюм менен болгон ийгиликтүү өнөктөштүгү жөнүндө Кытай менен болгон соода мамилелери эле айтып турбайбы, - -дейт Садриддин Жиэнбеков. Ал Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүгө камданып жаткан Украинанын Кыргызстанга болгон 27 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын төлөтүү боюнча да иш-чаралар жүргүзүлө тургандыгын, уюмга кирээр алдында Орусия менен да айрым маселелер талкуулана тургандыгын маалымдады. Министр айткандай, Кыргызстан бүгүнкү күндө Дүйнөлүк Соода Уюмунун алдындагы бардык милдеттенмелерин тиешелүү деңгээлде аткарууда.

Жыл аягына чейин Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча кыргыз комиссиясы Кыргызстандын укуктук-нормативдик актыларын уюмдун эрежелерине ылайыкташтырат. Комиссия Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүгө даярдык көрүп жаткан өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеке секторду Кыргызстандын соода саясатына активдүү катышууга тартуу боюнча иш алып барат. Ал Дүйнөлүк Соода Уюмунун жогорку органы болгон кезектеги министрлер конференциясына карата кыргыз өкмөтүнүн позицияларын да иштеп чыгышы керек. Конференция быйыл сентябрда Мексиканын Канкун шаарында өтөт. Анда кыргыз өкмөтү айыл чарба, өнөр жай товарлары жана тейлөө иштери боюнча сүйлөшүүлөргө катышуусу күтүлөт. Андан тышкары, мекемелер аралык комиссия Борбор Азия өлкөлөрүнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришин тездетүү максатында Кыргызстанда регионалдык борбор түзүү, Женевада Дүйнөлүк Соода Уюмунун алдында Кыргызстандын өкүлчүлүгүн ачуу боюнча иш жүргүзөт.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдар быйыл 27-мартта Кочкор районундагы Сарыбулак айылында болгон кырсыктан кийин жана Кытайдан чыккан өпкө кагыны оорусуна байланыштуу 12-майда токтотулган эле. 28-июлда Бишкекте Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун Транспорт департаменти менен Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү эки өлкөнүн ортосунда жүргүнчүлөр каттамын калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюшту.

27-март күнү Кочкор районундагы Сарыбулак аймагында Бишкек-Кашкар багытында бараткан автоунаадагы Кытайдын 19, Кыргызстандын 2 атуулу киши колдуу болгон эле. Ал окуядан кийин эки өлкөнүн бийлиги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча иш-чараларды күчөтүүнү чечишти. 28-июлда Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун Транспорт департаментинин делегациясы менен Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация, Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү келишимге кол коюшту. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташыган автоунааны куралчан милиционер кайтарат.

- Сарыбулактагы адам өмүрү кыйылган кырсыктан кийин автобусту куралдуу милиция менен коштоо жөнүндө чечимге келдик, - дейт кытайлык делегация менен сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарапты жетектеген транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеев. - Ага ылайык, милиция кызматкери жүргүнчүлөр менен кошо автобуска отуруп, Кытайдын чек арасына чейин аларды коштоп барат. Ошол милиционер чек арада Кытайдан Кыргызстанга чыккан автоунаага отуруп, кайра келаткан жолдо кытайлык ишкерлердин өмүрүн сактап келмекчи. Милиция кызматкеринин иш акысын мамлекет эмес, ошол автобусту жалдаган ишкерлер жана мекеме-фирмалар төлөп берет. Биз автоунааларды курал менен кайтарууну мурда эле сунуш кылганбыз. Бирок, көнбөй коюшкан. Кырсыктан кийин эми макул болушту. Андан тышкары, билет сатуунун тартибин катуулаттык. Билет паспорт менен гана сатылат. Бир нускасы шопурга берилет, бир нускасы автовокзалда калат. Анткени, Сарыбулактагы кырсыкта адамдарды тааный албай, бир топ убара чектик.

Айзат Ажикеевдин айтымында, милиция кызматкери коштогон алгачкы автоунаа 11-августта жолго чыгат. Ага чейин жүргүнчүлөрдүн, тартип сакчыларынын визасы даярдалмакчы. Министрдин орун басарынын кошумчалаганына караганда, азыр эки өлкөнү байланыштырган учактар мурдагы калыбында каттай баштады.

Кытай менен транспорт катнашы жөнүндөгү келишимге 1993-жылы кол коюлган. Ага ылайык 1998-жылдан тартып Бишкек-Кашкар, Бишкек-Артыш, Нарын-Кашкар, Нарын-Артыш, Ош-Кашкар, Ош-Артыш багытында автоунаалар каттап келген. Бул жолу кытайлык өкүлдөр менен Жалалабад-Кашкар, Жалалабад-Артыш автокаттамын ачуу боюнча да макулдашууга кол коюлду.

- Жалалабаддын тургундары “Жалалабаддын өзүнөн Кытайга каттайбыз” деген демилге менен чыгышкан. Биз да колдодук, Кытай тарап да каршы болгон жок. 22-сентябрда алгачкы автоунааны жөнөтсөкпү деп жатабыз, - дейт Айзат Ажикеев.

Бишкектеги жолугушуу учурунда Кытайдан келген делегация Кыргызстандан Кытайга Торугарт жана Эркечтам аркылуу каттоочу жолдорду оңдоп-жамап турууга каражат бөлүү ниетин билдирди.

- «Жолду силер да пайдаланып жатасыңар, анын ремонтуна жардам бергиле» десек, алар биздин мындай сунушубузду колдошту. Бул боюнча келишимге кол койдук. Ага ылайык, курамына он адис кирген эки тараптуу комиссия түзүлөт да, жолдун кайсы участокторун оңдош керек экенин жана ага канча каражат талап кылынаарын иликтеп чыгат. Быйыл Кытай тарап жолдун Эркечтамдан Сарыташка чейинки бөлүгүн оңдоо иштерине 4 млн. юань бөлгөн. Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү Ош-Сарыташ-Эркечтам жолун толук оңдоо ишин биз Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашыралы деген ойдобуз. Буюрса, 250 чакырымга созулган бул жолду жакын арада толук оңдойбуз, - дейт Айзат Ажикеев.

Анын айтымында, Кытай тарап менен Ош-Сарыташ-Эркечтам темир жолун биргелешип куруу боюнча да иштер башталып, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жолдун бир бөлүгү Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн, бул ишке Өзбекстан да тартылган. Айзат Ажикеевдин айтымында, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок Кыргызстан үчүн бул темир жол өтө маанилүү.

- Европа өлкөлөрү жана Орусия Түштүк-Чыгыш Азияга жана Кытайга темир жол менен чыгыш үчүн «Достук» өткөөлүн гана пайдаланып, ага өтө көз каранды, - дейт Айзат Ажикеев темир жол тууралуу. - Ош-Сарыташ-Эркечтам темир жолу курулса, ал Европа мамлекеттери үчүн да, Орусия үчүн да жакшы болмок. Бул жолду курууга байланыштуу саясий чечим кабыл алынган. Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын ортосунда түзүлө турган келишимдин долбоору иштелүүдө. Кытай техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга 15 млн. юань берген. Алардын адистер менен биздин адистер жолдун курулушуна байланыштуу планды иликтеп чыгышты. Өзбекстан «жол Эркечтам аркылуу курулса» деп жатат. Бирок, экономикалык жактан да, коопсуздук жагынан да курулушка ыңгайлуусу да Арпа өрөөнү аркылуу Карасуу темир жол станциясына түшүү туура болуп турат. Жолдун мындай багытын Кытай да колдоого алууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG