Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:37

Экономика

Чолпон Орозобекова, Бишкек СССР ыдырагандан бери кыргыз темир жолу кризистен чыга албай келет. Поезддер жана жүк ташыган вагондор эскирип, тармактын мамказынага жана башка өлкөлөргө карызы эгемендиктин алгачкы жылдарында оңбогондой өсүп кеткен. Ушул көйгөйлөрдүн тегерегинде Темир жол башкармалыгынын жетекчиси Иса Өмүркулов ой бөлүшөт.

- Иса Шейшенкул уулу, СССР ыдырагандан бери Кыргызстандын темир жол тармагы кризистен чыгалбай келатат. Деги темир жолдун акыбалын оңдогонго мүмкүнчүлүк барбы?

- Темир жол өзүнөн-өзү кризисте турбайт. Биздин темир жол жүк ташуучу болуп саналат. Биз Кыргызстандын экономикасынан толугу менен көз карандыбыз. Завод-фабрикалар иштесе бизге да жумуш табылат. Учурда канча жүк болсо да ташыганга даярбыз. Албетте, көйгөйлөр да жок эмес. Алардын эң башкысы - вагондордун жана локомотивдердин эскиргени. Бүгүн поезддерди же жүк ташуучу вагондорду жаңыртууга каражат табыш кыйын. Бир локомотивдин баасы - 1,5 миллион доллар. Бир поезддин наркы 3,5 миллион долларга чейин барат. Жүргүнчүлөрдү ташыган вагондордун бирөө эле 600-700 миң доллар турат. Жүк ташыган вагондордун көп түрлөрү бар, орточо баасын айтайын - 25-30 миң доллар. Азыр өзүбүздүн ремонттук базаны чыңдап, жаңы станокторду алуудабыз. Орусиянын заводдору менен тыгыз байланышта иштеп, айрым тетиктерди алардан түз алып, бузулган же сынган вагондорду оңдоп жатабыз.

- Кыргыз темир жол башкармалыгы жумушчуларына жана мамказынага карыз болгону аз келгенсип, Орусияга да олчойгон карызы бар эле. Карыздар бир аз азайып калдыбы?

- Бул эми 1996-жылдан бери келаткан окуя. Жумушчулардын айлыгына 24 миллион сом карыз болчубуз. Андан тышкары салыкка да карыз оңбогондой өскөн. 2000-жылдан бери четинен кутулуп келатабыз. Соцфондго 54 миллион сом карызыбыз бар эле, анын негизги бөлүгүн кайтарып берип, учурда бир аз айып үчүн тагылган каражат мойнубузда. СССР темир жолунун жалпы карызын бардык постсоветтик өлкөлөргө бөлүштүргөндө бизге 10 миллион доллар тийген. Ошол акчаны Орусияга жыл сайын берип атып бир кыйла азайттык. Мисалы, былтыр 1 миллионго жакын швейцар франкын төлөп бердик. Бүгүн Орусия менен биздин ортосубузда эсеп-кысап мамиле оңолуп калды. Учурда баланстык сальдо тең. Ошондуктан карыздар боюнча бир аз санаам тынчып калган кез.

- Бул кызматка жаңы келген жылдары кол алдыңыздагы жумушчуларыңыз «Өмүркулов жоголсун» деп Өкмөт Үйүнө, парламентке чейин барышты эле. Азыр жамаатыңыз менен тил табышып калдыңызбы?

- Кол алдымда 5 миң киши иштейт. Баарына жагыш, тилин табыш кыйын экен. Эми кемчиликтер деле болгон. Балким, ошого жараша сын-пикирлер айтылгандыр. Башкармалыкка караштуу 15ке жакын ишкана бар. Жетекчилери менен да иштеше билиш керек. Бирок, бардык кыйынчылыктар артта калды. Азыр андай процесстер токтоп, жалаң иш менен алек болуп атабыз. Менин бир көздөгөнүм - темир жолдун абалын оңдоо. 2001-жылы 80 миллион сом киреше алдык. Былтыр 36 миллион сом киреше таптык. Жумушчулардын айлыгын 25% көтөрүп, учурда орточо айлык 3,5 миң сомго чыкты. Андан тышкары социалдык камкордуктар бар. Арзан көмүр беребиз, жол киреге да жеңилдиктер берилип атат. Жылдан-жылга акыбал оңолуп келатат. Жүк ташуунун өлчөмү былтыр мурункуга салыштырмалуу 46% көбөйдү.

- «СССРден калган поезддер эскилиги жетип, эчак иштен чыккан» деген пикирлер көп угулат. Вагондорду жаңыртыш үчүн миллиондогон долларды деги таба албасыбыз анык. Айтыңызчы, азыр жүрүп аткан поезддердин акыбалы дурус элеби?

- Албетте, вагондордун ар биринин өз мөөнөтү болот. Ишке жарамдуу мөөнөтү бүткөндөн кийин аны колдонгонго эч акыбыз жок. Бул коопсуздук үчүн коркунучтуу. Жетекчи катары менин башым экөө эмес да. Биз деле элдин кырсыкка учурашына жол бербейли деп аракет кылабыз. Эски экени калетсиз, бирок техникалык жактан, коопсуздук жагынан инструкцияларга жана Мамстандартка жооп берет. Ошондой эле сапарга чыгаарда ар бирин дыкат текшерген адистерге толук ишенем. Сигнализация, байланыш, энергия менен камсыз кылуу жаатында эски, мыкты адистер иштешет. Славян улутундагы тажрыйбалуу адистер сакталып калган.

- Орусиянын шаарларына каттаган Түркмөнстан менен Тажикстандын поезддерин тазалык жана тартип жоктугунан расмий Москва жаап салган. Москва так ушундай эле себептер менен Бишкектен каттаган поезддерди да жабуу ниетин билдиргени чынбы?

- Кыргыз поезддерин биздин аймакта өзүбүз текшеребиз. Орусияга киргенде биз тийише албайбыз. Орусиянын бажычылары, чек арачылары жана милициясы текшерет. Казакстандын аймагынан да казактар өздөрү текшерүүгө укуктуу. Чынында кээде ар кандай дооматтар болот. Көп учурда негиздүү айтылат. Андай тартип бузуулар боюнча айтылганда дароо катуу чара көрөбүз. Жакында техникалык кеңешти угуп, бир топ жумушчуларды кызматтан алдым. Бирок, Орусия биздин рейстерди жабуу жөнүндө сөз кыла элек.

- Ылайым Орусияга каттаган поезддер жүрүп эле турса экен. Канчалаган кыргыздарды жан бактырып атат. Ушул тармактын башында турган адам катары айтсаңыз, эмне үчүн «кыргыз поезддеринде тартип жок, тазалык жок» деген дооматтар көп болот?

- Билбейм, менимче кептин баары элдин жалпы маданиятында го. Канчалык аракет кылып атабыз, баары бир ушундай көрүнүш болуп атат. Аны танбайм. Анын үстүнө айрым адамдардын өз милдетин аткарбаганы, билимсиздиги жана уятсыздыгы. Башка эч нерсе дей албайм.

- Орусия менен Казакстанды эле алсак, темир жолдон жакшы киреше көрүп, жанын тыңыраак багып атышат. Кыргызстан келечекте темир жол аркылуу көтөрүлө алабы?

- Биздин темир жол толугу менен жүк ташуучу болуп саналат. Биз экономиканын кан тамырыбыз, ар бир кыймылыбыз - өндүрүш кандай иштеп атканынын көрсөткүчү. Дагы бир жолу кайталайм, эгер өнөр жайы иштесе, канча жүк болсо да ташууга даярбыз. Анын үстүнө бизде транзит жок. Эмне үчүн Казакстандын темир жолу кирешелүү? Казакстандын темир жолу аркылуу кыргыздар, тажиктер жана түркмөндөр Орусияга каттап атпайбы. Дружба-Лашенково станциясы аркылуу Кытайга да өтүп атабыз. Тажикстандын темир жолунда 108 чакырым гана транзит бар. Ошол кенедей жол аркылуу эле тажиктер жылына 50 миллион доллар киреше көрүшөт. Себеби, биз Ферганага жүк ташыганда ошол транзит жол аркылуу өтөбүз. Кашгар-Торугарт-Жалалабад-Анжиян жолунун курулушун эртерээк башташ керек. Менин ушул жолдо үмүтүм чоң.

Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан жылына 20 тоннага жакын алтын өндүрөт. Эксперттердин айтуусу боюнча, алтын өндүрүүнү дагы көбөйтсө болот. Өлкөдө чалгындалып бүткөн көп сандаган алтын кендеринде 1000 тоннадан ашык алтын корлору бар. Бирок Макмал жана Кумтөр кендеринен башка кендер дагы эле иштетилбей турат. Иштетилип жаткан кендер болсо өлкөгө күткөндөй натыйжа бербей жатат.

Шаршемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандагы алтын өндүрүүнүн келечеги жана «Кумтөр» долбоорунун экономикага кошкон салымы» деген темада парламенттик угуу өткөрдү. Анда маселе кеңири коюлганы менен, сөз негизинен Кумтөр жөнүндө болду. Маселе боюнча маалымат берген «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов Кумтөр алтын кенин иштетүү Кыргызстанга күткөндөй пайда бербегендигин мойнуна алды:

- «Кумтөр голд компани» 6 жыл ичинде 115 тонна алтын өндүрдү. Ошол эле мезгилде Кыргызстан техникалык-экономикалык негиздемеде белгиленген 188 млн. доллардын ордуна 63 млн. гана доллар, башкача айтканда 3 эсе аз киреше алды. Ошентип Кумтөр биздин үмүтүбүздү актаган жок.

Кудайбергенов кирешенин күтүлгөндөй түшпөй калышынын 3 себебин атады. Алар – алтындын баасынын түшүп кетиши, «Камеко» менен кол коюлган келишимдерде дивидендге үмүт артып, гарантиялуу түшө турган салыктардан баш тартуу жана алтын иштетүүчү комбинаттын кымбатка курулушу.

- Алтынды сатуудан түшкөн 1 млрд. 146 млн. доллардын 417 млн. доллары, же 37% кредиттерди жана алардын проценттерин төлөөгө кетти. Акча мына ушул жакка кетти. Салык жана социалдык төлөмдөр болгону 52 млн. долларды түздү. Эгерде өкмөт келишимге кол коюп жатканда парламентти укпай, Кумтөрдү салыктан бошотпой койгондо, Кыргызстан дагы 60 млн. доллар алмак, – деди Камчыбек Кудайбергенов бул үчүн ошол кездеги депутаттарды күнөөлөп. Бирок анын бул сөзүн отургандар күлкү менен кабыл алышты.

«Кыргызалтындын» жетекчисинин айтуусунда, Кумтөр алтын кенинде эми казыла турган 100 тонна алтын калды. Эгерде алтындын баасы 1 унция үчүн 310 доллар болсо, Кыргызстан андан 160 млн. доллар киреше алат. Бирок «Кыргызалтын» «Кумтөр голд компанинин» 2/3 акциясын «Камекого» сатылышын жактайт. Камчыбек Кудайбергеновдин айтымында, эгерде Кыргызстан Кумтөрдү «Камекого» берсе, 160 млн. доллардын ордуна 170 млн. доллар алат.

- Биздин эксперттер оң тыянак чыгарып беришти, бирок ал мен үчүн жетишсиз. Кокус бирдеме болуп кийин «Камеко» менен соттошууга туура келсе, сот Нью-Йоркто болот. Мага эл аралык эксперттердин тыянагы керек. Ошондуктан биз «Камеконун» сунуштарын чет өлкөлүк экспертизага бердик, ал азыр бүтүп калды, - деди Кудайбергенов. Ал эми акцияларды «Камекого» өткөрүп берүүгө каршы болгондорго ал мындай деди:

- Биз «Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбай жатат» деп атабыз. Эми ушундай сунуш түшүп жатса, «баш тартыш керек» деп айтабыз. Алар мага «өзүңөр келишимге өзгөртүү киргизели деп суранасыңар да, киргизели десек, баш тартасыңар» деп айтып жатышат.

«Кыргызалтындын» жетекчиси 3-4 жылдын ичинде алтын өндүрүү 30 тоннага жеткирилээрин белгиледи. Бирок депутат Орозбек Дүйшеев буга ишенбейт:

- Бул цифра Талдыбулак жана Жерүй алтын кендери иштей баштайт дегенден улам чыккан сөз. Алардын 3-4 жылда ишке кириши күмөн.

Биз парламенттик угууну өткөргөн Курулуш, кен байлыктар, транспорт жана коммуникация комитетинин төрагасы Ишенбей Кадырбековдун пикирин сураганыбызда, ал алтын өндүрүшүндө көп баш-аламандыктар бар экендигин, маселени кылдат карап чыгуу зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, комитет бул маселени парламенттин кароосуна койот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG