Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Жапония Кыргызстанда жайгашкан компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жапония "Орусияга санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген" деген жүйө менен Кыргызстанда катталган ProFlav Limited Company ишканасына санкция салды. Бул компания "ПроффЛаб" жоопкерчилиги чектелген коому деген аталыш менен дагы белгилүү.

Андан тышкары орусиялык 51 компанияга, үч банкка жана он кишиге санкция салынды. "Кара тизмеге" ошондой эле Казакстан, Кытай, Бириккен Араб Эмирликтери, Тайланд, Түркия өлкөлөрүндө каттоодон өткөн ишканалар киргизилди.

"ПроффЛаб" ишканасына былтыр Евробиримдик жана АКШ да санкция салган.

АКШнын былтыр 1-майда жарыяланган санкциялык тизмесинде «ПроффЛаб» Орусияда жайгашкан компанияларга америкалык электрондук компоненттерди жөнөтүп жатканы белгиленген.

Бул компаниянын сайтында анын негизги ишмердүүлүгү “адистештирилбеген дүң соода” деп көрсөтүлгөн. Ал Кыргызстанда чет өлкөлүк үлүшү бар компаниялар эң көп ачылган 2022-жылы катталган.

Жапония Орусия Украинага кол салгандан бери эле бир катар башка өлкөлөрдөй эле Москвага каршы санкция киргизип келет. Расмий Токио ошондой эле Орусияга дрон, алюминий жана башка металлдарды, космос тетиктерин, электр жабдыктарын экспорттоону токтоткон.

Жапониянын санкцияларына Орусиянын президенти Владимир Путин баш болгон бир катар жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү, аскер адамдары, ишкерлер туш болгон.

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышы боюнча өз позициясын тынбай билдирип, бул жаатта Кыргызстанга сырттан басым болуп жатканын белгилеп келет. Былтыр октябрда ошол кездеги экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргызстан эл аралык санкцияга илинген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкцияларды сактоого даяр экенин айткан. Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Үч жылдай мезгил ичинде санкциялык товарларды Орусияга ташып иштеген ондон ашуун кыргызстандык компания санкцияга кириптер болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG