Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:44

Экономика

Sorry! No content for 15 Сентябрь. See content from before

ишемби 13 Сентябрь 2003

Сапар Орозбаков, Бишкек Өкмөт 2004-жылдын бюджетин кароодон өткөрүп, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Финансы министрлиги келерки жылдын бюджети аткарууга мүмкүн болгудай кылып реалдуу түзүлгөнүн айтып жатат.

Каржы министри Болот Абилдаев биз менен болгон маегинде 2004-жылдын министрлик иштеп чыккан бюджети өкмөт тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, келерки жылдын бюджети аткарууга мүмкүн болгудай кылып реалдуу түзүлгөн.

- Эмдиги жыл - Эл аралык Валюта Фондунун программасынын үчүнчү, акыркы жылы. Биз Париж клубунун алдында өзүбүзгө алган милдетибизди аткарышыбыз керек. Ошондуктан биз абдан этият бюджет түздүк, - деди Каржы министри Болот Абилдаев. Анын айтымында, бюджеттин киреше бөлүгү быйылкы жылга салыштырмалуу 6,5% өсүп, 15,8 млрд. сомду, чыгыша бөлүгү болсо 6% өсүп, 16,3 млрд. сомду түзөт. 6,5% жана 6% дегендер – бул инфляцияны эске албай бюджеттин номиналдуу көлөмү менен эсеп жүргүзгөндө боло турган өсүш. Инфляциянын 4% түзөөрүн эске алып, бюджеттин реалдуу өсүш темпин чыгарганда, ал 2-3% ашпайт.

Министрлик бюджетти эсептеп чыгууда ички дүң продуктунун индикативдик планына таянган.

- Ички дүң продуктуну 4,1% өсөт деп санадык. Божомол боюнча андан кичине жогору койсок деле болот эле. Бирок биз бюджетти реалдуу кылалы деп жатабыз. Өзүңүз көрүп тургандай, быйылкы жылга карата жасалган божомолдор ишке ашпай жатат. Кумтөр авария болуп, иштей албай калды. Өнөр жайы да күткөндөй продукция берген жок. Ошондуктан биз 4,1% токтодук, - деди Болот Абилдаев.

Анын айткандарынан көрүнүп тургандай, министрлик биринчиден бюджетти эсептөөдө база катары алынган ички дүң продуктунун өсүш темпин бир аз төмөндөткөн. Экинчиден, бюджеттин реалдуу өсүш темпин ошол төмөн алынган ички дүң продуктуга карата дагы азайткан. Акча аз болгондуктан, Финансы министрлиги бюджеттин айрым беренелерин быйылкы жылдын деңээлинде калтырган.

- Бюджеттин приоритеттүү беренелери – баягы эле социалдык блок. Бул - мугалимдер, дарыгерлер, маданият тармагы. Аларга берилчү акча 6,5%тен 10%ке чейин көбөйтүлүп жатат. Башка тармактардыкын болсо быйылкы жылдын деңгээлинде эле калтырдык. Жогорулаткан жокпуз, - деди Болот Абилдаев.

Каржы министри бул жерде дагы номиналдуу көлөм жөнүндө айтып жатат. Реалдуу эсеп жүргүзсөк, министр “быйылкы жылдын деңгээлинде калды” деген тармактардын акчалары чынында азайтылган. Эмдиги жылга бюджет бекиткенде өтө этият болуш керек экенин Эл аралык Валюта Фондунун миссиясы акыркы жолу келгенде эскертип кеткен болчу.

- Эгерде бюджет-салык программасы биз ойлогондой ишке ашса, келерки жылдын келечеги жакшы эле болот. Бирок биз эмдиги жылы абал кандай болоору айкын эместигин эске алып, 2004-жылдын бюджетин пландаштырганда абдан этият болууну сунуш кылып жатабыз, - деген болчу миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен журналисттер менен жолугуп жатып.

Адатта Эл аралык Валюта Фонду жана Каржы министрлиги, өлкөнүн депутаттары бюджетти көбөйтүүнү талап кылаарын билип, аны алгач бир аз төмөн эсептешет. Ошондуктан бул акыркы цифра эмес. Комитеттерде жана палатада талкуулангандан кийин анын көбөйтүлөөрү ыктымал. Жогорку Кеңештен алынган маалыматтарга караганда, азыр депутаттар бюджеттин долбоору менен таанышып жатышат. 30-сентябрдан 3-октябрга чейин бюджет комитеттерде каралат. Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы болсо 7-октябрга белгиленип жатат.

Сапар Орозбаков, Бишкек КМШ өлкөлөрүнүн Курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы кызматташтык боюнча өкмөт аралык кеңешинин Кыргызстандагы 2 күндүк отуруму бейшемби күнү соңуна чыкты.

Кеңештин күн тартибине 14 маселе коюлуп, алардын ичинен курулушту ипотека жолу менен каржылоо маселеси өзгөчө кызыгуу жаратты. Оор жана узак экономикалык реформаларды башынан кечирип, тапкан кирешелери азайып кеткен КМШ өлкөлөрүндө азыр турак-жайды, социалдык жана өндүрүштүк объектилерди курууга мурдагыдай бюджеттен акча каралбай калды. Азыр курулушту негизинен өз кирешесинин жана чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен жеке менчик сектору жүргүзүп жатат. Ал аны жакшы эле жүргүзүп жаткансыйт. Бирок алардын жасаган иштери мурдагы Советтер Союзунун тушундагы курулуш иштеринин көлөмүнө караандабай калып жатат. Мындай абал жалаң эле Кыргызстанда эмес. КМШнын башка өлкөлөрүнөн келген, курулуш тармагы боюнча иш алып барган министрликтердин жана агенттиктердин жетекчилери да өз өлкөлөрүндө курулуш иштерине аз акча бөлүнөөрүн айтып даттанып отурушту. Ошондуктан кеңештин мүчөлөрү курулушту каржылоонун башка жолдорун пайдалануу зарыл экенин белгилешти. Аларды ипотекалык кредиттөө жолуна түшкөн Орусиянын жана Казакстандын тажрыйбасы кызыктырды.

- Орусия былтыр курган 33,8 млн. чарчы метр үйдүн 8-10% ипотеканын тиги же бул түрүнө кирет, - деди Орусия Федерациясынын Курулуш жана турак-жай-коммуналдык комплекс боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Анатолий Петраков. Анын айтымында, Орусияда ипотекалык кредит берген бир нече банк түзүлгөн. Кыргызстанда болсо андай банктар азырынча жок. Бизде ипотека жөнүндө сөз жаңыдан эле башталды.

- Турак-жайды кредиттөөгө эки негизги шарт болушу керек. Инвестиция жасагыдай мамлекетте бош акча болушу керек. Анан кредитти кайттарып берүүнүн кепилдиги болушу зарыл, - дейт Кыргызстандын Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Анвар Турсунов. Кыргызстанда мындай шарт жок. Банктар узак мөөнөткө кредит беришпейт. Беришсе да, алардын 30% жеткен кредиттик үстөгүн курулуш көтөрө албайт. Анатолий Петраков, Орусияда ипотека үчүн 10% чейинки кредиттер колдонулаарын айтат. Ал эми кредиттердин кайтарымдуулугун камсыз кыла турган “Күрөө тууралуу мыйзам” бизде Жогорку Кеңеш тарабынан эми гана каралганы жатат.

- Бизде “Күрөө тууралуу” мыйзам жөнүндө олуттуу талкуу жүрүп жатат. Ушул убакка чейин биз бул мыйзамды кабыл ала элекпиз. Ал азыр мыйзамчылардын иш планына киргизилди. Эгерде бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, турак-жайды курууну ипотекалык кредиттөө иши алга жыла баштайт, - дейт премьер-министр Николай Танаев. Ал курулуш иштерин кредиттөөгө КМШнын Мамлекет аралык банкынын каражаттарын да пайдаланса боло турганын белгиледи. Кыргызстандын өкмөт башчысынын айтымында, ал Москвада болгондо банкка атайын барып, анын жетекчилери менен маектешкен. Банктын жетекчилери бүл үчүн каражат бар экенин айтышкан.

Кыргызстандын премьер-министри кесиби боюнча курулушчу. Ошондон улам болсо керек, Николай Танаев бул кеңештин ишине өзгөчө көңүл бөлүп, анын ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан кийин кеңешмеге келген КМШ өлкөлөрүнүн делегация жетекчилерин Өкмөт Үйүндө кабыл алып, алардын ар бирине президенттин жубайы Майрам Акаеванын жакында чыккан “Үмүттүн оту өчпөйт” деген китебин белекке берди. Өкмөт башчысы китептин авторун азыр Кыргызстанда курулуш иштерин көп жүргүзүп жаткан адам катары мүнөздөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG