Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек 27-февралда Бишкекке келген Эл аралык Валюта Фондунун кезектеги миссиясы 6-мартта өз ишин аяктап, Кыргызстандын экономикасынын азыркы абалын жакшы деп баалады. Миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнендин айтымында, фонд эми ушуга байланыштуу Кыргызстандын программасына тактоо киргизет. Миссия, мындан тышкары, фискалдык жана структуралык саясаттын айрым актуалдуу маселелери боюнча да кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүздү.

Миссия «Кыргызстан үчүн түзүлгөн программа ойдогудай аткарылып жатат» деп жыйынтык чыгарды. Мурда Кыргызстан аны бир көрсөткүч – ички дүӈ продуктунун өсүш темпи боюнча аткара албай келсе, миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнендин айтымында азыр ал да жайында:

- Экономиканын жандана башташынын алгачкы белгилери бар. Мисалы 2003-жылдын январында реалдуу ички дүӈ продукт 2002-жылдын январына салыштырмалуу 4,6% өстү. Эгерде мындай жакшы көрүнүш уланып кете турган болсо, миссия бир аз убакыттан кийин 2003-жылдын божомолдорун көбөйтүү жагын кайра карап чыгат, – деди Тапио Саавалайнен.

Ал үчүн кыргыз бийлиги миссиянын кийинки, апрель айында келишине чейин программанын 2-жылына белгиленчү Экономикалык саясат жөнүндө кошумча мемерандумду даярдап коюуга тийиш.

Тапио Саавалайнен, Кыргызстан мурдагыдай эле бюджеттин тартыштыгын жоюуга багытталган фискалдык саясатты улантышы зарыл деп эсептейт. Андыктан ал айыл чарба продукциясына кошумча нарк салыгынын жана жылбас мүлккө салыктын киргизилишин кубаттайт.

- Буга тиешелүү мыйзамдардын парламент тарабынан биротоло бекитилишин биз программанын аткарылышынын чен-өлчөмдөрүнүн бири катары карайбыз. Бул мыйзамдар кабыл алынаары менен дароо ишке киргизилиши керек, – деди Тапио Саавалайнен. Ал ошондой эле мунай заттарына акциздик салыктын өлчөмү тууралуу кыргыз өкмөтү бир чечимге келиши зарыл деп эсептейт. Миссия аткезчиликти тыйыш үчүн аны кошуна өлкөлөрдүн салык өлчөмүнө ылайыкташтырууга, башкача айтканда төмөндөтүүгө каршы эмес. Бирок андан бюджет зыян тартпагыдай болуш керек.

Миссия программанын структуралык реформалар бөлүгүнөн энергетика секторуна өзгөчө көӈүл бөлөт. Ал электр энергиясын сатуудан түшкөн акча анын өздүк наркын жаппай, энергетиканын финансылык абалы оор экендигин белгилейт. Ошондуктан миссия эми программага ушуга байланыштуу дагы бир көрсөткүч киргизет. Бирок аны аткарыш үчүн тарифти көтөрүү милдет эмес деп эсептейт. Миссия электр энергиясынын жоготууларын азайтуу жана электр акыны толук жыйноо аркылуу да көрсөткүчтү аткарса боло тургандыгын айтат.

Миссиянын назары түшкөн дагы бир маселе - административдик реформанын жүрүшү. Ал «Мамлекеттик кызмат» тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну колдой турганын, эгерде бул боюнча кыргыз өкмөтүнө жардам керек болсо, ага ЭВФ даяр экенин билдирген. Ал чиновниктик кызмат орундары менен саясий кызмат орундарынын ажыратылышы зарылдыгын, мамлекеттик кызматчылар тапкан кирешелери тууралуу милдеттүү түрдө декларация толтурууга тийиш экенин белгилейт. Миссия ошондой эле кыргыз бийлиги коррупцияга каршы атайын программа иштеп чыгат деп үмүт кылат.

Миссия Бишкекте жүргөн учурда, «ЭВФ «Кумтөр» алтын комбинатын биротоло «Камеконун» карамагына өткөрүп берүүгө каршы чыгып жатыптыр. Анткени ал «Камекого» өтүп кете турган болсо, мурда айтылып жүргөн тышкы карызды кечүү тууралуу Париж клубу менен сүйлөшүүлөрдү татаалдантат экен», деген сөз тараган болчу.

- Кумтөрдүн карызы тууралуу Париж клубунда эч кандай сөз болгон эмес. Бирок биз үчүн бул сүйлөшүүлөрдүн кандайча бүтүшү маанилүү. Анткени ага жараша тышкы карыз менен экспорттун ортосундагы катыш өзгөрөт, - деди Тапио Саавалайнен. Бирок ал бул тууралуу миссиянын позициясын так айткан жок.

Сапар Орозбаков, Бишкек Базар экономикасына өткөн 10 жыл ичинде айыл чарбасына 1,5 млрд. сом кредит берилген. Анын жарымынан көбү кайтарылбай жатат. Кредит алган колхоз-совхоздор жоюлуп кетип, алардын алган акчасын азыр ким төлөөрү белгисиз. Колхоз-совхоздор тарагандан кийин берилген кредиттер да жакшы чогултулбай жатат. Шаршембиде өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр карыздарды күч менен болсо да жыйноого көрсөтмө берди. Кредит жыйноо боюнча жергиликтүү бийликтерге план берилмек болду.

Айыл чарбасына берилип, бирок жыйналбай жаткан кредиттер эми күч менен болсо да жыйналат. Кредитти жыйноонун мындай жолуна премьер-министр Николай Танаев шаршембиде өткөн өкмөт жыйынында Финансы министрлигин жана жергиликтүү администрация башчыларын чакырды:

- Силер «кредиттерди артка жылдырабыз» деп айтпагыла. Аларга кысым көрсөтпөсө болбойт. Катуу саясат жүргүзүү зарыл. Биринчиден кредиттер кимге берилгени тууралуу маалыматтарды компьютерге салып, автоматташтыруу зарыл. Ар бир кредит алуучунун атын такташ керек. Ким кайсы колхоздо же совхоздо иштегенинине чейин тактап чыккыла. Кредитке алынган техниканы да такташ керек. Алар жок болуп кетпейт да. Алардын бир жерде эсеби болуш керек. Кредитти кайтарып беришпесе техниканы кайра алып койгула.

Өкмөт жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык ар бир облустук администрацияга кредиттерди өндүрүү боюнча план берилет. Кредиттерди өндүрүүгө укук коргоо органдары - прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматы да тартылат.

1992-2002-жылдары – 10 жыл аралыгында айыл чарбасына бюджеттин жана чет өлкөлүк кредиттердин жана гранттардын эсебинен бардыгы болуп 1,5 млрд. сом кредит берилген. Алардын азыр жарымына жетпегени гана кайтарылып алынды. 1996-жылдан тартып жапон өкмөтү «Кыргызстандын айыл чарбасына» деп 8 жолу грант бөлгөн. Ошол гранттын эсебинен 398 млн. сомдук ар кандай айыл чарба техникасы дыйкандарга кредит түрүндө таратылган болчу. Алардын кайтарымы азыр 40% гана түзөт. Жыйында алардын көпчүлүгү акча түрүндө эмес, дыйкандар өндүрүп чыгарган продукция менен кайтарылып жаткандыгы айтылды. Улуттук Банктын төрагасы Уран Сарбановдун айтымында, жапон өкмөтү «эгерде мындай практика улана бере турган болсо, грант берүүнү токтотобуз» деп жатат. Кредиттерди жакшы кайтарбаган облустар катары Жалалабад жана Талас облустары аталды. Бул жерлерде алынган кредиттердин 30-35% кайтарылып берилген.

Айыл чарба кредиттери боюнча карыздарды жыйноо маселеси көптөн бери эле коюлуп келет. Бирок анда жакшы жылыштар боло элек. Мурда кредиттерди Айыл чарба министрлиги жыйначу. Азыр бул иш Финансы министрлигинин алдындагы Экономикалык өнүгүү фондуна өткөрүлүп берилген. Өкмөттүн жыйынында Фонддун директору Азим Исабеков «өткөн жылы 74 млн. сом өндүрүлүп, бул иш боюнча бир аз жылыш бар» деди эле, премьер-министр аны кагып койду:

- «Бир жылда 74 млн. сом жыйнадык» деп, жеңиш катары айтып жатабыз. Ооба, жылыш бар. Бирок бул аз. 1 млрд. сомдун 74 эле миллионун жыйнадык.

Айыл чарбасына берилген кредиттерди өндүрүүдөгү кыйынчылык - бул мурдагы колхоз-совхоздордун тарап кетиши жана алардын алган кредиттерине мураскордун болбой жатышы. Мисалы, айыл чарба кредиттерин 3,5 миң чарба субьектиси алган болсо, анын 525инин мураскору азыр чыкпай жатат. Колхоз-совхоздор жоюлуп, аны ким төлөөрү белгисиз. Алардын кредиттерин таптакыр жоюп салуу тууралуу сунуш Жогорку Кеӈешке киргизилген. Бирок ал белгисиз себептерден улам каралбай, маселе чечилбеген боюнча турат. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, мындай кредиттер өкмөттүн өнбөгөн ссудаларынын жарымын түзөт. Ал эми калгандары болсо кредит алып жаткан учурда күрөөгө эч нерсе койгон эмес, күрөөгө койгондору банкрот болуп кетишкен. Айрымдары төлөп берүүгө акчасы болсо деле качып жүрүшөт. Аларды сот аркылуу кайтарып алуу мыйзам боюнча мүмкүн эмес экен, мүмкүн болсо да көп убакыт талап кылат. Ошондуктан өкмөт Совет доорундагыдай бийликтин күчү менен өз карыздарын жеӈил өндүрүп алууну көздөйт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG