Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Экономика

Sorry! No content for 1 Сентябрь. See content from before

ишемби 30 Август 2003

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы 9 финансы-кредиттик уюм биригип, Кредит маалымат бюросун ачышты. Кредиттик маалымат бюро банктардан жана башка кредит берүүчү мекемелерден кредит алып, кайра кайрып бербеген ишканалар жана адамдар жөнүндө маалымат чогултуп, аны керек мекемелерге берип турмакчы.

«Азия банкы», «Демир банк», «Энергобанк», «Кыргызинвесткредитбанк», «Инэксимбанк», «Бай-түшүм» финансылык фонду, «Ай-кен» микрокредит берүү агенттиги, «Финка» компаниясы жана Европа банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биригип Кредит маалымат бюро ассоциация түзүштү. Ал уюм эмне иш аткарарын анын аткаруучу директору Акжолтой Элебесова бизге мындайча түшүндүрдү.

- «Негативдүү кредит алуучу» деген түшүнүк бар. Алар кредит алып, өз милдеттенмелерин убагында аткарбаган юридикалык жана физикалык жактар - проценттик ставкаларын же негизги сумманы төлөбөгөндөр. Биздин бюрону түзүүчү банктар жана компниялар бизге алар жөнүндө маалымат берип турушат. Биз алардын негизинде маалыматтардын базасын түзөбүз. Кредит берип жаткан мекемелер бизге кайрылышат, «баланча ишкана же адам жөнүндө силерде маалымат барбы, ал мурда акча алганбы, алса, канча алып, эмне үчүн төлөбөй койгон» деп. Биз маалымат базасынан карап көрүп, андай маалымат болсо, берип турабыз, - дейт Акжолтой Элебесова.

Анын айтымында, Улуттук банктын нормативдик материалдарында «негативдүү кредит алуучунун» толук аныктамасы бар. Республиканын баш банкы «негативдүү кредит алуучу» деп акчаны кайрып берүү мөөнөтүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 30 күн ашырып жиберген кредит алуучуну эсептейт. Алар ишенимден чыккан ишкана же адам катары саналып, аларга банктар жана фондор дагы кредит берерде ойлонуп көрүүлөрү керек.

Акжолтой Элебесованын ырасташынча, байманалуу Батыш өлкөлөрүндө мындай мекемелер көп. Алар банктардын кредит тобокелчилигин азайтып, банк системасынын туруктуу иштешине жардам берет. КМШ өлкөлөрүнүн эч биринде Кредит бюролору азырынча түзүлө элек. Орусия, Казакстан, Украина жана Белорусия эми гана аны түзүүгө кам көрүп жатышат. Бизде болсо ал 1998-жылы Улуттук банктын алдында түзүлгөн болчу. Бирок анын иши жакшы жүргөн эмес.

- «Улуттук банк ал маалыматтарды алып алып бизге кысым жасайт, чара көрөт» деп банктар кредиттик бюрого маалымат беришпей коюшкан. Мен банктардын жетекчилери менен сүйлөшсөм, ала «биз канча кайрылсак да, бизге керектүү маалыматтарды таап бере албай коюшту» дешти. Ошондуктан банктар демилге көтөрүп көз карандысыз кредиттик бюро түзүштү, - дейт Акжолтой Элебесова.

Кредит бюросу азыр маалымат топтоону негизинен аяктап калды. Ал сентябрдан тартып банктарга жана кредиттик уюмдарга маалымат бере баштайт. Маалымат акчага сатылат.

Кыргызстанда кредиттин кайтарымдуулугу төмөн, экономикадагы чоң проблемалардын бири. Бир кезде айыл чарбасына деп берилген миллиарддаган сом кредиттердин жарымы да кайтарылып алынбагандыгын айтышат. Акча алам дегендердин баарына кредит бере берүүнүн айынан бир нече банк: «Агропромбанк», «Адил», «Акыл», «Инсан», «Меркурий», «Курулуш», «Бишкек», «Дыйканбанк» жабылып калды. Кредиттерди өндүрүү үчүн атайын «ДЕБРА» деген агенттик түзүүгө туура келди. Калган банктар алардын каталыгын кайталагысы келишпейт.

Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкектеги «Рентонгрупп» аттуу компаниянын жетекчилери качып кетишкендиги тууралуу маалымат чыкты. Аталган компания облигация чыгарып, элден акча топтогон болчу. Эми анын акча салуучулары акчабызды кайрып бергиле деп тиешелүү органдарга кайрылып жатышат.

«Рентонгрупп» сок, пиво, минералдык суу, пластикадан жасалган терезелерди чыгарган көп тармактуу холдинг түрүндө түзүлгөн өлкөдөгү ири ишканалардын бири. Ишкананын директору Рысалиев деген адам болгондугун айтышат. Анын ээси тууралуу баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын көзөмөл боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азиза Юлдашева буларды айтты:

- «Рентонгруппту» түзүүчүлөр Кононенко, Малько, «Юртан инвестмен» компаниясы, Пак, Медведев, дагы бир Пак, Ким жана Ли болушкан.

«Рентонгрупп» элге канча карыз экенин тактай алган жокпуз. Аталган комиссиядан алынган маалыматтарга караганда, ал 2 жолу облигация чыгарып саткан. 2001-жылдын апрелинде 5 млн. сомго, ошол эле жылдын июлунда дагы 50 млн. сомго облигация чыгарган. Анын 2002-жылдын аягында тапшырылган финансылык отчету боюнча 263 млн сом кредитордук карызы болгон. «Рентонгрупп» пирамида түзүп жатканы мурда эле белгилүү болгон Брокерлер ассоциациясынын төрагасы Эрик Таранчиев дейт:

- 40% деген проценттик ставка коммерцияда эле болбосо, өндүрүштө жок. 2-3 жылдан бери банктар ашып кетсе 12-13% менен акча алат. Алар кредитти 30% менен беришет.

Ошентип эл дагы бир алдамчыга алданды. Эл, албетте, баарын биле бербейт. Бул үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдар кайда карап отурган, деген суроо чыкпай койбойт. Баалуу кагаздардын рыногу боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылганыбызда ал жердегилер 2002-жылдын ноябрында компания текшерилгенин айтышты. Комиссия текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо көрсөтүлгөн имараттын ага тиешелүү экенин далилдеген кагаздарды берүүнү, аудитордук текшерүү өткөрүүнү жана финансылык отчетту жарыя кылууну талап кылып эскертүү берген. Бирок Азиза Юлдашеванын айтымында:

- Талаптар бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. Талаптарды аткарбагандан кийин биз чара көрүүсүн сурап Башкы прокуратурага кат жөнөттүк.

Бирок кат 26–июнда гана жөнөтүлгөн. Ал эми «Рентонгрупптун» жетекчилери, «АКИ-пресс» маалымат агенттигинин кабарлашынча, андан 4 күн мурда - 22-июнда эле жумушка келишкен эмес. Алардын качып кетүүгө камдануусунун белгилери жазында эле байкала баштаганына Эрик Таранчиев көңүл бөлдү:

- Жаздан баштап сата беришиптир. Бүт баарын сатып жиберишти. Азыр анын эч нерсеси жок. «Гелиос» деген сок азыр чыкпай калды. «Барс» деген пиво чыкпайт. Мүлктүн баарын акырындап сатып кетишкен.

Азиза Юлдашева «Рентонгрупп» финансылык отчетту тапшырарын тапшырчу, бирок анын чын-төгүнүн тактоого мүмкүнчүлүк болбой койду дейт. Анын айтымында, текшерүүгө тыюу салынган указ чыккандан кийин бирөөлөр арызданганда гана комиссия компаниянын ишин текшере алат. Андай арыз эч кимден түшкөн жок, дейт А.Юлдашева. Э.Таранчиев андай дооматты негизсиз деп эсептейт:

- Бухгалтердик баланстан баары эле көрүнүп эле турат. Аны караганда эле көп суроо чыгат. Комиссиянын көзөмөл башкармалыгында атайын адистер бар. Алар карап чыгып, бул кайдан чыкты, бул кайда кетти деп сурашы керек болчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG