Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:35

Экономика

Дүйнөлүк Соода Уюмунун Мексиканын Канкун шаарындагы жыйыны ийгиликсиз аяктаганы үчүн, анын катышуучалары жаат-жаатка бөлүнүп, каршы тараптарын күнөөлөшүүдө. Жыйын беш күнгө созулган сүйлөшүүдөн кийин бай жана жарды өлкөлөр арасындагы чет элдик инвестицияны коргоо, бирдиктүү атаандаштык жана соода эрежеси боюнча чыккан талаштан улам токтотулган эле.

Министрлер деңгээлиндеги Канкундагы жыйын башталардан бир нече күн мурда өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн өнүккөн өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктерин пайдалануу боюнча эки жак бир мунаса келген болчу. Ошондуктан, Мексикадагы кездешүүдө бай жана жарды өлкөлөр чырлашпастан бир бүтүмгө барышат деген үмүт бар эле.

Жыйындын бешинчи күнү ийгиликсиз токтотулушуна, бир жактан, Евробиримдик жана АКШ баштаган байдөөлөт өлкөлөрдүн чет элдик капиталды коргоонун жалпы эрежесин киргизүү жана мамлекеттер аралык сооданы либералдаштыруу жөнүндөгү Сингапур келишиминин шартын аткаруу талабы; экинчи жактан, Индия, Кытай, Бразилия жетектеген өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн бай мамлекеттердин айыл чарба секторун жөлөп-тайоону токтотууну талап кылуусу негиз болду.

Жарды өлкөлөрдүн айтымында, субсидия өнүккөн өлкөлөрдүн фермерлерине жарды жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн базарын арзан товарга толтуруусуна шарт түзүп, адилет атаандаштыкка жол бербейт; андан көп улуттуу компаниялар гана ныпа көрөт.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин маалымдашынча, байдөөлөт өлкөлөрдүн фермерлери жылына өз өкмөттөрүн 300 миллиард доллар субсидия алышат.

Антиглобалчылар сүйлөшүүнүн ойрон болушун чоң кубаныч менен тосуп алышты.

Кошмо Штаттарынын соода өкүлү Роберт Зоелик Канкунда сөз көп болуп, тараптар бири-бирин укпады деген пикирин айтат:

- Менин оюмча, биздин жаакташуубузга бир катар өлкөлөрдүн эч нерсе бербестен туруп, баарын алсак деген жүрүм-туруму себеп болду. Алардын өз сунушун айтып коюп, анда бекем туруусу эми келип, аларды ачуу чындыктын алдына койду жана мындай стратегия аларды үйлөрүнө куру кол кайтарды.

“Файненшл Таймс” гезитинин жазышынча, Вашингтонду Африканын төрт жарды өлкөсүнүн АКШ өз товарын өткөрүү үчүн жылына америкалык пахта өндүрүүчүлөргө 3, 3 миллиард доллар субсидия берет деген жалаасы да катуу кыжырданткан.

Өнүгүп бараткан өлкөлөр биз Конкондо аз да болсо өз кызыкчылыгыбызды коргой алдык дешет. Аны кой, бакубат мамлекеттер алдында өз таламын жактоо үчүн 20дан көп өлкө жарды жана өнүгүп бараткан 21 өлкөнүн тобуна окшогон дагы бир топко биригишти.

Бразилиянын тышкы иштер министри Селсо Аморим биз-өнүгүп бараткан өлкөлөр саясый ураандын астында эмес, конкреттүү маселе боюнча бириге алдык дейт:

- Менин баамдашымча, биз, өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн бир тобу саясый чакырыктын астына эмес, конкреттүү маселе-айыл чарбасын реформалоо боюнча өз платформабызды сунуш кыла алдык. Бул өтө маанилүү жана чечилбеген иш. Мен Дүйнөлүк Соода Уюму бул үлкөн ишти али баштай элек жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн муктаждыгы менен өзгөчөлүгүн эске алат деп айтаар элем.

Канкун жолугушуусунун ийгиликсиз аякташы өтө жарды өлкөлөрө жашаган 150 миллионго жакын адамдын оорчулугун жеңилдетүү боюнча эки жыл мурда Дүйнөлүк Соода Уюмунун Дохада өткөн жыйында жетишилген келишимдин аткарылышына жолтоо болушу мүмкүн.

Мексикадагы сүйлөшүүдө жарды же түштүк өлкөлөрүнүн үнү ишенимдүү угулганына “Оксфам” соопкерчилик уюмунун өкүлү Эми Барри айым сүйүнө мындай дейт:

- Бул жерде белгилей кетчү оң көрүнүштөр да бар. Атап айтканда, “түштүктүктөрдүн үнү” угулуп, бай мамлекеттерди этияттантты. Бирок, алар өздөрүнө зыяндуу ишке жол беришпегени менен жакшы бир нерсеге жетишпеди. Өнүгүп жолундагы өлкөлөрдүн үнү угулганы кубанычтуу болсо да, сүйлөшүүнүн ийгиликсиз аяктаганын майрамдоонун да кереги жок.

Ал эми Дүйнөлүк Соода Уюмунун башкы директору Супачай Паничпакди Женевада уланчу сүйлөшүүдө эл аралык уюмга мүчө 146 өлкөнүн соода өкүлдөрү Канкунда аягына чыкпаган маселелер боюнча жалпы бир пикирге келишет деген ишенимде.

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кетип, мамлекеттик инвестициялардын азайып жатканына байланыштуу Кыргызстан өзүнүн мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн анын ордун түз инвестиция менен толтурууга тийиш. Ошондуктан жалпы коомчулукка «инвестициялык матрица» деген ат менен белгилүү болгон, чет өлкөлүк инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө багытталган программа артыкчылыктуу деп жарыяланган. Быйыл III инвестициялык матрицаны ишке ашыруу аяктап жатат. Өкмөт шаршемби күнү кезектеги IV инвестициялык матрицаны ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Шаршемби күнү өкмөт IV инвестициялык матрицаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Буга байланыштуу өткөрүлгөн кеңешмеде өкмөт башчысы Николай Танаев келерки жылы түз инвестициялардын көлөмүн кескин арбытуу зарыл экендигин белгиледи.

- Быйыл биринчи жарым жылдыкта түз инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп болду. 43,3 млн. доллар тартылды. Бирок бул абдан аз. “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” программасына жана Жакырчылыкты азайтуунун улуттук стратегиясына ылайык биз мамлекеттик инвестицияларды 3% чейин азайтышыбыз керек. Бул болсо, биз инфраструктураны жоготуп албашыбыз керек, экономика өсүп, социалдык проблемаларды чечиш үчүн түз инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүшүбүз зарыл дегенди билдирет. Биз чет өлкөлүк түз инвестицияларды ички дүң продуктунун 30% жеткидей тартышыбыз керек. Биздин алдыбызга коюлган чек ушу, - деди Николай Танаев.

IV инвестициялык матрицанын негизин июль айында Чолпоната шаарында болуп өткөн III инвестициялык саммитте айтылган ой-пикирлер түзөт. Чет өлкөлүк донорлордун өкүлдөрүнүн, өкмөт мүчөлөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин саммитте айтылган конкреттүү сунуштарын Чет өлкөлүк ивестицияларды тартуу боюнча катчылык иретке салган. Иш-чаралардын мазмуну, аткаруучулары жана мөөнөтү так көрсөтүлгөн атайын программа иштелип чыккан. Программага III матрицага киргизилип, бирок аткарылбай калган иш-чаралар да кошулду. Ал программаны президент 3-сентябрдагы жардыгы менен бекиткен болчу. Анын мазмуну тууралуу Жоомарт Оторбаев бизге буларды айтты:

- Ишканаларга жана ишкерлерге мамлекеттин кийлигишүүсү аз болушу керек. Лицензияларды, уруксат кагаздарын жана сертификаттарды азайтуу зарыл. Эркин экономика курушубуз керек. IV матрицанын көпчүлүк пункттарынын негизинде ушул идея жатат. Бүгүн биз ар бир министрликке жана ведомствого конкреттүү план бердик.

Кийинки 3 жыл ичинде 3 матрица кабыл алынган. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана депутаттар «матрица деп көп айтканыңар менен инвестиция көбөйгөн жок» деп сындап келишет. Өкмөт башчысы шаршемби күнкү кеңешмеде бул сынды четке каккандай сөз айтты.

- Биз акырындап отуруп ушу күнгө жеттик. Чынын айтсам тиги же бул тармакка инвестиция салуу тууралуу көп сунуштар түшүп жатат. Тоо-кен өнөр жайына көп сунуш түшүп жатат. Энергетикага да көп сунуш түштү. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына да сунуштар бар. Бул инвестициялардын келишине жагымдуу шарт түзүү боюнча министрликтердин ишинин жыйынтыгы болуп эсептелет, - деди Николай Танаев. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга көп инвестиция салган өлкөлөр туурасында буларды айтып өттү:

- Мисалы, былтыр биринчи орунга Америка Кошмо Штаттары, экинчи орунга Орусия Федерациясы, үчүнчү орунга Түркия чыкты. Бул жерде айта кетчү бир нерсе - былтыр КМШ мамлекеттеринен келген түз инвестициялар 4 эсе көбөйдү. Анын көпчүлүгүн Орусия менен Казакстандын инвестициялары түзөт. Быйылкы жылдын 6 айынын ичинде Орусиянын инвестициялары 60% өстү. КМШ өлкөлөрү биздин экономикага көбүрөөк көңүл бура башташты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG