Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:55

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда ишкерликти өнүктүрүү жана айыл жерлерин жана алыскы райондорду телефондоштуруу маселелери каралды.

Шейшемби күнкү өкмөт жыйыны анын мурунку күнү болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйыны жөнүндөгү премьер-министрдин пикири менен башталды.

- Кечээ биз жылуулукту кантип үнөмдөө, инновациялык технологияны кантип жайылтуу жана башкалар тууралуу Матеевдин «акысыз» кеӈештерин уктук. Алардын баары өкмөттүн токтомдорунда чагылдырылган болчу. Айрым жетекчилер өкмөттүн маанилүү токтомдорун билишпейби деген ойго келесиӈ. Ошондуктан «Энергосекторду стабилдештирүү боюнча иш-чаралар» деген, өткөн жылдын августунда кабыл алынган өкмөттүн токтомунун аткарылышын текшергиле деп тапшырма бердим. Ошого жараша жыйынтык чыгарабыз. Ал жерден эч ким «акысыз» кеӈеш айтып кутулуп кете албайт, - деди өз министрин сындаган Николай Танаев.

Андан ары өкмөт башчысы энергетика темасын улантты:

- Биздин электр энергиябыздын Казакстанга да, Өзбекстанга да кереги жок. Алар жетиштүү көлөмдө суу топтоп алышты. Алар ашып кетсе 500 млн. квт. саат электр энергиясын алышат. Биз дайыма кыштан электр энергиясынын экспортунун жардамы менен чыкчубуз. Быйыл кыйыныраак болот.

Андан кийин өкмөт мүчөлөрү күн тартибиндеги биринчи маселе - « Ишкерликти өнүктүрүү боюнча 2001-2003 жылдарга эсептелген программанын» аткарылышын кароого өтүштү. Бул маселе боюнча доклад жасаган Чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы Камила Кененбаева аталган программада анын аткарылышы боюнча 3 критерий коюлганын, ал критерийлердин экөөсү аткарылганын, бирөөсү аткаруу алдында тургандыгын маалымдады:

- Программанын мөөнөтү азыр бүтө элек. Аны 2 параметр боюнча аткардык. Чакан жана орто ишканалардын саны 200 миӈ болуш керек болчу. Азыр ал 215 миӈге жетти. Экинчи параметр – чакан жана орто бизнесте иштеген адамдардын саны жалпы иштегендердин 60% түзүш керек болчу. 2003-жылдын 1-январында ал андан ашты. Биз программаны бир көрсөткүч боюнча аткара элекпиз. «Чакан жана орто бизнес ички дүӈ продуктунун 45% берет» деп жазылган жери бар. Биз аны азыр 44,3% жеткирдик. Программанын мөөнөтү бүткөнчө аны да аткарабыз.

Жыйында чыгып сүйлөгөндөр программада белгиленген иш-чаралар ийгиликтүү аткарылып жатканы менен чакан жана орто бизнес көмүскөдөн чыга албай жаткандыгын, алардын өкүлдөрү дагы эле салык төлөбөй жүрүшкөнүн белгилешти.

Жыйында айыл жерлеринде жана алыскы райондордо телекоммуникацияны өнүктүрүү маселеси да каралды. Бул боюнча доклад жасаган вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев мурда Советтер Союзунун учурунда айылдарды ирилештирүү саясаты жүрүп, «айрым айылдар келечексиз» деп телефон түйүндөрү коюлбагандыгын, азыр айыл чарбасы дыйкан чарбаларына өтүп, тескерисинче, айылдар майдаланып жаткан кезде алар заманга жараша телефондорго муктаж болуп жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында Кыргызстанда 1801 айыл болсо, анын 543 үндө телефон таптакыр жок. 200 айылдын тургундары Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрө алышпайт. Айыл жеринде телефон байланышы өзүн-өзү актабагандыктан ага «Кыргызтелеком» дотация берип келген. Эми «Кыргызтелеком» менчиктештирилгени жатат. Ошого байланыштуу айылдар телефон байланышы жок калышы мүмкүн. Андыктан Кубанычбек Жумалиев Электр байланыштарын өнүктүрүү боюнча фонд түзүүнү сунуш кылды. Өкмөт мүчөлөрү бул сунушту колдоп, тиешелүү токтом кабыл алышты.

Сапар Орозбаков, Бишкек Премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөттүк делегация 26-29-мартта Украинада болду. Делегация Украина өкмөтү менен эки өлкөнүн кызматташуусун өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Киевден кайтып келгенден кийин Николай Танаев «Азаттыктын» кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

- Урматтуу премьер-министр! Сиз Украинага барып келдиӈиз. КМШнын алкагын эске албаганда, Украина менен мындай эки тараптуу жолугушуу көптөн бери боло элек эле. Украинада маанилүү маселе боюнча сүйлөшүү болдубу?

Н. Танаев: - Украина менен акыркы 5 жылда бир да өкмөт аралык комиссия болгон эмес. Биз ал жакка барганыбызда Украина-Кыргызстан өкмөт аралык кызматташуу боюнча комиссиянын отуруму болду. Соода-экономикалык эмес, кызматташуу маселери боюнча комиссиянын. Биз комиссиянын алкагын кеӈейтип өткөрдүк. Анда кызматташуунун ар кандай маселелери каралды. Бул - соода, өнөр-жай энергетика, саламаттык сактоо, маданият жана аскер-техника жаатында кызматташуу боюнча маселелер. Украинада 3 келишимге кол коюлду. Алардын ичинен эӈ негизгиси –1992-1993-жылдардагы товар алмашуу боюнча өз ара эсептешүүнү жөнгө салуу маселеси. Буга чейин Украина тарап бул маселени кароого макул болбой келген. Биз аны карайлы деп жатып, ал маселени кароого жетиштик. Украина карызды кайрып берүү тууралуу чечимге келди. Ал акча менен болбойт ко. Биз 1 айдын ичинде украин тарапка өз сунушубузду жөнөтүшүбүз керек. Андан кийин Украина өзүнүн ичиндеги тартипке ылайык бул маселени чечет да, карыздар кайтарыла баштайт. Алар кызмат көрсөтүү түрүндө, ар кандай материалдар, жарак-жабдыктар менен кайтарылып берилиши мүмкүн. Биз карызды кайтарып алабыз. Ал – 28 млн. долларга жакын – 1 млрд сомдон ашык акча.

Биз Украинада дагы бир маселени чечтик. Ал - Майлуусуу электролампа заводунун продукциясына киргизилген демпингге каршы териштирүүнү алып салуу маселеси.


- Мен карызды кайтаруу маселесин тактап алайын дедим эле. Биздин билишибизче, Украина карызды кайтарып бериши үчүн аны өзүнүн бюджетине киргизиши керек болчу. Ал бюджеттке кирген эмес. Эми кандай болот? Карыздар быйылтан тартып кайтарыла баштайбы?

Н.Танаев: - Быйылтан тартып. Кантип кайтарып берери алардын өздөрүнүн иши. Быйылтан тартып кайтара башташат.

- Дагы кандай маселер каралды. Мен Украина Кыргызстанга минералдык жер семирткич берет экен деп уктум эле.

Н.Танаев: - Мен алар жөнүндө айтканым жок. Анткени алар 5 барактан турган бир пакет документ. Анда минералдык жер семирткич жөнүндө да , башка маселелер жөнүндө да бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG