Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

Кыргыз бийлиги эл аралык издөө жарыялаган жаран Молдовада кармалганы кабарланды


Молдованын чек ара полициясы
Молдованын чек ара полициясы

Кыргызстандын бийлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыялаган жаран 10-январда Молдовада кармалды. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлигине караштуу Миграция боюнча башкы инспекция жарыялады.

Маалыматка караганда, чет элдик жаран аталган инспекциянын жана Кылмыш иликтөө башкармалыгынын тергөөчүлөрүнүн аракети менен кармалган.

Билдирүүдө аты-жөнү көрсөтүлбөгөн ал жаранга Кыргызстандын бийлиги "алдамчылык менен кимдир бирөөгө олуттуу зыян келтирүүгө шектүү" катары издөө салганы белгиленет.

Кишиневдо эл аралык ордерге ылайык аны мекенине экстрадициялоо маселеси каралып жатканы кабарланган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары жана чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы мурдагы кеңешчиси Айдар Халиков Кишиневдо кармалганын жазышкан. Темиров ырастагандай, учурда аны Кыргызстанга депортациялоо маселеси каралууда.

Кыргызстандын тиешелүү мекемелери Халиковдун же башка бир жарандын Молдовада кармалганы тууралуу азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Айдар Халиков социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду кескин сындап келгени менен белгилүү.

Азырынча Молдовада кармалган жаран ким экенин көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG