Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:43

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек 5-июнда президент Аскар Акаевдин төрагалыгы менен Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин кезектеги отуруму болуп өткөн. Кеңеш адаттагыдай эле жабык эшик артында өткөрүлгөн. Вице-премьер-министр, президенттин чет өлкөлүк инвестициялар боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаевдин айтуусу боюнча, кеңеш үчүнчү инвестициялык матрицанын аткарылышы тууралуу маселени карап, өкмөттүн бул багытта жүргүзгөн ишин канааттандырарлык деп тапкан.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Консультативдик кеңеш мурда кабыл алынган үчүнчү инвестициялык матрицанын аткарылышы боюнча премьер-министр Николай Танаевдин отчетун жана анын өзүнүн маалыматын уккан. Кеңеш бул маселе боюнча өкмөттүн жүргүзгөн ишин канааттандырарлык деп тапкан.

- Үчүнчү матрицанын аткарылышы жакшы болуп жатат. Былтыр тышкы түз инвестициялардын көлөмү 116 млн. долларга жетти. Ал 2001-жыл менен салыштырганда 28% көбүрөөк болду. Инвестициянын сапаты да жакшыраак. Себеби, инвестиция реалдуу сектордо – өнөр жайында, айыл чарбасында көбүрөөк болду. Ошол үчүн кеңеш да инвестициянын сапаттуу болгонун белгиледи, - деди Жоомарт Оторбаев. Бирок үчүнчү матрица толук аткарылган эмес.

- Дагы бир айдын тегерегинде убактыбыз бар. Бирок матрицаны 70-80% чейин ишке ашырдык. Чоң проблема парламентте болуп жатат. Себеби, июнга чейин 42 мыйзамдын 11 гана кабыл алынды. Экономикалык жана инвестициялык климатка зарыл 30дан ашуун мыйзам кезек күтүп турат. Ошол үчүн премьер-министр да, президент да «парламентке «ошол мыйзамдарды кабыл алып бергиле» деп дагы бир жолу кайрылабыз» деп айтышты, - дейт Жоомарт Оторбаев. Анын айтымында, Кеңештин инвестор-мүчөлөрү инвестициянын жолунда жаңы тоскоолдуктардын пайда болуп жаткандыгын айтышты.

Консультативдик кеңеш, үчүнчү инвестициялык саммитти мурда белгиленгендей 28-29-июнда эмес, 26-27 июнда өткөрүү тууралуу чечимге келди. Анткени ал күндөрү Орусиядан Анатолий Чубайс келип, энергетикалык форум өткөрүлөт.

- Бир жарым күндүн ичинде инвестициялар жаатындагы актуалдуу проблемаларды талкуулайбыз. Бул саммитке белгилүү экономист, Орусиянын мурдагы премьер-министри Егор Гайдар келиши керек, - дейт Жоомарт Оторбаев. Анын сөзүнө караганда, саммитте кезектеги, төртүнчү матрица кабыл алынат.

Президенттин алдындагы консультативдик кеңешке президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, президенттин чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О”Киф, «Реемстма-Кыргызстан» акционердик коомунун башкы директору Эдуард Рауш жана Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Фернан Пийонель кирет. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кеңешке жаңы мүчө - «Кумтөр оперейтинг компанинин» директору Эндрю Льюс кабыл алынды.

Сапар Орозбаков, Бишкек Жорж Сорос шаршембиде, Кыргызстандагы өзүнүн иш сапары бүтөөр алдында «Азаттык» радиосунун, «Слово Кыргызстана» жана «Республика» гезиттеринин, «АКИ-пресс» жана «Ассошиейтед-пресс» маалымат агенттиктеринин өкүлдөрүн кабыл алып, Кыргызстандын азыркы абалы жана келечеги тууралуу ой бөлүштү. «Бул жакка мен өтө пессимисттик маанай менен келдим эле. Президент менен сүйлөшкөндөн кийин менде бир аз үмүт пайда болду. Менин оюмча, 2 жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк жылыштарга жетишүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк бар», - деди белгилүү финансист жана филантроп журналисттер менен жолугушканда.

Жорж Сорос өзүнүн Кыргызстанга келгендеги максатын «Борбордук Азиядагы Америка университетине колдоо көрсөтүү» деп түшүндүрдү. Анын айтымында, университетке жардам иретинде 15 млн. доллардан турган фонд түзүлүп жатат. Ал өзү бул фондго 5 млн. доллар берээрин айтты. 10 млн. долларды болсо АКШнын өкмөтү берет. Ал университеттин жатаканасын курууга дагы 2 млн. доллар берээрин кабарлады. Жорж Сорос бул университет жөнүндө өтө жылуу пикир айтты.

- Бул университет сөз жана маалымат эркиндигинин аркасы менен академиялык деңгээлге жетти. Ал буга президент сөз эркиндигин жактаган үчүн гана жетишти, - деди Жорж Сорос. Ал Кыргызстанда көз карандысыз экономикалык институт ачуу тууралуу ниети бар экендигин жана бул жөнүндө президент менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Институт экономикалык саясатты жана стратегияны иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзөт.

- Бул институтка Гайдар, Ослунд, Домбровский, Бальцерович өңдүү чет өлкөлүк эксперттер тартылат. Бирок ал Кыргызстандын институту болот, - деди Жорж Сорос.

Таанымал финансист мурдагы жолугушууларында өлкөдөгү абал тууралуу кескин пикир айтканы бар. Мисалы, шейшемби күнү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда ал Кыргызстандын келечегин «бүдөмүк» деп, грек трагедиясы менен салыштырган болчу. «Борбордук Азиядагы демократиялык өнүгүүгө жетишерлик көңүл бөлбөй жатат» деп, ал өнүккөн өлкөлөрдү сындаган. Журналисттер менен жолугушуусунда да Сорос өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон көмүскө күчтөр бар экенин, анын таасирин азайтыш үчүн маалымдуулукту күчөтүш керек экенин белгиледи.

- Менин оюмча, региондо коррупция кеңири тамыр жайган. Ал ар кандай деңгээлде жана ар кандай сыпатта. Казакстанды ала турган болсок, албетте, ал өлкөдө бийлик өз абалынан кыянатчылык менен пайдаланат, бирок профессионалдык жактан алып караганда анын квалификациясы жогору. Ал эми Кыргызстанга келсек, бул жердегилердин көпчүлүгү коррупцияланганы аз келгенсип, иши да натыйжалуу эмес, - деди белгилүү финансист. Соростун ою боюнча, экономикага зыян кылып жаткан коррупция жоюлса, Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырып кетиш анча деле кыйын эмес. Ал ушул маселеде жалпы коомчулуктун чечкиндүүлүгү зор роль ойноорун белгилеп, өзүнүн жаңы ачканы жаткан институтуна көп үмүт кылаарын белгиледи. Жорж Сорос америкалык куралдуу күчтөрдүн Кыргызстанга жайгашышын Кыргызстан үчүн оң фактор катары баалады.

- Бул жерде америкалык куралдуу күчтөрдүн келип жайгашышы Кыргызстанга пайдалуу. Анткени АКШ өкмөтү мыйзамдын үстөмдүгү жана экономикалык өнүгүү сыңары башка демилгелерди да колдойт, - деди Жорж Сорос. Кыргызстанда болгон 3 күн ичинде ал өз көз карашын кардиналдуу болбосо да, бир аз өзгөрткөнү байкалат.

- Бул жакка мен өтө пессимисттик маанай менен келдим эле. Президент менен сүйлөшкөндөн кийин менде бир аз үмүт пайда болду. Менин оюмча, 2 жыл ичинде көзгө көрүнөрлүк жылыштарга жетишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар, - деди Жорж Сорос. Ал бул үчүн соттун көз карандысыздыгын жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маанилүү деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG