Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Экономика

Венера Сагындык кызы, Прага шаары. Орусиянын Иракта ири экономикалык кызыкчылыктары бар. Москва – Багдаддан эски Советтер доорунан бери келаткан ири өлчөмдөгү карызын кайтарып алууга, ошондой эле соңку жылдары Саддамдын өкмөтү менен кол коюлган мунайга байланыштуу келишимдердин аткарылышына өтө куштар. Соңку күндөрү америкалык өкүлдөр Ирактагы согушка каршы чыккан Орусия эми ал пландарына көп деле үмүт артпай койсо болот дегендей билдирүү жасашты. Энергетика боюнча эл аралык эксперттер болсо, Орусия менен Ирактын ортосунда түзүлгөн мунай боюнча келишимдерди күчүндө калтырууга үндөп жатышат.

Энергетика боюнча эл аралык эксперттер АКШны Орусиянын согушка чейин Ирак менен түзүлгөн мунай боюнча келишимдерин күчүндө калтырууга үндөп, антпесе дүйнөдөгү жалпы инвестициялык чөйрөгө олуттуу сокку урулаарын эскертишти. Бирок, маселени татаалданткан башка да жагдайлар бар, айтсак, согушка чукул калганда Саддамдын өкмөтү орусиялык "Лукойл" компаниясы менен кол коюлган келишимди жокко чыгарганын жарыялаган, калган келишимдердин басымдуу бөлүгү кагазга жазылган бойдон жүзөгө аша элек документтер.

Ошентсе да, адистердин эсеби боюнча, орусиялык компаниялар Бириккен улуттар уюмунун санкциялары жоюлаар замат Ирактын мунай кендерин иштетүүгө даяр экенин билдирип, алдын-ала өтө ири суммадагы контракттарга кол коюуга жетишкен. Өткөн айда орус өкмөтүнө караштуу "Зарубежнефть" мунай компаниясынын башчысы Николай Токарев "Время новостей" гезитине берген интервьюсунда Иракта согуш болуп калса, өзү жетектеген компания кол койгон келишимдер боюнча 180 млн долларлык жоготууга учураарын маалымдаган. Ага удаа орусиялык эң ири мунай компаниясы эсептелинген "Лукойлдун" вице-президенти Леонид Федун алардын ишканасы Ирактагы эң чоң мунай кендеринин бири – Батыш Курнаны иштетүү боюнча наркы 20 млрд долларлык контракт түзүп койгонун жар салды. Федундун айтымында, 97-жылы кол коюлган келишимге ылайык, "Лукойл" компаниясы 23 жыл бою Ирактын Батыш Курна кенинен күнүнө 600 миң баррель мунай өндүрүп-экспорттоо милдетин өзүнө алган. "Эгерде кимдир бирөө согуштан пайдаланып, бул келишимди бузса, биз дароо Женевадагы Эл аралык арбитраждык сотко кайрылабыз", - деп эскертти "Лукойлдун" өкүлү.

Москвалык чет элдик инвестициялар боюнча эксперт Валерий Нестеров "Лукойл" компаниясы Ирактагы инвестициялык пландарын коргоп калышы ажеп эмес деп эсептейт:

- Орустарда "үмүт эң акырында өлөт" деген учкул сөз бар. Анысы кандай, эгерде түзүлгөн келишимдер эл аралык укуктук нормаларды колдонууга жол берсе, "Лукойл" Ирактагы кызыкчылыктарын коргоп калаары ажеп эмес. Азырынча эч ким дал ошондой болот деп кепил боло албайт, бирок "Лукойл" да акырына дейре күрөшөөрү айныксыз.

Ал анткен менен, Лондондук экономикалык серепчи Лаза Кекис 15 млрд баррелдей мунай бугуп жаткан Батыш Курна кенин согушта жеңген Америка менен Британия Орусияга оңой эле алдырып ийээри күмөндүү деген пикирин айтат:

- Менимче, Орусия Ирактагы кайра куруу иштеринде негизги ролдордун бирин ойнойт деп ойлоонун өзү осолдук экени талашсыз. Анын үстүнө АКШ Конгресси согушка каршы чыккан Орусия өңдүү мамлекеттер Ирактагы кайра куруу иштерине жолотулбайт деген чечим кабыл алып койгон эмеспи.

Чынында эле Иракта согуш баштала элек чакта, 4-мартта эле АКШнын Өкүлдөр палатасы Бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү мыйзамды талкуулап жатып, согушка каршы блоктун башында турган Франция, Германия, Орусия жана Сирия – Американын Иракты калыбына келтирүү боюнча долбоорлоруна катыша албайт деген чечим чыгарып койгон.

Андан бери кырдаал өзгөрдү, согуш аяктап калды, энергетика боюнча эл аралык эксперттер, БУУнун тийиштүү агенттиктеринин өкүлдөрү АКШга кайрылып, Ирактын мунайын иштетүү боюнча эски контракттарды таанууга үндөп, антпесе дүйнөлүк экономикага аба менен суудай дем берип турган инвестиция чөйрөсүнө катуу сокку урулаарын эскертишти. Андан уламбы, айтор, 5-апрелде жолугушкан ирактык бозгундар менен АКШнын расмий өкүлдөрү Орусия менен Франциянын мунай компанияларын кыйын абалдагы Ирактын мунай өндүрүшүн жандантууга активдүү катыштырууну макулдашышты.

Ошентсе да, орусиялык компаниялардын Саддамдын өкмөтү менен түзүлгөн дымактуу келишимдеринин баары ишке ашаарын айтуу азырынча эртелик кылаары шексиз. Айрым адистер Орусиянын мунай компанияларынын эсебинде ошончо каражат бар экени да күмөндүү, Багдад алар келишимдердеги кээ бир шарттарды аткарбай койгонунан улам контракттар жоюлаарын жарыялаган болчу деп белгилешет.

Дүйнөнүн эң өнүккөн экономикасы болуп эсептелген Кошмо Штаттар үч жылдан бери төмөндөө тилкесинен чыга албай келатат. Президент Буш экономикалык стимул катары федералдык салыктарды кыскартууну сунуштап жатат. Бирок адистер мындай чара дайыма эле натыйжалуу боло бербей турганын белгилешет.

Буштун Конгресске жолдогон сунушуна ылайык, федералдык бюджетке түшчү салыктар 726 миллиард долларга кыскартылмакчы. “Мындай кескин кадам улуттук экономиканы жакшыртуунун негизги чарасы”, - деп белгиледи президент.

Шаршембиде президент Буш чакан ишкерлер менен жолугушуп, салыктарды кыскартуу турумунан тайбай турганын айтты. Бирок мурун сөз 726 миллиард доллар жөнүндө болсо, эми президент бул санды 550 миллиард долларга чейин азайтканын жарыялады:

- Конгресс улуттун кызыкчылыгында мүмкүн болушунча тезирээк өнүгүүгө багытталган экономикалык пакетти кабыл алууга тийиш. Салыктарды 550 миллиард долларга кыскартуу менен экономикалык өсүшкө жете алабыз.

Конгресстин өкүлдөр палатасы бул сунушту жактыра элек, ал эми Сенат 350 миллиард доллардан ашпай турган кыскартууга макул болоорун билдирди. Ошентип, президент өз талабын Өкүлдөр палатасы жактырган суммага чейин төмөндөтүп, андан соң Сенат менен орток тил табууга үмүткөр.

Буштун бул демилгесине коомдук колдоо топтоо максатында Ак Үй 25 расмий өкүлүн өлкөнүн булуң бурчунда өтүүчү ар кандай иш-чараларга катышуу үчүн аттандырды.

Экономисттер болсо: “ Салык кыскартуу - экономикалык өбөлгө ыкмасы катары жакшы чара, бирок президент мындай кадам үчүн туура убакыт тандап алдыбы? Маселе дал мына ушунда”, - дешүүдө.
Президент Клинтондун тушунда Ак Үйдүн бюджет боюнча директору болуп иштеген Элис Ривлин 2001-жылкы салык кыскартуу натыйжалуу болду дейт:

- Менимче, 2001-жылкы салык кыскартуулар кыйла болгону менен, кыска убакыттын ичинде натыйжа алып келди. Андай натыйжалардын бири – каражатты калкка кайра кайтарып берүү болду. Бул иш-чара экономиканы төмөндөөдөн сактап калды.

2001-жылдын күз айларында америкалыктар андан алдыңкы жылкы салыктардын кыскартылышына байланыштуу өкмөттөн компенсациялык чек алышкан. Калкка жүз миң доллардык каражат 2000-жылы ашыкча салык кармалгандыгы үчүн кайтарылып берилген.
Ривлиндин айтымында, бул жолу мындай механизм иштебей калышы мүмкүн. Анткени Буштун жаңы сунуштары кыска мөөнөткө эмес, 10 жылга мерчемделген.

Жорж Вашингтон университетинин профессору Роберт Данн болсо Ривлиндин бардык пикирлерине кошулбайт. Анын оюнча, салыктарды кыскартуу АКШ үчүн олуттуу огожо болуп бериши мүмкүн. Кирешелүү кызмат орундарын көбүрөөк түзүү аркылуу федералдык бюджеттин таңсыктыгын азайтууга мүмкүн деп эсептейт эксперт. Ошол эле мезгилде Данн мырза, Буштун азыркы планы көп баскычтуу болгондуктан, иштеп кете албай да калышы ажеп эмес деп санайт:

- Буштун администрациясы сунушун кайра карап чыгып, азыр канча салык кыскартыла алаарын караштырышы абзел. Он жылды мындай коюп, бүгүнкүнү ойлош керек. Анткени экономика ушул тапта стимулга муктаж.

Ал эми айрым конгрессмендер, алардын арасында Республикачыл партиянын өкүлдөрү да бар, мамлекет башчынын жаңы демилгесин четке кагышууда. Алардын айтымында, 2000-жылдан бери федералдык бюджеттин тартыштыгы улам өсүүдө.

11 сентябрдагы террордук окуялар менен Ирак согушуна сарпталган чыгымдар экономикадагы басаңдоону ого бетер күчөттү. Конгресстин бюджет боюнча башкармалыгынын маалыматына карасак, президенттин долбоору ишке ашса, бюджеттин таңсыктыгы 10 жыл ичинде дээрлик 2 триллион долларга жетиши толук ыктымал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG