Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Азыр эл арасында Кыргызстандын электр энергия өндүрүшү кыйын абалга туш болгону айтылууда. Ал жөнүндө дүйшөмбү күнү болуп өткөн Коопсуздук Кеңеш жыйынында да сөз болду. Президент Аскар Акаев тарифти көтөрбөй туруп тармактын каржылык абалын оңдоого көрсөтмө берди.

Кыргызстандын жалгыз ишенген тармагы - электр энергия өндүрүшү азыр өтө кыйын абалда экендиги тууралуу көп сөз болууда. Өткөндө келип кеткен Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы тармактынкаржылык абалы жалпы программанын аткарылышын жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрдүн катарына киргизилгенин маалымдаган болчу. Эми бул маселе атайын Коопсуздук Кеңешинде каралып отурат.

- Электр энергиясы боюнча түзүлгөн кырдаал бир топ тынчсыздандырууда. Сиздер өзүңүздөр ачык жана даана көрдүңүздөр, бир аз болсо эле бул тармак коллапс - банкрот болоор чекке жакын калдык, – деди Коопсуздук Кеңешинин дүйшөмбү күнү болуп өткөн отурумун жыйынтыктап жатып президент Аскар Акаев.

Өткөн жылы Кыргызстанда электр энергиясы 1,7 млрд. квт. саатка аз өндүрүлгөн. Анын экспорту 2 эсе кыскарган. Дебитордук карыз бир жылда 600 млн. сомго өсүп, быйылкы жылдын башында 2 млрд. сомго чамалап барды. Электр энергиясынын жоготуулары көбөйүп кетти. Жогорку чыңалуудагы линияларда алардын жоготуулары норма боюнча 8,2% түзүш керек болсо, ал иш жүзүндө 10% жетти. Ал эми бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын жоготуулары болсо нормадагы 22% ордуна 36% түздү.

Жоготуулар өзгөчө «Түндүкэлектродо» көп, аныкы 45% түзөт. Энергияны сатуудан акча жакшы түшпөгөндүктөн «Электр станциялары» жана «Улуттук электр тармак» акционердик коомдору жумушчуларына өз убагында маяна бере албай жатышат. Алар алган кредиттерин да жакшы кайтара албай жатышат деген да сөз бар. «Ошэлектро» жана «Түндүкэлектро» бөлүштүрүүчү компаниялары өткөн жылды чыгаша менен аякташты.

Электр энергиясын уурдоо, Коопсуздук Кеңешинин отурумунда, тармакты ушундай абалга алып келген негизги себептердин бири катары аталды.

- Пайдаланылган электр энергиясынын жарымына гана кагаз жазылат. Жарым акчасы бөлүштүрүүчү компаниялардын коррупцияланган кызматкерлеринин чөнтөгүнө түшөт, - деди Аскар Акаев.

Абалдан чыгуунун эки жолу бар. Биринчиси – мурдагыдай эле тарифти көтөрүү.

- Кааласаңар жеңил жолго салып тарифти көтөргүлө. Бирок анда социалдык жарылуу болот, – деди мамлекет башчысы.

Президент Коопсуздук Кеңешинин жыйынында тарифти көтөрбөй, электр энергиясынын жоготууларын азайтууну, аны уурдоону тыюуну, чогулбай жаткан акчаны толук чогултууну, экспорттун башка каналдарын табуу жолу менен тармактын каржылык абалын оңдоону тиешелүү органдардан талап кылды. Анын айтымында Эл аралык Валюта Фонду да Кыргызстандагы абалды түшүнүп, тарифти көтөрүүнү сураган эмес. Ал «эмне кылсаңар да өзүңөр билгиле, бирок 3 жыл ичинде тармактагы квазифискалдык дефицитти азыркы 13,5%тен 5,8%ке чейин төмөндөткүлө» деп жатат. Өлкө башчысы ал үчүн тармакты менчиктештирүүнү тездетүү зарыл экенин белгиледи. Мындан 2 жыл мурда тармак мамлекеттен ажыратылып, мурдагы бирдиктүү «Кыргызэнерго» акционердик коомунун ордуна 7 акционердик коом түзүлгөн болчу. Эми бөлүштүрүүчү компанияларды стратегиялык инвесторлорго сатуу маселеси турат. Мамлекет башчысы менчиктештирүүнү «Түндүкэлектродон» баштоо тууралуу көрсөтмө берди. Анын мамлекетке тиешелүү акциялар пакети сатыкка чыгарылат. Эгер ылайыктуу кардар чыкпаса, ал концессияга берилиши мүмкүн.

Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда ишкерликти өнүктүрүү жана айыл жерлерин жана алыскы райондорду телефондоштуруу маселелери каралды.

Шейшемби күнкү өкмөт жыйыны анын мурунку күнү болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны жөнүндөгү премьер-министрдин пикири менен башталды.

- Кечээ биз жылуулукту кантип үнөмдөө, инновациялык технологияны кантип жайылтуу жана башкалар тууралуу Матеевдин «акысыз» кеӈештерин уктук. Алардын баары өкмөттүн токтомдорунда чагылдырылган болчу. Айрым жетекчилер өкмөттүн маанилүү токтомдорун билишпейби деген ойго келесиӈ. Ошондуктан «Энергосекторду стабилдештирүү боюнча иш-чаралар» деген, өткөн жылдын августунда кабыл алынган өкмөттүн токтомунун аткарылышын текшергиле деп тапшырма бердим. Ошого жараша жыйынтык чыгарабыз. Ал жерден эч ким «акысыз» кеӈеш айтып кутулуп кете албайт, - деди өз министрин сындаган Николай Танаев.

Андан ары өкмөт башчысы энергетика темасын улантты:

- Биздин электр энергиябыздын Казакстанга да, Өзбекстанга да кереги жок. Алар жетиштүү көлөмдө суу топтоп алышты. Алар ашып кетсе 500 млн. квт. саат электр энергиясын алышат. Биз дайыма кыштан электр энергиясынын экспортунун жардамы менен чыкчубуз. Быйыл кыйыныраак болот.

Андан кийин өкмөт мүчөлөрү күн тартибиндеги биринчи маселе - « Ишкерликти өнүктүрүү боюнча 2001-2003 жылдарга эсептелген программанын» аткарылышын кароого өтүштү. Бул маселе боюнча доклад жасаган Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камила Кененбаева аталган программада анын аткарылышы боюнча 3 критерий коюлганын, ал критерийлердин экөөсү аткарылганын, бирөөсү аткаруу алдында тургандыгын маалымдады:

- Программанын мөөнөтү азыр бүтө элек. Аны 2 параметр боюнча аткардык. Чакан жана орто ишканалардын саны 200 миӈ болуш керек болчу. Азыр ал 215 миӈге жетти. Экинчи параметр – чакан жана орто бизнесте иштеген адамдардын саны жалпы иштегендердин 60% түзүш керек болчу. 2003-жылдын 1-январында ал андан ашты. Биз программаны бир көрсөткүч боюнча аткара элекпиз. «Чакан жана орто бизнес ички дүӈ продуктунун 45% берет» деп жазылган жери бар. Биз аны азыр 44,3% жеткирдик. Программанын мөөнөтү бүткөнчө аны да аткарабыз.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр программада белгиленген иш-чаралар ийгиликтүү аткарылып жатканы менен чакан жана орто бизнес көмүскөдөн чыга албай жаткандыгын, алардын өкүлдөрү дагы эле салык төлөбөй жүрүшкөнүн белгилешти.

Жыйында айыл жерлеринде жана алыскы райондордо телекоммуникацияны өнүктүрүү маселеси да каралды. Бул боюнча доклад жасаган вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев мурда Советтер Союзунун учурунда айылдарды ирилештирүү саясаты жүрүп, «айрым айылдар келечексиз» деп телефон түйүндөрү коюлбагандыгын, азыр айыл чарбасы дыйкан чарбаларына өтүп, тескерисинче, айылдар майдаланып жаткан кезде алар заманга жараша телефондорго муктаж болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында Кыргызстанда 1801 айыл болсо, анын 543 үндө телефон таптакыр жок. 200 айылдын тургундары Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпайт. Айыл жеринде телефон байланышы өзүн-өзү актабагандыктан ага «Кыргызтелеком» дотация берип келген. Эми «Кыргызтелеком» менчиктештирилгени жатат. Ошого байланыштуу айылдар телефон байланышы жок калышы мүмкүн. Андыктан Кубанычбек Жумалиев Электр байланыштарын өнүктүрүү боюнча фонд түзүүнү сунуш кылды. Өкмөт мүчөлөрү бул сунушту колдоп, тиешелүү токтом кабыл алышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG