Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:28

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл өлкөнүн бир нече жеринде жер көчкү жүрүп, жер алдындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, баш-аягы 864 үй-бүлө үйсүз калган эле. Өкмөт башчысы «алар суук түшкөнчө үй менен камсыз болот» деген болчу. Азыр күз келип калды. Үйсүз калгандардын үчтөн экиси ушу кезге чейин ссуда ала элек.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиядан 2-сентябрда алынган маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыктарынын айынан үйсүз калган үй-бүлөлөргө 23 млн. сом ссуда берилген.

Премьер-министрдин кеңешчиси, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын алдындагы үй куруу департаментинин директору Айчүрөк Тазабекованын сөзүн караганда:

- Бүгүнкү күндө 259 үй-бүлө үй менен толук камсыз болду. Өкмөт жеңилдетилген ссуда берип жатат. Акча каражаттары ачык, милдеттүү түрдө комиссия аркылуу берилип жатат. Бардык акча ссуда алуучуларга жеткирилүүдө. 2,5-3 айдын ичинде жапа чеккендердин өздөрүнүн күчү менен ар биринин аянты 90-96 чарчы метрди түзгөн, бышырылган кирпичтен салынган типтүү, жакшы үйлөр курулуп жатат.

Анын айтымында, ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомго чейинки, төлөө мөөнөтү 15 жылга артка жылдырылган үстөксүз ссуда берилип жатат.

Жогорку Кеңеш жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюу маселесин караганда премьер-министр «суукка чейин эч ким үйсүз калбайт» деп депутаттарды ишендирген. Ал аны башка жерлерде да кайталап жүргөн болчу.

«Принцибинде биз үй-менен камсыз кыла алаарыбызда күмөн жок», - деген болчу Николай Танаев 31-июлда Кыргыз телевидениеси аркылуу түз эфирге чыгып. Ошол кезде эле «200дөй үй-бүлө үй куруш үчүн акча алды» деген сөз чыккан болчу. Андан бери алардын катары жарытылуу деле көбөйбөптүр. Азыр 1-сентябрга карата берилген маалыматтар боюнча, үйсүз калгандардын араң эле үчтөн бири ссуда алышты. Ал эми сууктун түшөөрүнө болсо ашып кетсе 3 ай эле калды. Акча берилген күндө да үй салуунун өзүнө эле жок дегенде 2-3 ай кетээрин эске алганда, калгандары кышка чейин үйлүү болушабы?

Айчүрөк Тазабекованын сөзүнө ишенсек:

- Жылдын акырына чейин калган үй-бүлөлөрдүн бардыгы толугу менен узак мөөнөттөгү ссуда менен камсыз болушат. Алар үй менен камсыз болушат. Биз ким үй салаарын, ким үй сатып алаарын аныктаганбыз. Биринчи кезекте «үй салам» дегендерге ссуда бердик. Калгандары - «үй сатып алабыз» дешкендер, - дейт. Ошентип, маселе жалаң гана акчада. Бирок ошол акча маселеси азыр кыйын экендиги маалым. Бюджеттин тартыштыгы өсүп кетип, Эл аралык Валюта Фондунун жакында келген миссиясы аны кыскартууга тапшырма берип кетти. Үйсүз калгандарга ушул убакка чейин толук акча берилбей жатканынын негизги себеби ошол. 259 үй-бүлөгө 23 млн. сом кетсе, калган 505 үй-бүлөгө дагы 50 млн. сом кетет экен. Эл аралык Валюта Фонду «бюджеттин чыгымын кыскарткыла» деп турганда өкмөт анча акчаны таба алабы?

Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында:

- Мен да 100% кепилдик бере албайм. Бирок биз башында айтылган үй-бүлөлөрдүн санын камсыз кылууга аракет кылабыз. Кантип? Корголбогон чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк бар. Мамлекеттик инвестицияларды да кыскартса болот. Биз деле аны аткаруу зарыл экенин түшүнүп турабыз. Биз муну баш-аламандыкка айланткыбыз келбейт. Биз өзүбүзгө алган милдетибизди аткарабыз.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай, өлкөнүн финансы министринин жообу азыр баягыдай ишенимдүү эмес.

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандагы 9 финансы-кредиттик уюм биригип, Кредит маалымат бюросун ачышты. Кредиттик маалымат бюро банктардан жана башка кредит берүүчү мекемелерден кредит алып, кайра кайрып бербеген ишканалар жана адамдар жөнүндө маалымат чогултуп, аны керек мекемелерге берип турмакчы.

«Азия банкы», «Демир банк», «Энергобанк», «Кыргызинвесткредитбанк», «Инэксимбанк», «Бай-түшүм» финансылык фонду, «Ай-кен» микрокредит берүү агенттиги, «Финка» компаниясы жана Европа банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биригип Кредит маалымат бюро ассоциация түзүштү. Ал уюм эмне иш аткарарын анын аткаруучу директору Акжолтой Элебесова бизге мындайча түшүндүрдү.

- «Негативдүү кредит алуучу» деген түшүнүк бар. Алар кредит алып, өз милдеттенмелерин убагында аткарбаган юридикалык жана физикалык жактар - проценттик ставкаларын же негизги сумманы төлөбөгөндөр. Биздин бюрону түзүүчү банктар жана компниялар бизге алар жөнүндө маалымат берип турушат. Биз алардын негизинде маалыматтардын базасын түзөбүз. Кредит берип жаткан мекемелер бизге кайрылышат, «баланча ишкана же адам жөнүндө силерде маалымат барбы, ал мурда акча алганбы, алса, канча алып, эмне үчүн төлөбөй койгон» деп. Биз маалымат базасынан карап көрүп, андай маалымат болсо, берип турабыз, - дейт Акжолтой Элебесова.

Анын айтымында, Улуттук банктын нормативдик материалдарында «негативдүү кредит алуучунун» толук аныктамасы бар. Республиканын баш банкы «негативдүү кредит алуучу» деп акчаны кайрып берүү мөөнөтүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 30 күн ашырып жиберген кредит алуучуну эсептейт. Алар ишенимден чыккан ишкана же адам катары саналып, аларга банктар жана фондор дагы кредит берерде ойлонуп көрүүлөрү керек.

Акжолтой Элебесованын ырасташынча, байманалуу Батыш өлкөлөрүндө мындай мекемелер көп. Алар банктардын кредит тобокелчилигин азайтып, банк системасынын туруктуу иштешине жардам берет. КМШ өлкөлөрүнүн эч биринде Кредит бюролору азырынча түзүлө элек. Орусия, Казакстан, Украина жана Белорусия эми гана аны түзүүгө кам көрүп жатышат. Бизде болсо ал 1998-жылы Улуттук банктын алдында түзүлгөн болчу. Бирок анын иши жакшы жүргөн эмес.

- «Улуттук банк ал маалыматтарды алып алып бизге кысым жасайт, чара көрөт» деп банктар кредиттик бюрого маалымат беришпей коюшкан. Мен банктардын жетекчилери менен сүйлөшсөм, ала «биз канча кайрылсак да, бизге керектүү маалыматтарды таап бере албай коюшту» дешти. Ошондуктан банктар демилге көтөрүп көз карандысыз кредиттик бюро түзүштү, - дейт Акжолтой Элебесова.

Кредит бюросу азыр маалымат топтоону негизинен аяктап калды. Ал сентябрдан тартып банктарга жана кредиттик уюмдарга маалымат бере баштайт. Маалымат акчага сатылат.

Кыргызстанда кредиттин кайтарымдуулугу төмөн, экономикадагы чоң проблемалардын бири. Бир кезде айыл чарбасына деп берилген миллиарддаган сом кредиттердин жарымы да кайтарылып алынбагандыгын айтышат. Акча алам дегендердин баарына кредит бере берүүнүн айынан бир нече банк: «Агропромбанк», «Адил», «Акыл», «Инсан», «Меркурий», «Курулуш», «Бишкек», «Дыйканбанк» жабылып калды. Кредиттерди өндүрүү үчүн атайын «ДЕБРА» деген агенттик түзүүгө туура келди. Калган банктар алардын каталыгын кайталагысы келишпейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG