Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу органдарынын жетекчилери бейшемби күнү Бишкекте чогулуп, журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар жума күнү Ысыккөлгө барып, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн ортосунда баалуу кагаздардын жалпы рыногун түзүү жөнүндө кеңешме өткөрүшөт.

КМШнын, ЕврАзЭСтин жана башка регионалдык бирикмелердин көптөгөн структуралары жайкысын Ысыккөлгө келип жыйын курушу адатка айланды. Бул жолу 5-сентябрда Бостериде ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу органдарынын жетекчилери чогулуп, бул өлкөлөрдүн баалуу кагаздар боюнча мыйзамдарын ич ара жакындатуунун, жалпы фондулук рыногун түзүүнүн тегерегинде пикир алышмакчы. Алар Ысыккөлгө жөнөп кетээрде журналисттер менен жолугуп, өздөрүнүн жыйынынын максаты тууралуу кеңири сөз кылып беришти. Кыргызстандын өкүлү Уран Абдынасыровдун айтымында, фондулук рынок жаратылышынан глобалдуу мүнөзгө ээ болуп, бирдиктүү рынок түзүүгө жеңил. Эгерде башка товар өндүрүүчү товарды бир жакка алып барып сатууга, ошого байланыштуу транспорттук жана башка маселелерди чечүүгө мажбур болсо, бу жерде үйдө отуруп алып эле компьютердин жана башка азыркы техниканын жардамы менен иш жүргүзө берсе болот. Кыргызстандын Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Уран Абдынасыров сөзүнө караганда, Кыргызстандын фондулук рыногунда орусиялыктар менен казакстандыктардын катыштыгы жакшы эле.

- Казакстандык жана орусиялык инвесторлор - Кыргызстандагы активдүү инвесторлор. «Алыскы чет өлкөлөрдүн инвесторлору» дегендердин көпчүлүгү да Кипр оффшордук зонасында, Багам аралдарында ишкана түзүп алышкан ошол эле казакстандык, орусиялык инвесторлор.

Бирок Абдынасыров жана анын кесиптештери бул мамлекеттердин ич арасындагы «портфелдик инвестициянын» көлөмү канча экендигин айтып бере алышпады.

Ысыккөлгө барганда маалымат алмашуу тууралуу сөз болуп, аны алар ошол жерден такташат экен. Алар ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн ортосунда жалпы фондулук рынок түзүш үчүн тоскоолдуктарды алып салуу керек экендигин айтышты. Орусиянын Баалуу кагаздар боюнча федералдык комиссиясынын төрагасынын орун басары Геннадий Колесниковдун жана Казакстандын Улуттук банкынын алдындагы финансылык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Галина Шалгимбаеванын айтуусу боюнча, ЕврАзЭСке кирген өлкөлөрдүн баары корпоративдик башкаруу жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды кабыл алышкан. Аларда чет өлкөлүк инвесторлорго жетишерлик укук берилген.

Геннадий Колесниковдун айтымында:

- Негизинен биздин мыйзамдар жетиштүү деңгээлде окшош. Тоскоолдуктар мыйзамдарда жана укук системасында эмес. Алар көбүнчө техникалык пландагы же капиталдардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүшүнө байланыштуу тоскоолдуктар. Капиталдардын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө эркин өтүшүн камсыз кылууга байланыштуу бир топ суроолор чыгып жатат.

Уран Абдынасыров орусиялык кесиптешинин оюн толуктап, брокерлерге бир өлкөдөн берилген лицензия экинчи өлкөгө жарабастыгын, эгерде ал башка өлкөдө операция жүргүзгүсү келсе, ал ошол өлкөдөн дагы бир сыйра каттоодон өтүп, уруксат кагазын алууга мажбур экенин, бул болсо жалпы рынокту түзүүгө тоскоол болуп жатканын белгиледи. Мындай кош лицензия баалуу кагаздарды чыгарууда жана жүгүртүүдө да талап кылынат. Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ЕврАзЭСтин адистери ушул сыяктуу тоскоолдуктарды аныкташып, аларды жоюунун жолдору жөнүндө пикир алышмакчы.

Сапар Орозбаков, Бишкек 3-сентябрда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин кеңешинин IV сессия ачылды.

КМШ өлкөлөрүнүн эсеп палаталарынын жетекчилеринин кеңешинин сессиясы 3 күнгө созулуп, анда жетекчилер мамлекеттик жана бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын текшерүү боюнча тажрыйба жана маалымат алмашышат, биргелешкен жана жанаша текшерүү иштерин жүргүзүү тууралуу макулдашышат. Сессияга Беларусь, Өзбек жана Түркмөн республикаларынан башка өлкөлөрдүн эсеп палаталарынын төрагалары бүт келишкен. Орусиянын делегациясын анын Эсеп палатасынын төрагасы Сергей Степашин баштап келген. Сессияны Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Азамат Кангелдиев ачып, Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Алтай Бөрүбаев жана Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Мисир Ашыркулов куттуктоо сөзүн сүйлөштү. А.Бөрүбаев каражаттары үнөмдөөдөгү эсеп палатасынын ролуна токтолду:

- Биз, парламентирийлер, мамлекеттик жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөөдөгү финансылык көзөмөл органдарынын ролун жогору баалайбыз. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттери мамлекеттик финансылык көзөмөл органдарынын бүтүмдөрүн жана сунуштарын кунт коюп угушуп, өз иштеринде пайдаланышат. Силер өзүңөрдүн ички проблемаңардын алкагында кала бербей, маалымат жана тажрыйба алмашып, ушундай кеңеш курганыңар мени кубандырат. Бул силердин КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясына кошкон зор салымыңар болуп эсептелет.

Сессияда эсеп палаталарынын жетекчилери бюджеттик акчалардын пайдаланылышын текшерүүнүн жаңы жолдору жөнүндө пикир алышмакчы. Алар бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келген «натыйжалуулуктун аудити» аттуу ыкманы ишке киргизүүнүн жолдорун талкуулашат. Бул ыкма туралуу Кангелдиев мындай деди:

- Биз үчүн азыркы чоң маселе «натыйжалуулуктун аудитине» өтүү болуп эсептелет. Биз азыр илгерки ыкмалар менен текшерүү жүргүзөбүз. Текшерүүгө барып, цифраларды карап көрүп, «тигиндей же мындай финансылык мыйзам бузуулар бар» деп айтып жатабыз. Маселе анда эмес. Маселе акча кандай натыйжа берип жаткандыгында. Ал акча өзүнүн максатына жетип жатабы, элге жеттиби, пайда берип жатабы – суроо ушундай коюлушу керек. «Натыйжалуулуктун аудити» ошол суроолорго жооп берүүгө жардам берет.

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилери Бишкектеги жыйында бир гана келишимге кол коюшат. Ал – биргелешкен жана жанаша текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу келишим. Ал эми Сергей Степашин сессияда каралчу маселелерге токтолду:

- Биз биргелешкен жана жанаша текшерүүлөрдүн айкын формалары жөнүндө сүйлөшөбүз. Анткени, ачык эле айталы, экономика, бажы, мунай, электр энергиясы, аскердик-техникалык кызматташуу багыттарында иштелип чыккан долбоорлор, тилекке каршы, көп учурда алга жылбай жатат. Ошондуктан бул чөйрөлөрдө биргелешип иш жүргүзөлү деп чечтик. Азамат Кангелдиев Кыргызстан менен Орусиянын эсеп палаталары биргелешип Кыргыз-Орус (Славян) университетин текшеришкенин билдирди. Анын айтымында, мунун жыйынтыгы тууралуу да пикир алмашуу болот.

КМШ өлкөлөрүнүн финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин кеңеши 2000-жылдын ноябрында түзүлгөн. Бирок КМШнын уставында мындай орган каралган эмес. Ошондуктан алар уставга өзгөртүү киргизип, кеңешти мыйзамдаштыруу маселесин КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин алдына коюшмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG