Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:02

Экономика

Кыймылсыз мүлккө cалыктын кириши калктын жарды катмарынын жашоо-тиричилигине терс таасирин тийгизбейби? Кыргыз өкмөтү салыктын киришине байланыштуу кандай социалдык кепилдиктерди бере алат? Ушул жана башка маселелерди 7-апрелде Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын жамааты өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуулады.

Кыймылсыз мүлктөн салык алууну камсыздаган “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 28-мартта кабыл алган. Көпчүлүк байкоочулар муну менен мыйзамдын негизги тоскоолдуктан өткөнүн баса белгилешүүдө. Ошондой болсо да мыйзам Эл өкүлдөр жыйынынын жана президенттин макулдугун алгандан кийин күчүнө кириши керек. Эл өкүлдөр жыйыны болсо мыйзамга өз пикирин айтыш үчүн 8-апрелге чукул сессия чакырды.

Калк ичинде салыктын бул жаңы түрү көптөгөн бүдөмүк пикирлерди жана суроолорду жаратууда. Ушундан улам Кесиптик бирикмелер федерациясы финансы министри Болот Абилдаев менен Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинин башчысы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул Кесиптик бирикмелер федерациясынын кыймылсыз мүлккө салык маселесине экинчи ирет үн кошуп жатышы. Биринчи ирет Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусунда федерациянын кеңешинин 21 мүчөсү салыктын бул жаңы түрү жумушсуздукка жана банкроттукка алып келээрин эскертип, кыймылсыз мүлккө салык киргизүүнүн эртелигин белгилеп, өз сунуштарын жолдогон.

Бул жолугушууда федерация өкүлдөрү министрлердин мыйзамга карата негиздемелерин угушту. Алар тышкы карыздан кутулуу жана жергиликтүү бюджетти колдоо максатында кабыл алынган мыйзамды ишке киргизиш үчүн дагы кылдат аракеттер керек экендигин белгилешти. Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын төрагасы Сагын Бозгунбаев буларга токтолду:

- Биздин өкмөт менен башкы макулдашуубуз бар. Биз бейкут өлкө, жарандык макулдук болгон шартта гана өкмөттөн социалдык маселелер боюнча толук талап кылууга болоорун түшүнөбүз. Бул салык кандай болгон күндө да жумушчу орундарга азыр кыйыр түрдө, кийинчерээк түздөн-түз таасир этет. Ушудан улам бул маселе уюмдардын тынчын кетирип жатат.

Көпчүлүк кесиптик бирикмелердин жетекчилерин бул маселе боюнча ишенчиликтүү кепилдиктердин жоктугу тынчсыздандырууда. Маселен, жаңы кирип аткан мыйзамда кыймылсыз мүлктү баалоочу комиссияга, салыктан бошотулуучу мүлктүн тизмесине, салык наркынын чектерине байланышкан маселелер бүдөмүк бойдон турат. Лидерлердин бири, Өнөр жай, коммуналдык тейлөө жана ишкердик тармак кызматкерлеринин кесиптик бирикмелеринин борбордук комитетинин төрагасы Вениамин Срулевич бул боюнча мындай дейт:

- Мыйзамда салыктын чеги 500 миң сом делип, анын 0,35% салык катары кармалаары айтылат. Бирок, жарым жыл, бир жыл же эки жылдан кийин салык алуучу кыймылсыз мүлктүн чектелген наркы 200 миңге чейин жетип, анын 1,5%на чейинкиси салык катары алынбай тургандыгына кепилдик кайда? Мунун баары суроо бойдон турат. Ошондуктан, мындан ары мунун баарын өтө кылдат, кунт коюу менен карап чыгыш керек.

Кесиптик бирикмелердин жетекчилери, мындан тышкары, салыктарды көбөйтүү менен бирге маянага маани бербей жатканы үчүн өкмөттү сындады. Натыйжада азыр минималдык айлык акы 100 сомдон ашпаган бойдон турат. Бирок, финансы министри Болот Абилдаевдин пикирине караганда, тышкы карыздан кутулмайынча, тарифтерди кайра кароого бюджеттин чамасы жетпейт:

- Эгер биз келерки жылдын 30-сентябрында аяктай турган үч жылдык программаны аткарсак, Кыргызстандын 450 миллион доллар карызын кечүүгө шарт түзүлөт. Бул бир жылдык бюджеттен көбүрөөк каражат.

Министрдин айтымында, карыздардан жеңилдегенден кийин гана тарифтерди көтөрүү сыяктуу жагдайларды жөнгө салууга шарт түзүлөт. Бул болжол менен 2007-жылга туура келет.

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл Кыргызстандын салык системасына көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилип жатканы маалым. Коомчулук аларды бюджетти толтурууга жасалган аракет катары баалап жатат. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бейшембиде журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, «салык системасындагы азыркы жүргүзүлүп жаткан реформалардын максаты - мурда кирип калган салыктарды базар экономикасынын талаптарына жооп берген жаңы салыктар менен алмаштыруу» деп түшүндүрдү.

Айыл чарбасына кошумча нарк салыгынын жана кыймылсыз мүлккө салыктын киргизилиши коомчулуктун катуу каршылыгын жаратканы маалым. Финансы министрлиги «Эл аралык Валюта Фонду талап кылып жатат, эгер мындай салыктарды киргизбесек, Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызын кечпей коет» деп атып, бул салыктарды парламенттен өткөрүп кеткен болчу. Бирок вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтканына караганда, кеп Эл аралык Валюта Фондунда деле эмес. Анын айткандарынан «бул салыктар кыргыз өкмөтүнүн өз демилгеси менен эле салык системасын реформалоонун жаңы концепциясына ылайык киргизилип жатат» деген бир гана тыянак чыгарса болот.

- Мурда айыл чарбасына кошумча нарк салыгын кабыл алышып, эми кыймылсыз мүлккө салык киргизишип, биздин мыйзамчылар жана өкмөт цивилизациялуу базарга кадам жасаганын көрсөтүштү. Салыктын мындай түрлөрү биздин тегерегибиздеги өлкөлөрдүн баарында бар. Биз цивилизациялуу базарга карай баратабыз, - деди Жоомарт Оторбаев акыркы кезде жүргүзүлүп жаткан салык реформасынын максатын түшүндүрүп жатып.

Ал, өкмөт бул салыктарды киргизип гана тим болбостон, базардын талабына жооп бербеген жол жана өзгөчө кырдаал боюнча салыктарды жое турган ою бар экендигин да белгиледи. Бирок кийинки сөз болгон салыктардын качан алынып салынаарын тактаган жок. Ал эми «салык бюджетти толтуруш үчүн гана киргизилип жатат» деген сын пикирге, Жоомарт Оторбаев:

-«Өкмөт ишкерлерге көтөрө алгыс салык салып жатат, минтип атып бизнести талкалайт» деген көп сөз болуп жатат. Бардыгы салыштыруу аркылуу түшүнүктүү болот. Биз жыйнаган салыктардын баары чогулуп ички дүң продуктунун 14% эле түзөт. «Башка өлкөлөрдө кандай» деген суроо туулат. Реформа жүргүзүү жагынан алдыда деген Польша, Венгрия, Чехия өңдүү Борбордук Европа өлкөлөрүн алалычы. Аларда аталган цифра 36-38% түзөт,- деп жооп берди.

Ж.Оторбаевдин айтымында, Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан салык реформасынын дагы бир максаты бар. Ал - Кыргызстандын салык системасын кошуна өлкөлөрдүн салык системасына ылайыкташтыруу. Вице-премьердин айтуусу боюнча өкмөт ушул максатты көздөп, дары-дармектерден жана башка медикаменттерден кошумча нарк салыгын алып салды жана күйүүчү майга акциздик салыкты 2 эсе кыскартты. Бул Кыргызстандын ишканаларынын кошуна өлкөлөрдүн ишканалары менен атаандаштыгына туруктуулугун жогорулатат жана көмүскө экономикага күчтүү сокку болот. Оторбаевдин сөзүнө караганда күйүүчү майга акциздик салыктын азайтылышынан бюджет деле зыян тартпайт.

- Буга биздин бир жыл убактыбыз кетти. Биз баарын, анын ичинде кредиторлорду да бул салыкты төмөндөтө алаарыбызга ишендирдик. Формалдуу түрдө бюджеттин кирешесин азайтканыбыз менен, иш жүзүндө аны көбөйтөбүз. Биз быйыл күйүүчү майдын акцизинен жана кошумча нарк салыгынан 700-800 млн. сом түшөт деп күткөн болчубуз. Эми иш жүзүндө алардан 1 млрд. сомго жакын акча түшөт, - деди Жоомарт Оторбаев.

Мунун далили катары ал мындан мурдараак жоюлган медикаменттерге салынган салыкты атады. Анын айтымында медикаменттердин мыйзамдуу импорту болуп көрбөгөндөй өскөн. Алардын баасы болсо 20% төмөндөгөн. Жоомарт Оторбаев өкмөт ошондой эле тамекинин акцизин да кошуна өлкөлөрдүкүндөй кылууга кам көрүп жатканын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG