Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, бул жөнүндө талкуу башташты.

Каникул учурунда өз шайлоочулары менен жолугушуп келишкен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары дүйшөмбү күнкү өткөрүлө турган отурумуна өкмөттү чакырып, өлкөнүн экономикасынын абалы жөнүндө пикир алышууну чечкен болчу. Спикер Абдыганы Эркебаев аны өкмөттүн отчетун эмес, маалыматын угуу деп түшүнүү зарыл экенин эскертти. Анткени, анын айтымында, палата жакында эле каникулга кетээр алдында өкмөттүн отчетун уккан. Премьер-министр Николай Танаев өзүнүн 30 мүнөттүк сөзүндө, мурда бир нече жолу айтылгандай, инфляциянын төмөн экенин, сомдун курсунун туруктуу болуп жатканын, өлкөнүн өнөр жайында жана айыл чарбасында өткөн жылга салыштырмалуу жакшы өсүү болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 8 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продуктусу Кумтөрдү кошуп эсептегенде 3%, кошпогондо 1,1% өскөн. “Жыл аягында өсүш 6% кем болбойт” деп ишендирди өкмөт башчысы. Премьер-министр жакшы өнүгүп жаткан тармак катары кызмат көрсөтүү тармагын атады:

- Январь-июнь айларында кызмат көрсөтүүнүн реалдуу өсүш темпи 5,9% жетти. Бул 1992-жылдан берки жогорку көрсөткүч болуп саналат. Кызмат көрсөтүүдө маанилүү роль туризм тармагына тиешелүү. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча туризм тармагында иштеген чарбалык субъектилер, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, 475ке көбөйүп, 4,1 миңге жетти. Алардын чет өлкөлүк жарандарды тейлөөдөн түшкөн кирешеси январь-июнь айларында 12 млн. долларды түздү.

Өкмөт башчысынын сөзү цифралар менен жык коштолуп, чыны менен эле маалымат түрүндө болду. Анда экономиканын абалына жалпы баа берүү, андагы болуп жаткан процесстерди талдоо, оң жана терс көрүнүштөрдү аныктоо байкалган жок. Ошондуктан анын маалыматынан экономикада баары жайында болуп жаткандай, депутаттар өкмөттү өзүнө чакырып, бул маселени караганга негиз жоктой түр калат. Бирок айрым депутаттар буга макул эмес. Алардын бири депутат Марат Султанов:

- Өкмөт азыр грипптин вирусун жуктуруп алып, бирок оору баштала электей абалда турат. Проблемалар чынында бар. Проблема ошол эле бюджеттин тартыштыгында. Бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбай калды. Чыгаша бөлүгүн аткарууда да кемчиликтер кетти. Мисалы, социалдык маселелерди алсак, жөлөк пулдар берилбей жатат. Ал эми тойлор болсо өтүп жатат. Элет жеринде жашаган эл: “Эмне үчүн бизге жөлөк пул берилбей жатат?

Премьер-министр бюджеттин тартыштыгы тууралуу эч нерсе айткан жок. Депутаттар “учурдун актуалдуу маселелеринин бири” деп эсептеген сомдун курсунун өсүшүнүн экспортко тийгизген терс тааасири тууралуу Николай Танаевге суроо берилгенде, мындай деп чектелди:

- Ишканалардын 6% гана экспортко иштейт. Биз мониторинг жүргүздүк. Ал практика жүзүндө экспортко таасир тийгизген деле жок.

Депутаттар өкмөт башчысына көптөгөн суроолорду беришти. Суроолордун көпчүлүгү алардын шайлоо округдарында чечилбей жүргөн конкреттүү маселелерге байланыштуу болду. Дүйшөмбү күнү депутаттар маалымат боюнча талкуу башташты. 3 депутат чыгып сүйлөп, алардын бири Темир Сариев өлкөдө салык саясаты адилет болбой жатканын белгиледи. Депутат өлкөнүн ички дүң продуктусунун көбүн берген айыл чарбасы жана “Кумтөр” алтын комбинаты салыктан бошотулуп, алардын жүгү башкалардын мойнуна артылып жаткандыгын, ошондуктан калган тармактар үчүн салык оор болуп жаткандыгын белгиледи. Шейшемби күнү депутаттар талкууну улантышмакчы.

Сапар Орозбаков, Бишкек Жетекчилери жакында качып кеткен «Рентонгрупптун» аманатчылары жума күнү Бишкек мэриясынын алдына чогулушуп, Улуттук банкты көздөй жүрүш жасашты. Алар компанияга салган акчаларын кайра кайрып берүүнү талап кылышууда.

Жума күнү саат 9дарда «Рентонгрупптун» 200дөй аманатчысы мэриянын алдында чогулуп, Улуттук банкты көздөй жүрүш жасашты. Алардын колдорунда эч кандай транспаранттар болгон жок. Акция негизинен тынч мүнөздө өттү.

- Мен, Татьяна Дагазиева, «Рентонгрупп» компаниясынын алданып калган акционерлеринин төрайымымын. Бул ушунчалык күтүүсүз, тез болуп кетти. Ушундай килейген компания бир эле күндүн ичинде кантип жок болуп кеткенин өлкөнүн жетекчилиги да, биз да түшүнбөй калдык. Компания уй жалап кеткендей жок болуп кетти. Анын жетекчилери да, мүлктөрү да, биздин акчабыз да жок, - деди чогулгандардын бирөөсү. Бирок алар «Рентонгрупптун» жетекчилери канча акча алып кетишкенин так айта алышкан жок.

- Облигациянын өзү эле 55 млн. сомго чыгарылган. Векселди болсо «Рентонгрупп» 8 жылдан бери чыгарып келген. Элдин колунда облигацияга караганда вексел бир канча көп. Ошондуктан биз канча суммага зыян тартканыбызды так айта албайбыз. «Рентонгрупптун» документтери да жок болуп кеткен, - деди Татьяна Дагазиева. «Рентонгрупптун» аманатчылары Улуттук банктын алдына барганда, аларга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Каныш Шаршекеева чыгып, аларды сүйлөшүү үчүн жанындагы Илимдер академиясынын залына алып барды. Каныш Шаршекеева Улуттук банк коммерциялык банктар менен иштээрин, анын «Рентонгруппка» эч кандай тиешеси жок экенин айтты. Ал эми аманатчылар менен сүйлөшүү жүргүзүш үчүн премьер-министрдин аппаратынан жана Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиядан жооптуу адамдар келээрин билдирди. Бирок өкмөттүн аппаратынан эч ким келген жок. Баалуу кагаздар рыногу боюнча комиссиядан болсо 2 киши келди. Алар комиссия «Рентонгрупптун» облигация чыгарышына уруксатты туура эле бергендигин, ал эми кийин болуп кеткен окуяларга алар күнөөлүү эмес экенин айтышты.

- Биз силер билгендей эле маалымат билебиз. Бизде расмий маалымат жок. Биз «Рентонгрупптун» иши эмне болуп жатканын сурап, Ички иштер министрлигине кат жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши козголгонун же козголбогонун, бул жерде алдамчылык бар же жок экенин билбейбиз. Биз деле силер сыяктуу имиш сөздөрдү гана угуп жатабыз, - деди Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын көзөмөл боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азиза Юлдашева. Акча салуучулар комиссиянын кызматкерлеринин берген жообуна канааттанбай, 17-сентябрда Ички иштер министрлигинин алдында кайрадан чогулууну макулдашып, тарап кетишти. Ички иштер министрлигине кайрылганыбызда, ал жердегилер «Рентонгрупптун» жетекчилерине каршы кылмыш иши эчак эле козголгонун билдиришти.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 26-августта «Рентонгрупп» компаниясынын жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө жүрүп жатат. 300гө жакын киши суралды. Алардын баары тең жабырлануучу деп табылды. «Рентонгрупптун» башкы директору Рысалиев камакка алынганы жатат. Андан тышкары, «Рентонгрупптун» жетекчиси Эдуард Пактын үстүнөн да кылмыш иши козголуп, аны камакка алуу тууралуу токтом чыкты, - деди Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Макен Турдугулов. Анын айтуусу боюнча, бул иштин айынан 2000ден ашык адам жабыркаган. Компаниянын мүлктөрү такталып, камакка алынып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG