Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

Экономика

Төрөкул Дооров, Москва шаары Дүйшөмбү күнү Сочиде Орусия жана Беларус президенттеринин экономикалык кызматташуу маселелерине арналган сүйлөшүүлөрү жүрдү. Сүйлөшүүлөрдө негизги эки маселе: орусиялык акча бирдиги - рублду - эки өлкө ортосундагы бирдиктүү акча катарында киргизүү жана көгүлтүр газ маселелери каралды.

Жогоруда аталган эки маселеде тең Орусия да, Беларус да артка чегинүүнү каалашкан жок. Президенттер эки өлкөнүн көптөн бери чечилбей келген экономикалык проблемаларын маектешүү үчүн алдын ала белгиленген үч сааттын ордуна сегиз сааттан ашуун убакыт бою талкууга алышты.

Буга чейин Орусия-Беларус бирдиктүү Кеңешинин алкагында эки өлкөдө тең орусиялык рублду бирдиктүү акча катарында киргизүү сунушу айтылган эле. Бирок, сунуш Беларус тарабынан кабыл алынбай келген. Андан сырткары бул эки мамлекетти көгүлтүр газ маселеси да бириктирип турат. Орусиянын «Газпром» компаниясы Беларус аркылуу газды Европага өткөрсө, өз кезегинде Беларус Орусиядан келчү газды дүйнөлүк баада эмес, арзандатылган баада алып турган. Эми «Газпром» менен Беларус Өкмөтү ортосунда «Белтрансгаз» компаниясын сатып алуу жаатында келип чыккан өз ара түшүнүшпөстүк эки мамлекеттин президенттеринин кийлигишүүсүнө алып келди.

Өткөн жуманын ишембисинде Орусия Өкмөт башчысы Михаил Касьянов «Гаспромдун» Беларуска газды арзандатылган баада сатуусу тууралуу келишимди токтотуу жөнүндөгү токтомун кабыл алган. Ал эми дүйшөмбү күнү бул жаңылыкты Лукашенко өзүнүн орус кесиптешинен укту. Беларус мындай учурда орус газынын транзити үчүн жогорулатылган акыны талап кылат. Бирок бул суроо боюнча президенттер бул жолу да бир келишимге келе алышпагандыгы байкалды.

- Бүгүн «ким кимге карыз экендигин» түшүнүү өтө эле татаал болуп кетиптир деген тыянак чыгардык. Ошондуктан эмки аракеттерибизди базар мамилелеринин негизинде түзөбүз, ошондой эле Орусияда газ өндүрүү ишинде беларустук ишканалардын катышуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир сыйра карап чыгабыз, - деп сүйлөшүүлөр соңунда Орусия президенти Владимир Путин газ маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жарытылуу жылыштарды бербегендигине токтолду.

Ошол эле учурда Беларус президенти А.Лукашенко талкууга коюлган маселелерди чечүү боюнча орусиялык тарап сунуштап жаткан жолдор абалды жакшырта албай тургандыгы тууралуу оюн айтты:

- Биз өзүбүз ушул тапта турган деңгээлден да төмөн түшүп кеткенге эч кайсы учурда жол бербешибиз керек. Мен дагы бир жолу тактап айтып кетким келет: Беларусь, анын калкы жана президенти эч качан биздин элдердин биримдигине каршы чыккан эмес. Лукашенко үчүн бул – саясий өлүм.

Канткен менен, айрым байкоочулардын баамында, Лукашенконун мындай абстракттуу жообу анын маселеден четке чыгып кетүүнү каалап жаткандыгын түшүндүрөт. Бирдиктүү валюта туурасындагы сүйлөшүүлөр да токтоп калды. Орусия тараптын сунушу боюнча Беларус 2005-жылдан тарта рублга өтүшү зарыл. Бирок, Лукашенко бул келишимди алдын ала Министрлер Кеңешинде, кийин мамлекеттердин жогорку Кеңешинде кароо керектигин айтат.

- Менимче, Лукашенко менен Путин бул суроолор боюнча бир чечимге келе алышпайт. Эгерде мындай болгондо мен ага таң калмакмын. Анткени, Орусияны ала турган болсок, Беларус менен Кеңеш түзүп, ага чоң каражат жумшоо эч кандай пайдага турбайт. Беларус менен Кеңеш бул, экономикалык жактан алып караганда, Москва үчүн пайдасыз, демек, бул жөн гана символикалык иш-чара, - деп эсептейт «Карнеги» Корунун экономикалык суроолор боюнча аналитиги Ксения Юдаева.

Анын айтымында, Орусия-Беларус Кеңешин түзүү иши Беларуска да жага бербейт. Анткени, бирдиктүү валюта деп рублду кабыл алуу менен Лукашенко өлкөдөгү саясий күчүн эле эмес, башка мамлекеттер менен, өзгөчө Батыш өлкөлөрү менен болгон экономикалык карым-катнаштарын да суутуп алышы мүмкүн.

Мексиканун Канкун курортунда өтүп жаткан Дүйнөлүк соода уюмунун жыйыны жекшемби күнү үзгүлтүккө учурады. 146 мүчө-мамлекет жакырлар-байлар болуп жаатташып, мунасага келе албай тарашты. Кыргызстан да мүчө болгон уюмдагы ырксыздык кандай кесепеттерге алып келет?

Канкундагы сүйлөшүүгө Бишкектен да өкүлдөр катышты. Дүйнөлүк соода уюмуна кошулганына быйыл беш жыл толгон Кыргызстан Мексикадагы конференцияга кандай позиция менен катышып жатат? Бишкектен экономикалык баяндамачы Сапар Орозбаков кабарлайт:

- Kыргызстандын позициясын 12-сентябрда Тышкы соода жана өнөр-жай министри Садридин Жээнбеков билдирди. Анын сөзү боюнча, Кыргызстан Мексикадагы сүйлөшүүлөр раундун колдойт. Кыргызстан айыл чарба багытындагы өлкө болгондуктан, бул тоскоолдуктарды алып салуу өлкөнүн экономикасына жардам берет.

Кыргызстан сыяктуу жарды жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү үчүн Дүйнөлүк соода уюмунун конференциялары - көз көргөзүп, отчет берүүчү жер эмес, өз дыйкандары жана өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды соодалашуучу жай болуп саналат. Канкун саммитинде дал ушундай соодалашуу туңгуюкка такалып, сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап калды.

"Коомдук Атуулдардын Дүйнөлүк соодага көзөмөлү" деп аталган бейөкмөт уюмдун өкүлү Лори Уаллах кинени бай мамлекеттерге такты:

– АКШ жана Евробиримдик бул уюмдун мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүн сыйлоодон баш тартып, өз жарандарына да кулак салган жок. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап калды.

Жаңы сунуш этилип жаткан соода эрежелерин айыптаган анти-глобалисттер сүйлөшүүлөрдүн токтоп калганын билгенде: "Баарын акчага сатып алуу мүмкүн эмес" деп ыр созушуп, "Жеңиш биз тарапта" деген плакаттарды кармап турушту.

Бразилиянын тышкы иштер министри Целсу Аморим:

- Менимче, өнүгүп келаткан өлкөлөр жармакташып, конкреттүү маселенин айланасында биригип, айыл-чарбасын реформалоонун платформасын көтөрүп чыга алды. Бул – абдан маанилүү, (бирок) аягына чыга элек маселе.

Ал эми берки тараптан АКШнын соода өкүлү Роберт Золекке сөз берсек:

- Бир катар өлкөлөр "каалаганыбызга оңой-олтоң жетебиз" деп ойлошту. Ойуна келгендегисин айтып, талашып-тартышып, бирок сунуш киргизип, же мунасага келбей коюшту. Азыр эми мындай стратегиядан майнап жок экенине көздөрү жетип, отуруп калышты.

Зволек Кошмо Штаттары базарларды ачуу ишин кайсы жол менен болсо да уланта берээрин эскертти.

Кошмо Штаттардын жана Европа Союзунун фермерлери мамлекеттик берешен субсидиялардын эсебинен арзан продукция өндүрө алышат. Алар менен атаандаштыкка туруштук бере албай, дыйкандары банкроттукка учурап жаткан жарды өлкөлөр бардар мамлекеттерден субсидияларды кыскартууну талап кылып келишүүдө. Канкундагы сүйлөшүүлөргө ушул маселе да кедерги болду.

Бүгүнкү күндө жарды жана өнүгүп келаткан өлкөлөр Дүйнөлүк Соода уюмунда мүчө-мамлекеттердин төрттөн үчүн түзүп калды. Санынын көптүгүнө жараша, алардын сөзү да өтүмдүү боло баштады. Арийне, муну жарды өлкөлөрдүн жеңиши деп баалоого шашылбайлы. Себеби саясий утуш экономикалык утулушка такап жаткан болушу да ажеп эмес.

Соода эксперттери көп тараптуу сүйлөшүүдөн пайда болбогон соң, бай өлкөлөр эки тараптуу соода келишимдерге басым жасаарын эскертишүүдө. Анда эле Дүйнөлүк Соода уюмунун коргоосуна айрыкча муктаж болгон өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо кыйындаары шексиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG