Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:42

Экономика

Азыркы доорду автомобилсиз элестетүү кыйын. Убакыт алга жылган сайын техниканын жаңы түрлөрү чыгып, дүйнөгө тарап жатат. Совет доорунда жалаң орус машиналарын гана билсек, эгемендүүлүккө жеткени чет өлкөлүк түрдүү үлгүдөгү автоунаалар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгууда. Кыргызстанда азыр 286 миң автомашина каттоодо турат.

Кыргызстандын жолдорунан түркүн үлгүдөгү чет элдик унааларды көрүүгө болот. Мурда урунулган машиналарды арзан алып, тетиги табылбай күйгөндөр болгон. Азыркы учурда чет элдик машиналарды тейлөөчү станциялар, тетик дүкөндөрү, жайма базарлар көбөйүп, акчага жараша баарын табууга болот.

Бишкектин күнбатыш жагында жайгашкан «Азамат» авто базарында ишемби, жекшемби күндөрү миңден ашуун түрдүү үлгүдөгү автоунаалар сатыкка коюлуп турат. Мурунку көчмөн кыргыздын уул-кыздары эми түркүн темир тулпар минип, техниканын тилин билип да алышты. Кыргызстандык атуулдар Германиянын автобазарларынан арзан баада урунулган унааларды алып келип турчу. Эми Германияга баргандар сейрек болуп, көпчүлүк автобизнес кылган жигиттер Балтика боюндагы мамлекеттерден машиналарды айдап келип жатышат.

Алар кандай жол азабын тартып, түйшүктү баштан кечирип келишээри жөнүндө бишкектик ишкер Ильичбек Чокиев мындай дейт:

«Литва Республикасынын Мариамполь шаарына барып, кыргызстандык кардарлардын көңүлүнө ылайык машиналарды тандап алабыз. Ал машиналар Германиядан алынып келген. Жолдон Латвия Республикасынын чек арасын басып өтөбүз. Латыштарга да бажы салыктарын төлөйбүз, аркы-берки чыгымдарга туш болобуз. Латыштардын автоинспекторлору кылдан кыйкым тапкан өтө катаал.

Псков облусунан Россиянын аймагына өтөбүз. Мында да кыйынчылыктарга туш болобуз. Декабрга чейин кыйынчылыктар аз эле, жаңы жылдын алдында машиналарга залог киргизилип, абдан кыйнашты. 5 сутка Латвиянын аймагында, Россияга кире албай, 400дөн ашуун машина талаада жаттык. Россия залог киргизгенин бизге эч ким кабардар кылган эмес. Биринчи күнү ар бир машина үчүн 400 доллардан төлөгүлө дешти. 5 күндөн кийин гана ар бир машина үчүн 200 доллардан ашыкча төлөп аргасыздан Россиянын аймагына өттүк.

Россиянын автоинспекторлору абдан сөзгө келбеген тежик болот. Ар кандай шылтоолорду таап, айыпка жыгып, көп өлчөмдө акча алышат. Шаар ичине киргенде, шаарлардан чыкканда МАИ сөзсүз токтотуп, тоноп алышат. Казакстанда да ушундай көрүнүштөр кайталанат. Жол тосуп, ар шылтоо менен айыпка жыгып, эгерде төлөбөйм десең, машинаны текшеребиз деп дагы 4-5 күн камап салышат. Аргасыз акча берип өтөбүз. Казакстандын бажы кызматкерлери да техникалык паспортко мөөрүн баспай, алар да тоноп, акча талап кылышат. Мыйзамсыз түрдө акча төлөтүп, бажы салыгын да сөзсүз түрдө төлөп беребиз. Жолдо эле 1 миң доллардан ашык чыгым болобуз».

- Автомашиналардан сырткары да жол тосуп, тоногон рэкеттер да кезигеби?

- Албетте, рэкеттер тоногон учурлар көп болот. Набережные Челны аймагында сөзсүз тосуп, салык салып, коркутуп, үркүтүшөт. Челябинск шаарында дагы рэкеттер тосуп, тоноп алышат.

- Тобокелге баш байлап, машина айдап келип жатасыңар. Ошол мээнетиңер кайтып, пайда көрөсүңөрбү?

- Ушундай жол азабын тартканыбыз менен бир машинадан 300 доллардай пайда көрөбүз.

- Литвадан, Латвиядан сырткары башка мамлекеттерге барып машина айдап келүү мүмкүнчүлүгү барбы?

- Чынында Германияга баруу мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Бирок, ал жактан атайын чакыруу керек. Мурдагыдай ээн эркин барып келүү чектелип калган. Ал эми Жапониянын машиналарын Владивостоктон айдап келсе болот, бирок Россия аймагынан ушундай эле кыйынчылыктарга туш болобуз.

- Кыргызстандыктар үчүн кайсы машиналар ыңгайлуу деп ойлойсуң?

- Кыргызстандыктар «Ауди-100» машинасын көп заказ кылышат. «Фолксфаген- Гольф» машинасы да үнөмдүү, жакшы унаа. «Фольксфаген-Жетта» жана ар кимге өзүнө жаккан машиналарды тапса болот.

Кыргызстандын тоолуу аймагына кандай автоунаалар чыдамдуу келет? Кайсыл үлгүдөгү автоунаалар Кыргызстандыктарга ылайыктуу? Булар - автосүйүүчүлөрдүн жекече көңүлүнө ылайык жооп издетчу суроолор.

Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактагы согуштун соңуна чыгып баратканы таасын айгине боло баштагандан бери саясий турмуштун күн тартибине Ирактын чарбасын калыбына келтирүү жана өлкөнүн согуштан кийинки келечеги жөнүндөгү суроолор койула баштады. Дүйнө өлкөлөрүн Ирактагы саясий жана экономикалык кайра куруу процессине кимдер катышат деген суроо түйшөлтүүдө.

Ирактагы кайра куруу процессине кимдер катышат, жана ага ким жетекчилик кылат деген маселе азыр дүйнө өлкөлөрүн, анын катарында Улуттар Уюму, Еврошериктештик сыяктуу уюмдарды камтама кылууда. Ирак кризиси боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде өкүм сүргөн терең жиктелүүнүн кесепети Иракты кайра куруу маселесине да залакасын тийгизди. Улуттар Уюму менен Еврошериктештик бул процессте башкы роль Бириккен Улуттарга таандык болуш керек деп эсептейт. 8-апрелде АКШнын президенти Жорж Буш менен Британ премьер министри Тони Блэйр бул маселени Түндүк Ирландияда талкуулашып, Улуттар Уюму согуштан кийинки Иракта маанилүү рол ойнойт, деп билдиришти. Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Буш буларды айтты:

- Улуттар Уюму калкты медициналык жактан тейлөө, дары- дармек жана азык-түлүк менен камсыз кылууда, Иракка гумжардам берүү процессин уюштурууда маанилүү роль ойнойт. Жалпылап айтканда, уюм Ирактагы прогресске өз салымын кошот.

Бирок америкалык президенттин Улуттар Уюмуна тек гана гумжардамчынын ролун ыроологон бул позициясы Ирактагы согушка эң биринчилерден болуп каршы чыккан Германиянын канцлери Герхард Шрөдердики менен төп келбейт. Берлинде жасаган билдирүүсүндө Шрөдер мындай деп айтты:

- Иракты калыбына келтирүү иши Улуттар Уюмунун жетекчилиги менен жүргүзүлүүгө тийиш. Бул процессти мыйзамдаштыруунун башка жолу жок.

Ушундай эле көз караш Ирак маселесинде согушка чейин ич ара жиктелип келген Еврошериктештикте да өкүм сүрөт. Еврокомиссиянын өкүлү Диего д Ойеда мындай дейт:

- Еврошериктештиктин баардык мүчөлөрү согуштан кийинки Иракты кайра курууда башкы рол Улуттар Уюмуна таандык болуш керек, деп эсептешет. Иракта түп- тамырынан жаңы, эч кимден көз каранды эмес өкмөттүн орношуна Улуттар Уюму гана данакер боло алат.

Иракты кайра куруу жараяны саясий эле иш эмес, ал миллиондогон доллар өлчөмдөгү ишкер келишимдерди камтыган экономикалык жараян. Өлкөнүн жолдорун, электр энергия жана суу менен камсыз кылуу тармактарын, медициналык мекемелер менен билим берүү системасына караштуу объекттерди калыбына келтирүү иши алдыда күтүп турат. Буга, белгилүү болгондой, олчойгон финансылык каражат керек болот. Ирактын 10 жылдан берки экономикалык эмбаргодон жана согуштан жабыркаган мунай өндүрүү тармагы бул сарптоолорду, албетте, көтөрө албайт. Ошон үчүн бул вазыйпаны кайсы өлкө же уюм өзүнө албасын, ал киреше өндүргөндөн мурда Иракка миллиарддаган доллар инвестиция жасаганга тийиш болот.

International Herald Tribune гезити согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү үчүн кеминде 20 миллипард доллар керек боло турганын жазган. Иракты калыбына келтирүү жараянына башка өлкөлөрдү жолотпосо коалициялык шериктер бул эбегейсиз сумманы өз капчыгынан чыгарууга тийиш болушат. Бул эбегейсиз жүктү Кошмо Штаттар өзү көтөргөнгө даяр экенин билдирип, АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл мындай дейт:

- Азыркы Ирактагы саясий жана экономикалык проблемаларды АКШ менен Британия баш болгон коалиция өзү жаратты, ошон үчүн алар Иракты кайра куруу ишин толук мойнуна алып, өлкөдө демократиялык өкмөт орнотулганга чейинки узак жараянга өзүлөрү жетекчилик кылууга тийиш.

Бул иштен Европанын четтетилүүсү Европа менен Американын ортосундагы жиктелүүнү ого бетер тереңдетиши ыктымал. Буштун администрациясы бул жөнүндө атайын документ даярдап, Конгресстин кароосуна сунуш кылганы жатканын уккан Еврошериктештиктин жетекчилиги маселени тим койбосун билдирди. Еврокомиссиянын төрагасы андай болгондо Еврошаркет бул маселени Дүйнөлүк Соода Уюму менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунда көтөрөт, - деп кесенди.

Бирок ошону менен бирге уюм эки ортодо орун алып жаткан келишпестик уюмдун Ирак элине гумжардам берүү пландарын өзгөртпөй турганына ишендирүүдө. Уюм баары болуп Иракка 100 миллион евро өлчөмүндөгү гумжардам берүүнү пландаштырып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG