"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Туман Жумабаев 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Арстанбек Ирсалиев кезегинде «Спартак» жана башка балеттердеги башкы ролдор үчүн 25 жашында Эл артисти болгон.
Акын, жазуучу Зинакан Пасанова Алайда туулуп-өсүп, 18 жашка чыкканда биринчи жолу Ош шаарына келген. Бишкекте жогорку окуу жайды бүтүргөндөн бери Ошто жашап келет. Бул видеодо 2010-жылдагы Ош окуяларында кандайча өзбек коңшуларына жардам көрсөткөнүн баяндайт.
Жаңыл Жусупжандын жол дептеринен кино тууралуу жаңы блогу.
Ак-Тоого (французча «Монблан», Батыш Европадагы эң бийик тоо чокусу) бараткан жолдогу бул чакан жайда жети киши чогулдук. Жетинин бири Кыдыр болуп, баары франсуз, мен жалгыз кыргыз.
Жаңы жыл алдында Жаңыл Жусупжандын жол дептеринен бир баян.
Эмнеге көчөгө сөзсүз кишинин атын коебуз? Гүлдүн же планетанын атынан атасак болбойбу?
Франция жаңы президентин тандап жаткан ушул тапта cапар буюруп, бул өлкөнүн мурдагы президентинин айылына барып калдым.
1950-жылдардын башында Тажикстандагы Жерге-Талдан өлкөнүн түштүгүндөгү Шаар-Туз пахта талааларын өздөштүрүүгө жергиликтүү калк күч менен көчүрүлгөн. Ошондо көчкөндөрдүн бири - Дөөлөт Бабай уулунун Шаар-Туздагы үйүндө Жаңыл Жусупжан болуп кайтты.
Польшада кадимки Курманжан Датканы Памирде туткунга алган Бронислав Громчески тууралуу китеп поляк тилинде басылып чыкты. Wielki gracz же «Чоң оюнчу» деп аталган тарыхый изилдөөнүн автору Макс Сегиелский Жаңыл Жусупжандын суроолоруна жооп берди.
Дүйнөдөгү эң бийик жердин бири Памирдин чордонун кыргыздар байыртадан жердеп келишет. Тажикстанга карап калган Мургап кыргыз району Ош-Хорог жолу аркылуу гана сырткы дүйнөгө чыгат. Мургаптагы алигиче электр жарыгы да жете элек Аличор айылында турмуш шарты катаал болгон менен, улууну урматтап, кичүүн
Борбор Азиянын элдери Ноорузду майрамдашууда.
Навруз, или по кыргызски Нооруз – Восточный Новый Год в Таджикстане отмечается на самом высоком уровне. В Жергетальском районе на границе с Кыргызстаном, этот день широко отмечается в районном центре с выставками ручных изделий, выступлениямы национальных групп и состязанием куреш или борьба. Смотрите на фотографиях Жаныл Жусупжан.
Тажикстандагы Жерге-Тал менен Чоң-Алайдын кызматташтыгын бекемдөөнү аркалаган уюмдун жетекчиси чек арадан өтүү жеңилдеп, ортодо карым-катыш көбөйсө, достук да чыңалат эле деген ишенимде. Кыргызча суудай сүйлөгөн Абдували Пирназаров мырзанын Жерге-Талдын Жайылган айылындагы кеңсесине Жаңыл Жусупжан баш бакты.
Тажикстандын Жерге-Тал району менен Кыргызстандын чек арасы эң тынч тилке болгону менен ал аркылуу өтүш кыйла татаал.
Тажикстандын түштүгүндөгү Шаар-Туз айылына өткөн кылымдын 50-жылдары Жерге-Тал районунан кыргыздар көчүрүлгөн. Ысыкка чыдабай, тоолуктардан көп киши набыт болгон.
Тажикстанда бийликтер Жерге-Тал районунун атын өзгөртүүгө киришкени тууралуу кабарланууда. Бул аймак СССР мезгилинде Кыргызстан тарабынан окуу-китеп, мугалим, гезит-журнал менен кaмсыздалып турган. Постсоветтик доордо, согуш мезгилиндеги эң оор кезеңде да кыргыз өкмөтү бул аймакты унутта калтырган
Тажикстанга караган Жерге-Тал районунда кыргыздардын дээрлик баарынын тууган-туушкандары Кыргызстанда. Канча адам менен баарлашсаңыз да, көбү бак-шактуу үй-жайын таштап, баса бергени тургандыгына күбө болосуз.
Мургапка интернеттин келиши менен күйөөгө чыгам деп, өзүнө түгөй издеген кыздар алданып калган учурлары катталды. Гүлкайыр деген келин телефондон Агент аркылуу таанышып, анан алданып калган кыз окуясын Жаңыл Жусупжанга айтып берди.
Мургаб районунда социалдык тармактар аркылуу кыздар алданып калган учурлар жок эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" мургабдык келин айтып берди.
Дагы жүктөңүз