Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Экономика

Sorry! No content for 3 Октябрь. See content from before

шейшемби 30 Сентябрь 2003

29-сентябрда Бишкектеги «Дордой», «Ош», «Ортосай», «Аламүдүн» базарларынын контейнерлерде соода кылган ишкерлери иш ташташты. Алар өкмөттүн контейнерде касса аппаратын коюу тууралуу чечимине нааразылык билдирип жатышат. Бийлик өкүлдөрү болсо «базарларда эсепке алынбаган акча көп жүгүртүлүп жатат, ишкерлер салыктан качып атышат» деген пикирлерин айтышууда.

Дүйшөмбү күнү Бишкектин ири базарларындагы контейнерлерде соода кылгандар ишке чыгышкан жок. «Дордой», «Берекет», «Ортосай», «Аламүдүн» базарларынын ишкерлери өкмөттүн базарларга касса аппаратын киргизүү тууралуу токтомуна нааразылык билдиришүүдө. «Берекет» базарында контейнерде соода кылган Курманбү Касымова - кирешесинен кечип, жумушка чыкпаган миңдеген ишкерлердин бири.

- Бүгүн базардагылар иш таштап, жумушка чыгышкан жок, - дейт ал. - Себеби, касса аппаратынын киргизилип жатканына каршыбыз. Ансыз деле орун кымбат, бажы төлөмдөрү, салык кымбат. Антип соода кылгандан көрө ишти жыйыштырып, баарыбыз тарап кетебиз.

Курманбү Касымованын сөзүн «Берекет» базарында иштеген, өзүн Асылбек деп тааныштырган маектешибиз да мындай деп улады:

- Касса аппаратынын киришине мен да каршымын. Бизге эч кандай деле тыйын калбайт. Ансыз деле «электрге», «орунга», «таштанды чыгарганга» деп көп акча төлөйбүз.

Финансы министрлигинин алдындагы Киреше боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, касса аппаратын киргизүү боюнча демилге Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине таандык.

- Демилге бизден чыккан эмес, - дейт Аскарбек Шадиев. - Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги ушундай сунуш киргизип, өкмөт токтом чыгарган. Биз аткаруу бийлиги катары ал токтомду аткарышыбыз керек. Бул маселе боюнча курамына базардын ээлери, шаар бийлигинин өкүлдөрү жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлгөн. Азырынча бир жыйынтык чыга элек.

Аскарбек Шадиев «касса аппараты жүгүртүүдө 300 миң сомдон көп каражаты бар ишкерлерге гана коюлат» дейт.

- Айрым контейнерлердин жүгүртүп жаткан каражаттары 300 миң сомдон көп. Бирок, бардык контейнерлер айына 1300дөн 2500 сомго чейин салык төгүшөт. Бул менимче аз. Анткени орто жана чакан бизнес бүгүнкү күндө ички дүң продуктунун 40-45% берип жатат. Бирок биздин эсеп боюнча алар реалдуу салыктын 1/10 гана бөлүгүн төгүп жатышат, - дейт Аскарбек Шадиев.

Контейнерлердеги ишкерлер сыяктуу эле базарлардын жетекчилери да касса аппаратынын коюлушуна каршы болушууда. Алардын бири – «Дордой» соода комплексинде контейнерлери бар «Алканов жана компания» фирмасынын директору Райкан Алканов. Анын айтымында, касса аппаратын киргизүү боюнча чечим кабыл алуудан мурда бийлик өкүлдөрү базарда иштегендердин ой-пикирин бир да жолу сурап коюшкан жок.

- Президент Аскар Акаев «ишкерлерге тийбегиле, ишкерлерге шарт түзгүлө» дегенин эч ким түшүнбөй, укпай жатат. Чиновниктер бизге окшогон базардын жетекчилери менен, базарда соода кылгандар менен бир ооз да кеңешкен эмес. Бул таптакыр туура эмес, - дейт Райкан Алканов.

Анын пикиринде, касса аппаратын киргизүү өкмөткө да, казынага да, ишкерлердин өздөрүнө да кылдай пайда алып келбейт. Пайданы орто жолдон «чек урган жоксуң!» деп соодагерди коркуткан салык кызматкери көрөт.

- Салыкчылар контейнердин жанында аңдып турушат. Анан аларман чыккандан кийин андан сурайт, «чек алдыңбы» деп. Чектин аларманга эмне кереги бар? Ал товарын алат да, кетет. Салыкчы болсо сатуучуга кирип, ага чоң өлчөмдөгү айып салат. Анан сатуучу ага жалдырап, мамлекетке эмес, ошол салыкчынын өзүнө акча берип кутулат. Ошентип, бул казынага да, ишкерлерге да пайда бербейт, текшерген киши гана пайда көрөт, ортодон - деп нааразы болду Райкан Алканов.

Иш таштагандар «үч күн бою нааразылык акциясын улантабыз» деп жатышат. Бийлик менен ишкерлердин ортосундагы мындай тирешүүнүн соңу эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз.

Чолпон Орозобекова, Бишкек 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жай жана ишкерлик боюнча комитети кышка даярдык боюнча жыйын өткөрдү. Кышкы суукка отун-энергетика тармагындагы даярдыктар боюнча отчет бергенге премьер-министр Николай Танаев чакырылган.

Бул комиттеттин башында турган депутат Жаныш Рүстенбековдун чакыруусу боюнча көмүр, электр жана газ тармактарындагы ишкана башчыларынын баары келишти. Бирок көптөн күттүргөн премьер-министр Николай Танаев келген жок. Өкмөт башчысы жөнөткөн аппарат кызматкери депутаттардын бир да суроосуна жооп бере алган жок. Отун тармагындагы ишканалар мамлекеттики болбогондон кийин депутаттар алардан отчет алыштын кажети жоктугун айтып чыгышты. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттикти башкарган Уларбек Матеев айтып аткан сандарды тыңшап отурсаң кышка жарым-жартылай гана даярдык бар экенин түшүнөсүң. Кыш келатканда калкта “баарыдан да “көгүлтүр отун” үзгүлтүк болбосо экен” деген коркунуч болот. Азыркы башкы көйгөй - өзбек туугандардын тилин таап, газды жетиштүү өлчөмдө алып туруу. Депутат Жаныш Рүстенбеков эмгиче Өзбекстан менен газ боюнча келишимге кол коюла электигине капа болду. Ал эми “Кыргызгаздын” башчысы Автандил Сыдыковдун айтымында, тиешелүү карыздар убагында төлөнсө эле көгүлтүр отунга зар болбойбуз. “Эң негизгиси - карыздын көлөмүн азайтып алсак эле газ да убагында болуп турат» деди ал.

Энергетика боюнча мамлекттик агенттиктин башчысы Уларбек Матеев электр түйүндөрүнүн жана газ түтүкчөлөрүнүн эскилиги жетип, жешилип бүткөнү абалды оорлотуп атканын белгиледи. Былтыр бир жылда 13000 авария болуп, ошол аймактардын жашоочулары жарыксыз же жылуулуксуз калган. Быйыл, анын айтымында, авария азыраак болот. Ал “быйыл деле акыбал жылдагыдай эле, кыштан үшүбөй эле чыгабыз” деп ишендирди.

- Кыштан жакшы чыгабыз. Даярбыз деп ишендире алам. Көмүр менен мазут жетиштүү. Болгону газ боюнча келишимге Өзбекстан менен кол койгонго жетишүү керек, - деди Уларбек Матеев.

Ал эми “Кыргызкөмүр” ишканасынын маалыматына караганда, акчанын жоктугу эле кендирди кесип атат. Бюджеттен көмүр ташыгынга 50 млн. сом каралган. Бирок ал каражаттын араң эле 10 миллиону колго тийди. “Кыргызкөмүрдүн” башчысы Картайбек Мукамбетовдун айтымында, жолго кеткен чыгымды көтөрүш кыйын болуп атат. Мисалы, Каракеченин көмүрүнүн өз баасы 480 сом болсо, жеткиргени менен бир тоннасы 1145 сом болот экен. Мамлекеттик мекемелерге көмүрдү чиновниктер чоңдугуна салып түшүртүп алышат экен. «Алар «акчасын шашпай беребиз» деп коюп, салыкчыларга айыпты да өз чөнтөгүбүздөн төлөп атабыз», - дейт Мукамбетов мырза. Бишкек ТЭЦинин башчысы Лев Васильев болсо “кыштан кыйналбай чыгабыз” дегенден алыс. Ал “кышкысын газ өчпөйт, электр жарыгы дегеле өчпөйт” деп эч ким кепилдик бере албасын билдирди.

Жыйын аяктагандан кийин бийлик өкүлдөрүнүн бири журналисттерден газ боюнча өтө кылдат жазууну суранды. Анын оюнда, Кыргызстанда жарык көргөн айрым макалалар газ боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн татаалдантып коюшу ыктымал. Ал эми “Кыргызгаздын” жетекчилигинин айтымында, Кыргызстандын карызы канчалык аз болсо, өзбек тарап ошончолук жибийт. Ушу тапта Өзбекстанга Кыргызстан газ үчүн карыз. Ал карыздардын бир кыйла бөлүгү - Бишкек ТЭЦинин мойнундагы карыздар. Бирок жыйында ал карыздардын өлчөмү ачык айтылган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныш Рүстенбеков “Н.Танаевге айта баргыла, кышка даярдык депутаттарды канааттандырган жок” деди. Эл өкүлдөр жыйынынын бир жумадан кийин башталчу сессиясында кышка даярдык боюнча чоң талкуу болмокчу.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG