Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

Шайлоо: Бишкекте ат салышкан алты партиянын бешөө өттү


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ат салышкан 6 партиянын бешөө 5% босого чектен өттү.

Шайлоого катышкандардын 100% добушу эсептелип бүттү. Анын жыйынтыгына ылайык, эң көп “Жаңы күч” партиясы 36 095 (29.37%), андан кийин “Эмгек” партиясы 26 938 (21.92%), “Адилет” партиясы 18 556 (15.10%), “Ынтымак” партиясы 17 236 (14.02%), “Эл үмүтү” 13 588 (11.06%) алды.

“Улуу-журт” партиясы 1 645 (1.34%) добуш алып, босого чектен өтпөй калды. Баарына каршы 8 812 (7.17%) киши добуш берген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 150 931 киши шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 27,83% түзөт.

Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 844 (24,25%), айылдык кеңештерге 758 087 (30,15%) киши добуш берди.

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталды. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.

Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG