Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Грузин оппозициясы Тбилисиде жолду тороп, чатырларды тигүүдө


Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чатырларды тигип жатат. Тбилиси, 17-ноябрь, 2024-жыл
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чатырларды тигип жатат. Тбилиси, 17-ноябрь, 2024-жыл

Грузияда “Өзгөрүүлөр үчүн коалиция” тобу Тбилисидеги Мамлекеттик университеттин жанындагы жолдорду тороп, чатырларды тикти. Алар 24 сааттык "баш ийбөө акциясына" кошулууга чакырды. Оппозициянын жаңы планы тууралуу коалициянын лидерлеринин бири Ника Гварамия билдирди. Иш-чарага “Биримдик-Улуттук кыймыл” деген партия кошулду.

SOVA кабарлар порталы маалымдагандай, Гварамия конкреттүү чараларга өтүү – «туш тараптагы жолдорду тосмолоп”, кайра шайлоо дайындалмайынча, мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштоо зарылдыгын белгиледи. Саясатчы Грузиянын Европага багыт алуусу үчүн оппозиция жана тарапкерлери кан жолдорду ээлей турганын айтты. Ал “камоолордон, сууктан жана орус режиминен коркпогондорду” акцияга кошулууга үндөдү.

«Эхо Кавказа» сайты борбор шаардагы бир нече жерде чатырлар тигилип жатканын жазды.

“Өзгөрүүлөр үчүн коалициясынын” лидери Элене Хоштария саясатчылар иш-аракеттердин планы менен тааныштырып турарын билдирди.

Тбилисидеги Руставели аянтында «Добушумду кайтаргыла!» деген акция өтүп жатат. Анын алдында бир нече жогорку окуу жайдын атынан жасалган кайрылууда студенттер өз добуштары үчүн күрөшөрү айтылат.

16-ноябрда Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 26-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктоочу протоколун бекиткен. Эсептер бийликтеги орусиячыл «Грузин кыялы» партиясынын жеңишин бышыктады. Оппозиция жана президент шайлоону тааныган эмес. Алардын пикиринде, добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, Орусиянын кийлигишүүсү менен өткөн.

Мандат алган оппозициялык партиялар дагы добуш берүүнүн жыйынтыгына макул эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG