Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:31

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Каржы министрлигинин божомолуна караганда Ирактагы согуш тез аяктай турган болсо, ал Кыргызстандын экономикасына көп деле таасир бербейт. Эгерде согуш узакка созулуп кетсе, анда ал экономикага бир топ зыян болушу мүмкүн. Биринчи кезекте тыштан келип жаткан жардам азаят.

Ирактагы согуштун Кыргызстандын экономикасына тийгизээр таасири согуштун узактыгына жараша болот. Ошого байланыштуу Каржы министрлиги 2 сценарий түзүп, ал боюнча Кыргызстандын экономикасында болчу өзгөрүүлөргө божомол жасап чыккан.

- Бардык эксперттер 2 сценарий менен божомол жүргүзүп жатышат, - деди финансы министринин орун басары Сабырбек Молдокулов. - Биринчи сценарий – согуш бир нече жуманын ичинде бүтөт. Экинчиси – согуш айлап-жылдап созулуп кетет. Биз да ушул 2 сценарий менен божомол кылып жатабыз. Эгерде согуш бат бүтсө, анда анын биздин экономикага таасири болбойт деп ойлойбуз. Анткени биздин Ирак менен байланышыбыз деле жок. Мунайдын дүйнөлүк баасы өскөн жок, тескерисинче төмөндөп жатат. Биз мунай импорттогон өлкө болгон соң анын арзан болушу биздин экономикага жакшы.

Анын айтымында Ирак менен чектеш Иран, Иордания, Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы жана Түркия менен Кыргызстандын соода байланыштары тыгыз. Алардын биздин жалпы экспорттогу үлүшү 18,6% жетет. Бирок анын көпчүлүгүн Араб Эмираттары сатып алып жаткан алтын түзөт. Алтындын баасы согуш учурунда өсөт. Андыктан Финмин Ирактагы согуш, эгерде ал тез бүтө турган болсо, көп деле зыян тийгизбейт деп эсептейт.

Доллардын курсунун төмөндөшү болсо Каржы министрлиги менен Улуттук Банктын кызматкерлеринин ою боюнча убактылуу көрүнүш. Улуттук Банктын валюта боюнча башкармалыгынын башчысы Анжелика Линин айтуусу боюнча доллардын 17-18-март күндөрү түшүп кетиши кызыл кулактык аракеттерге байланыштуу болгон. Анын үстүнө биздин коммерциялык банктардын валюта корлору тең салмакта болгон эмес. Сабырбек Молдокулов да, Анжелика Ли да валюта курсу кыска мөөнөттөгү аралыкта Кыргызстандын экономикасына залака тийгизбесин айтышат.

Ал эми экинчи сценарий боюнча – же согуш айлап-жылдап созулуп кете турган болсо - Кыргызстандын экономикасы бир топ зыянга учурашы мумкүн. Бирок аны так айтууга мүмкүн эмес. Каржы министрлиги согуш көпкө созулуп кете турган болсо мунайдын дүйнөлүк баасы өсөт жана доллардын, алар менен бирге Европа өлкөлөрүнүн валюта курстары төмөндөйт деп болжолдойт. Мунай баасынын жогорулашы Кыргызстан үчүн албетте жаман. Ал соода балансын начарлатып гана тим болбостон, инфляциянын өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Быйылкы жылдын план-божомолу боюнча инфляция 4% ашпаш керек болчу. Финминдин эксперттери согуш узакка созулса, ал 7-8% чыгып кетет деп болжолдошот.

Ал эми доллардын курсунун төмөндөшү Финминдин эксперттеринин эсебинде жакшы. Анткени бул Кыргызстандын Орусия, Кытай, Казакстан өңдүү соода өнөктөштөрүнүн валюта курстарынын өсүшүнө алып келет, ал болсо өз кезегинде Кыргызстандын экспортун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Согуш учурунда байлыкты сактоонун ишенимдүү каражаты - алтын. Азыр алтындын дүйнөлүк баасы 1 унция үчүн 340 доллардын тегерегинде. Согуш жакында бүтпөсө ал дагы өсөт. Кыргызстандын экспорту көбөйөт. Бул бизге кошумча акча. Бирок жалпысынан алганда Ирактагы согуштан Кыргызстан утпайт. Анткени анда тыштан келчү жардам азаят. Биринчи кезекте АКШнын жардамы азаят.

- Эсиңиздерде болсо керек, азиялык экономикалык кризистин таасири бизге Орусия аркылуу келип тийбеди беле. Эгерде согуш созулуп кетсе, ошондой болуп чоң өлкөлөр аркылуу таасир бериши мүмкүн, - дейт Сабырбек Молдокулов.

Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, премьер-министр Николай Танаев өткөн жуманын акырында өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, Ирактагы согуштун залакасын азайтуу максатында мунайдын баасына жана доллар курсуна көз салып тургула деп тиешелүү органдарга тапшырма берген.

Сапар Орозбаков, Бишкек 24-мартта өкмөт бензинге жана дизель майына акциздик салыктын өлчөмүн азайтуу тууралуу токтом кабыл алды. Бүгүн өлкөгө нефти продукциясын ташып келип саткан компаниялардын өкүлдөрү буга байланыштуу «АКИ-пресс» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, өкмөттүн чечимин аткезчиликке урулган сокку катары баалашты. Алардын айтымында, эми бензиндин дүң баасы 9 сом, дизель майыныкы болсо 8 сом 50 тыйын болуп, май куюучу жайларда 1 сом-1 сом 50 тыйын кошулуп сатылат.

Өкмөт өзүнүн кечээ чыгарган токтому менен бензиндин акциздик салыгынын өлчөмүн тоннасына 3000 сомдон 1500 сомго, дизель майыныкын болсо 800 сомдон 500 сомго төмөндөттү. Бул токтом 4-апрелден баштап күчүнө кирет.

- Бул биздин жаш мамлекетибизде ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган токтомдордун чечүүчүлөрүнүн бири. Ал күйүүчү май рыногунда кескин бурулуш жасоого мүмкүнчүлүк берет деп эсептейм, – деди «Альянс» нефти компаниясынын өкүлү Өмүрбек Бапанов.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, мунай продукциясын ташып келип саткандар мунай заттарына акциздик салыкты азайтуу маселесин 2 жылдан бери коюп келет. «Биздин акциздик салык кошуна өлкөлөрдүкүнө караганда 2 эсе жогору» дейт ал. Ошондуктан базар аткезчилик жолу менен канистралап ташылып келинген бензинге толуп кеткен. Аткезчилик керектөөчүлөрдү арзан бензинге карк кылганы менен, О. Забаранын айтымында, бул нефти өндүрүүчүлөргө да, нефти сатуучуларга да, мамлекетке да эбегейсиз зыян келтирип жатат. Өкмөттөн алынган маалыматтарга караганда, аткезчиликтин айынан өлкөдө бензин өндүрүү 72 миң тоннадан 48 миң тоннага чейин азайып кетти. Бензиндин импорту болсо 185 миң тоннадан 145 миң тоннага түштү. Мурда акциз салыгынан бюджетке 415 млн. сом түшүп турган болсо, өткөн жылы болгону 265 млн. сом түштү. Мунай ташып келүүчүлөрдун маалыматы боюнча 1996-жылдан бери бюджет жалаң гана акциз салыгынан 807 млн. сом жоготууга учураган.

Мунай ташып келип сатуучулар, канистра менен сатылып жаткан бензин мыйзамдуу түрдө эле эркин экономикалык зоналар аркылуу келип жаткан бензиндин жанында шоона эшпей тургандыгын айтышат. Эркин экономикалык зоналарда катталган ишканалар кошумча нарк салыгынан жана акцизден бошотулгандыктан, алардын бензининин баасы 7 сом 60 тыйын болуп чыгат экен. Алардын бензини «канистрачылардыкынан» да арзан. Мыйзамдуу түрдө келген бензиндин көпчүлүгү ошолордуку. Мисалы «Каракол» эркин экономикалык зонасына түшүп, бүткүл өлкөгө таркатылып жаткан бензиндин импорту жалпы импорттун 80% жетет.

Нефтетрейдерлер «Эркин экономикалык зона жөнүндөгү» мыйзамда такталбаган жоболордун бар экендигин, мыйзам эч нерсе өндүрбөй бензин алып-сатып пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтышат. Өкмөт бул маселени депутаттар чечкенге чейин эркин экономикалык зоналар аркылуу бензиндин импортуна убактылуу тыюу салып туруу боюнча милдеттенме алган.

«Акциздик салык азайтылгандан кийин бензин менен дизель майынын баасы канча болот?»- деген суроогоӨмүрбек Бапанов мындайча жооп узатты:

- Токтом 4-апрелде күчүнө кирсе, 15-20-апрелде бензиндин дүң баасы 9 сом, дизель майынын дүң баасы 8 сом 50 тыйын болуп калат деп ойлойбуз. Бул баа менен мунай базалардан дыйкан чарбалары сатып ала алышат. Май куюучу жайларда болсо анын баасы 1 сом - 1,5 сом өйдө болот.

Бапанов контабанда 80% азаярын белгилейт.

Өкмөт акциздик салыктын төмөндөшү андан бюджетке түшчү акчанын көлөмүн 229 млн. сомго азайтат деп эсептейт. Ошондуктан нефтетрейдерлер да ал акчанын ордун толтуруп берүүгө өкмөт алдында милдеттенме алышты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG