Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын эң ири инвестору болуп эсептелген Дүйнөлүк Банк эмдиги жылдан баштап «Айылдык инвестициялар» деген жаңы долбоорду ишке ашыра баштамакчы. Бул 4 жылга эсептелген долбоор айыл жериндеги жакырчылыкты жоюуга жана айыл өкмөттөрүнүн өз алдынчалыгын бекемдөөгө багытталган. Дүйшөмбү күнү «Пинара» мейманканасында анын бет ачаар аземи өткөрүлдү.

Кыргызстан - аргардык өлкө. Өлкөнүн калкынын үчтөн экиси айыл жеринде жашайт. Ички дүң продуктунун 40% жакынын айыл чарбасы берип, азыр айыл чарбасы тез өнүгүп бараткан менен, айыл тургундарынын 60% ашыгы жакыр жашашат. Мурдагы айылдык кеңештеринин ордуна түзүлгөн 400дѳн ашык айыл өкмөттөрү кагаз жүзүндө гана өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелет. Иш жүзүндө алар жөнѳкөй маселени да чечүүгө жөндөмсүз. Каражаттын жоктугунан айылдын мурдагы инфраструктурасы жарым-жартылай гана иштейт.

Дүйнөлүк Банктын бул жаңы долбоору айыл тургундарын демилге көтөрүүгө жана аны чечүүгө үйрөтмөкчү. Долбоор конкреттүү маселелерди чечүүгө, мисалы мектептерди, мончолорду, бала бакчаларды, китепканаларды, жолдорду, ирригациялык объектилерди жана башкаларды калыбына келтирүүгө акча берет. Долбоордун жетекчилери, “анын негизги максаты - айыл жериндеги жакырчылыкты жоюу жана элет жериндеги жамааттардын өз алдынчалыгын бекемдөө” деп эсептешет. Бирок алар долбоордун натыйжасында канча адам жакырчылыктан кутулуп, канча айыл өкмөтү бутка туруп кетээрин айта алышпайт.

- Жакырчылык канчага азаярын айтуу мүмкүн эмес. Бирок биз жакырчылыкты азайтыш үчүн эмне кылыш керек экенин башка жактан келген адамдарга караганда жергиликтүү эл өзү жакшы билет деп ойлойбуз. Эгерде биз жергиликтүү элге каражат берип, микродолбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берсек, алар ал каражаттарды эң маанилүү маселелерди чечиш үчүн колдонот деп ишенебиз, - деди Дүйнөлүк Банктын “Айылдык инвестициялар” долбоорунун жетекчиси Гетц Шрайбер.

Бул долбоорго Дүйнөлүк Банк 15 млн. доллар грант берди. Жапон өкмөтү да 1 млн. 200 миң доллар грант бермекчи. Кыргыз өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 3 млн. доллар чыгарышат. Кыргыз тараптын салымы акча түрүндө эмес, жасалган жумуш, пайдаланылган объектилер түрүндө болот. Долбоорду ишке ашыруу 2004-жылы башталып, 2007-жылы аягына чыгат. Айрым үлгү долбоорлор быйыл август айында эле башталмакчы. Долбоордун жетекчилеринин айтымында, ага өлкөдөгү айыл өкмөттөрүнүн жарымы катышат. Жылына 50 айыл өкмөтү тандалып алынып, 4 жыл ичинде ага баардыгы 200 айыл өкмөтү тартылат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалпы суммасы 1,5 млрд. долларга жеткен көп долбоорлор ишке ашырылган болчу. Бирок алар жакшы натыйжа бербегендиги тууралуу көп сѳздѳр айтылып келатат. Ошондуктан “Бул акча да кумга сиңген суудай жок болбойбу?” деген суроо туулбай койбойт. Анын үстүндө берилип жаткан акча бекер акча экен. Бекер нерсенин баркы болбойт эмеспи.

- Менде андай болбойт деген ишеним бар. Анткени айтып жатышпайбы, “схема азыр тескери болот” деп. Мурда өкмөткө берилип, анан айыл жерине жетчү. Бу жолу акча айыл өкмөттөрүнө түздөн-түз берилет. Бул акча элге даректүү түрдө берилет. “Долбоор элдин, жамааттардын демилгесин колдогон долбоор болот” деп айтып жатышат. Эл өзү көзөмөлдөсө, өзүнүн салымын да кошсо, мен иш үзүрлүү болуп, микрокредиттик долбоорлор астына койгон максатына жетет деп ойлойм, - дейт Айылдардын жана кыштактардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын төрагасы жана Жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-президенти Курманбек Дыйканбаев.

Бакыт Аманбаев, Прага http://gdb.rferl.org/82F8811F-9613-421C-8C2B-9DBEC832631D_w203.jpg БУУнун маалыматына караганда, Ирактагы согуштан кийин аталган өлкөнүн элине эң ири өлчөмдө азык-түлүк жеткирилди. Дүйнө коомчулугу тарабынан берилген мындай жардам жакынкы жылдары дагы улантылышы күтүлүүдө.

Ирактагы согуш мезгилинде жана согушттук аракеттер аяктаган соң өлкөнүн элинин азык-түлүккө муктаждыктары буга чейин болуп көрбөгөндөй өстү. БУУнун азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын апрелинен тартып, июль айынын биринчи жарымына чейин Иракка 1 миллиард 200 милион тонна тамак-аштын түрлөрү жеткирилген. Ал эми БУУнун азык-түлүк боюнча программасынын Римде жайгашкан өкүлчүлүгүнүн кабарлоосунда, июнь айында Ирактын аймагына ар бир минутта бирден азык-түлүк жүктөлгөн ири авто унаа же саатына 1000 тонна тамак аш киргизилип турду. Мындай жардам Иракка коңшулаш жайгашкан Түркия, Иордания, Сирия, Кувейт, Иран жана башка Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан БУУнун азык-түлүк сакталган эң ири кампаларынан ташылды. Ирак эли көбүнесе ун, күрүч, кесме, туз жана башка азык-түлүк түрлөрү менен камсыздалууда.

БУУнун азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Жиин Жаквес Грайсинин өткөн аптада журналисттерге берген маалыматына караганда, Иракка буга чейин тарыхта болуп көрбөгөндөй ири өлчөмдө тамак-аш жеткирилди. Ушул жылдын апрель айынан октябрга чейин Иракка бериле турган азык-түлүктүн көлөмү өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча оор абал түзүлгөн өлкөлөргө берилген жардамдын көлөмүнө барабар.

Жогорудагый маалыматты БУУнун аталган программасынын Багдаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Антониа Прадела да бышыктайт. Анын айтымында, согуштан кийин Ирак элинин 60%ы же 27 миллион тургун сырттан ташылып келинген тамак-ашка муктаж болду:

- Тарыхта бир дагы өлкөдө мындай көп сандагы адам сырттан келген тамак-ашка муктаж болгон учур кездешкен эмес. 1948-жылы Берлин кризисинде 3 миллион адамга гана жардам берилген. Башка учурду айта турган болсок деле, маселен, Ооганстанда 9 миллион, Эфиопияда 12 миллион адам сырткаркы жардамга муктаж болгон.

Анын айтымында, алгачкы күндөрү мындай көп өлчөмдөгү тамак-ашты күн мурунтадан пландаштырылгандай деңгээлде керектөөчүлөгө туура бөлүштүрүүдө олуттуу кыйынчылыктар орун алды. “Айрыкча Ирактын аймагына алынып келинген жүктү кайтарууда зор кыйынчылыкка дуушар болдук. Ал тургай, сырттан келген тамак-ашты жергиликтүү тургундар уурдап кеткен учурлар болду. Алар жардамга делинген тамак-ашты уурдап алышып, базарларда кымбат баага саткан учурлар да кездешти. Бирок көп өтпөй мындай кыйынчылыктар жөнгө салынды. Тамак-ашты туура бөлүштүрүүгө АКШ менен Британиянын аскерлери жана жергиликтүү тургундардан өкүлдөр тартылды”, - деп кошумчалайт Антониа Прадела.

Учурда БУУнун азык-түлүк программасынын Ирактагы бөлүмүндө 44 миң жергиликтүү тургун иштейт. Иракка жеткирилген тамак-аш, адегенде, күн мурунтадан түзүлгөн тизме боюнча жана Ирактын бардык аймактарында уюштурулган атайын түйүндөрдө тургундардын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык арзан баада сатылат.

БУУнун маалыматына караганда, ушул жылдын октябрь айына чейин Иракка жыл башынанан бери бардыгы болуп 1 миллиард 700 миллион доллардык азык-түлүк жеткирилет. Мындай аракеттер дагы канча мезгилге созулаарын алдын-ала айтууга азырынча мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG