Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Дуйшөмбү күнү транспорт, байланыш жана коммуникация министрлигинин атуулдук авиация департаментинин директору Тимур Муратов журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, «Кыргыз эйр» авиакомпаниясы департаментти алдын-ала эскертпей 17–июлдан тартып Бишкек-Москва-Бишкек каттамын аткарууну токтоткондугун кабарлады.

Транспорт, байланыш жана коммуникация министрлигинин алдындагы Атуулдук авиация департаментинин директору Тимур Муратов журналисттер үчүн кыскача билдирүү жасады:

Быйылкы жылдын 17-июлунда “Кыргыз эйр” чакан жеке менчик авиакомпаниянын ээлери “Бишкек-Москва-Бишкек” рейсин аткарууну күтүлбөгөн жерден токтотуп коюшту. Ал биз үчүн да күтүлбөгөн окуя болду. Эреже боюнча алар бизге кат жөнөтүп, себебин айтыш керек эле. Аны биз алган жокпуз. Токтотуу техникалык себептерге байланыштуу эмес. Самолет (учак) учууга жарайт

Анын билдирүүсүнөн “Кыргыз эйр” өткөн жылы түзүлүп, быйылкы жылдын апрелинен тартып Бишкек-Москва-Бишкек авиакаттамын тейлей баштаганы белгилүү болду. Тимур Муратовдун айтуусу боюнча, “Кыргыз эйрдин” 1 “Боинг” самолету бар, Москвага жумасына 5 жолу каттап турган. Ал август айына чейин 1000ге жакын адамга билет саткан. “Кыргыз эйр” бул жүргүнчүлөрдү ташыбай койгондон кийин, аларды тейлөөнү азыр “Итек эйр” авиакомпаниясы өз мойнуна алды.

«Кыргыз эйр» компаниясынын жетекчилери менен байланышууга мүмкүн болбоду. Биз телефон чалсак, алар өз телефондорун көтөрүшкөн жок. Бирок анын президенти Билл Пелью-Харвей да өз билдирүүсүн жазма түрүндө таратты. Билдирүүдө авиакомпания дагы бир самолет сатып алууну көздөгөнү, аны департамент жакшы билери, ошого карабай департамент 10–июлда компанияга берилген лицензияны кайрып алып койгону, ошондуктан компаниянын планы үзгүлтүккө учурап, ал каржылык жактан кыйынчылыкка туш болгону айтылат. Авиакомпаниянын ээлери департаменттин чечимин туура эмес деп, Кыргызстандын жогорку бийликтерине кайрыларын билдиришет. Компания консальтинг жалдаганы жатканы да айтылат. Консальтинг адатта иш сотко айланганда жалданаары маалым. Тимур Муратов болсо лицензия тууралуу бизге буларды билдирди.

- Самолет сатып алып, жаңы рейстерди тейлейбиз деп күзүндө бизден лицензия алышкан. Бирок, эгерде өкмөттөн баланча жакка учам деп лицензия алса, мөөнөт коюлат. Мисалы «бүгүн сага лицензия беребиз,3 айдын ичинде уч, учпасаң лицензияңды алып коебуз» деп айтылат. Чөптүн үстүндө жаткан иттей болбош керек. Же өзү жебейт же башкалардын жешине мүмкүнчүлүк бербейт. 6 ай өткөндөн кийин лицензияны кайра чакыртып алганбыз. 6 айга чейин алар учкан жок, - деди Тимур Муратов.

«Кыргыз эйр» менен департаменттин ортосунда чыккан чыр мурда эле башталып, ал жалаң гана лицензияга байланыштуу эместей көрүнөт. Аны 2 тарап тең айткылары келбей жаткан сыяктуу. Бирок аны тараптардын үсүл-кесил айткандарынан боолголосо болот. Мисалы, Тимур Муратов «Кыргыз эйрдин» «Манас» аэропортуна жана «Аэронавигация» компаниясына 70 миң доллар карызы бар экенин айтат:

- Самолет азыр «Манас» аэропортунда. Алардын башка дагы активдери бар. Бирок самолетторду жана активдерин алып коюу биздин милдет эмес. Аны сот чечет. «Самолетко биз арест кылган жокпуз. Самолеттун кайра кетишине биз уруксат беребиз. Жүргүнчүлөрдүн акчасын кайрып бергиле. «Манас» аэропортуна жана аэронавигация компаниясына карызыңарды төлөп бергиле. Анан кете бергиле. Компаниянын ээлери өзүңөрдүн араңарда иш болсо, аны өзүңөр чечип алгыла» деп айтып жатабыз,

Ал «эмне себептен компания ишин токтотконун билбейм» дейт да, учактын камаккаалынышы тууралуу айтып, иштин сот жыттанганын каңкуулайт. Ошондой эле «Кыргыз эйрдин» президенти да өз билдирүүсүндө карызы бар экенин жашырып койгон.

Сапар Орозбаков, Бишкек 16-17-июлда Чолпонатада Евразия Экономикалык Биримдигинин алдындагы транспорт саясаты боюнча кеңештин 4-отуруму болуп, анда бул уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук катнаш жаатындагы тоскоолдуктарды аныктоо жана аларды алып салуу, бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү, жолдордун техникалык нормативдерин, стандарттарын жана транзиттик тарифтерди жакындаштыруу жана башка бир топ маселе каралды. Кыргызстан тараптан ага Транспорт, байланыш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Транспорт, байланыш жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажыкеевдин айтуусу боюнча, Чолпонатада бардыгы болуп 12 маселе каралды. Алардын бири - Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда Советтер Союзу таркагандан кийинки пайда болгон тоскоолдуктар.

- Былтыркыга чейин Казакстандын ар бир облусунда “экологиялык жыйым”, “санитардык жыйым” дегендер бар болчу. Алар Алматы облусунда да, Алматынын өзүндө да, Жамбыл облусунда да, Чымкент облусунда да бар болчу. Кыргызстан аларды чек арадан өткөндө бир эле жолу төлөп, Орусияга түз чыгып кеткидей болушу керек, - дейт Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, Казакстан ал жыйымдарды алууну токтотту. Бирок буга окшогон тоскоолдуктар ошол эле Казакстанда, Биримдиктин башка өлкөлөрүндө дагы эле бар. Транспорт саясаты боюнча кеңеш аларды аныктап, мамлекет жана өкмөт башчылары бул тууралуу бир чечим кабыл алышы үчүн тиешелүү документтерди даярдады.

ЕврАзЭБдин транспорт саясаты боюнча кеңеши Кыргызстан үчүн абдан көйгөйлүү маселе болуп эсептелген темир жолдун транзиттик тарифи жөнүндөгү маселени да караган. Кечээ эле бир мамлекет болуп турган бир тууган өлкөлөр азыр бири-биринин жүктөрүнө карата өнүккөн өлкөлөрдө пайдаланылган эл аралык жогорку тарифтерди коюшат. Мисалы, Кыргызстандан Орусияга ташылган товарлар Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, Казакстан андан өз өлкөсүнүн ичинде колдонгон тарифтен бир нече эсе жогору транзиттик тариф алат. Натыйжада Кыргызстандын товарларынын баасы асманга чыгып кетип, Орусияда алар өтпөйт.

- Биз Ташкөмүрдөн көмүр тарта турган болсок, биздин Луговойдон берки Бишкекке чейинки тарифибиз ашып кетсе 1 тоннасына 10 сом болот. Эл аралык транзиттик тариф менен ала турган болсок, ал кыйла жогору. Жүктүн тоннасы 4-5 долларга, айрым учурда 10 долларга чыгып кетет. Ошондуктан аны колдонбой эле, ЕврАзЭСтин өзүндө бир тариф түзүп, ошону колдонолу деп комиссия макулдашты, - дейт Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, бул төмөндөтүлгөн тарифтер, эгерде алар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан жактырылса, быйылкы жылдын аягында же эмки жылдын башында ишке кирип калышы мүмкүн.

- Базалык тарифтер даяр. Аны ЕврАзЭБге пайдаланса болот. Аны Интеграциялык комитеттин жыйынына алып чыгабыз, - деди Айзат Ажыкеев.

Чолпонатада каралган маселелердин бири жолдордун стандарты жөнүндө болду. Айзат Ажыкеевдин айтымында, биздин жолдор “8-14 тонналык жүктөрдү көтөрөт” деген эсеп менен курулган. Азыр 40 тоннага чейин жүк тарткан машинелер пайда болду. Аларды көтөрө албай, жол тез эле иштен чыгып жатат.

- Жол талкаланбаш үчүн чек араларга тараза коюлат. 30-40 тонналык ирандык жана европалык стандарттагы машинелерди көрүп жатасыңар. Биздикилер 15-16 тоннага чейин жүктөп алып жатышат. Чет өлкөлөрдө буга чек коюлуп, андан ашса акча алынат - жол бузулбаш үчүн, ал акчаны жолго пайдаланыш үчүн. Бул Орусияда да, Белоруссияда да, Казакстанда да бар. Бизде гана жок. Ошондой тартип киргизели деп, депутаттарга айтып өткөрө албай жатабыз. “Бул керек, бул акча жыйнаш үчүн эмес” деп түшүндүрө албай койдук, - деди Айзат Ажыкеев. Анын айтымында, ЕврАзЭБдин транспорт боюнча жыйынында бул маселелерден тышкары транспорт каражаттарын лизингге берүүнү жайылтуу, биргелешип адистерди даярдоо жана башка маселелер каралды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG