Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Жума күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк саат өткөрүп, анда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду реструктуризациялоо маселесин карады. Депутаттар бул тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жана каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин маалыматын угуп, «"Кумтөр" долбоору реструктуризацияланбасын» деген чечим чыгарышты.

Бул маселе боюнча өкмөттүн атынан каржы министринин орун басары, «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк жумушчу топтун жетекчиси Эмирлан Төрөмырзаев чыгып сүйлөдү. Ал өткөн жылдын сентябрында «Камеко» корпорациясы «Кумтөр голд компанинин» Кыргызстанга тиешелүү 2/3 акцияларын өткөрүп берүү тууралуу сунуш менен кайрылганын, ал бул үчүн жылына 8 млн. доллардан төлөп берүүнү убада кылып жатканын билдирди. «Камеко» Кумтөрдү, Монголия менен АКШда иштетип жаткан башка алтын кендерин бириктирип, бир компания түзүп, баалуу кагаздар базарына чыккысы келет.

-Менин оюмча, биздин комиссияда бүткүл Кыргызстан боюнча фондулук рыноктун коньюнктурасына көз карандысыз баа бере ала турган бир да адис жок. Ошондуктан бизге көз карандысыз экспертиза зарыл, - деди Эмирлан Төрөмырзаев. Анын айтымында, көз карандысыз эксперттер Кумтөрдүн активдерин баалап, акцияларды өткөрүп берүү менчиктештирүүгө жатабы же жокпу, анын Кыргызстан үчүн пайда-зыяны кандай – ушул маселелер боюнча бүтүм чыгарып бериши керек. Коомчулукта кайсы бир эксперттер бул маселе боюнча изилдөө жүргүзүп, өзүнүн бүтүмүн өкмөткө өткөрүп бергени тууралуу сөз айтылып жүрөт. Эмирлан Төрөмырзаев аны ырастады. Ал «Кыргызалтын» жалдаган «Кутфлед Фримен», «Мак Миланн Бинч» жана «Страскона Минерал Сервисиз Лимитед» аудитордук компаниялары мындан 2 жума мурда өз бүтүмдөрун өкмөткө өткөрүп беришкенин билдирди. Бирок, анын айтуусу боюнча, өкмөт менен «Кыргызалтындын» кызыкчылыктары бул маселе боюнча дал келбейт.

- «Кыргызалтындын» өзүн кызыктырган маселелер бар. Ошондуктан ал консультанттарды чакырган. Алар отчетторун өкмөткө беришти. Бирок өкмөттүн жана «Кыргызалтындын» кызыкчылыгы ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан биз да өзүбүзчө экспертиза өткөрүшүбүз зарыл, - деди Эмирлан Төрөмырзаев. Депутаттарды ««Кыргызалтын» жалдаган консультанттар» деген сөздүн түшүндүрмөсү кызыктырды. Бирок Эмирлан Төрөмырзаев «отчет менен толук таанышып чыга элекмин» деп, эч нерсе айткан жок. Убакыттын тардыгынан улам депутаттар бул маселе боюнча талкуу өткөрүшкөн жок. Суроо берип жатканда гана айрым депутаттар «Камеконун» сунушу, деги эле анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу өз ойлорун айтышты.

- Кыргызстанды уурдап атышат. Дагы «реструктуризация, артыкчылыктуу акция» деп силер берип жатасыңар. «Артыкчылыктуу акция» дегени – «киреше болсо аласың, болбосо албайсың» деген сөз. «Башкарууга катышпайсың» деген сөз. Ушу убакка чейин эч нерсе алган жокпуз. Башкаруудан расмий чыгып кетсек, биздин мыйзам боюнча эч нерсе албайбыз. Буларга кысым көрсөтүш керек. Кылмыш ишин козгоп, камаш керек. Ууруга уурудай мамиле кылыш керек. Мен билем, кимге канча берип жатышканын. 10 миллиондорду, 20 миллиондорду которгондорун билем. Бейформал күчтөрдүн кайрылуусу менен 10 миллиондорду которуп жатышат. Бул - коррупция. Булардын миллиондорду кантип, кимдин өтүнүчү менен которгонун такташ керек, - деди Өмүрбек Текебаев.

Эмирлан Төрөмырзаев менен Жоомарт Оторбаевдин кыскача маалыматынан кийин депутаттар бир саатка жакын суроо беришип, айрым маселелерди тактагандан кийин ««Кумтөр» долбоору реструктуризация кылынбасын» деп өкмөттү милдеттендирген токтом кабыл алышты.

Евробиримдиктин аткаруу органы -Еврокомиссия Кошмо Штаттарын европалык товарларды ички базарына киргизбөө аракетин жасоодо деп күнөөлөп, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданмак болууда. Бул Евробиримдик менен АКШ ортосундагы биринчи соода таймашы эмес жана анын өзгөчөлүгү-талаш Ирак согушуна байланаштуу осолдой түшкөн трансатлантикалык мамилелерди чагылдырат.

Акыркы бир нече жылда Кошмо Штаттары менен анын европалык өнөктөрү арасындагы соода-экономикалык кызматташуу мурдакыдай жылма жүрбөй калды. Буга кандайдыр бир деңгээлде Япониянын баштапкы кубатынан тайып, ага катар Европа өлкөлөрү менен Кытайдын чарбалык дараметинин өсүүсү же экомикадагы диверсификация - көп түрдүүлүк негиз болду. Бул турган иш. Анткени, эски материк менен Түндүк Американын экономикалык алыш-бериши өтө кенен деп түшүндүрөт Париждик талдоочу Синди Вильямс:

- Сиз эгерде өз ара сооданын көлөмүнө чет элдик түз инвестицияны кошсоңуз, 2 триллион доллардын тыяк-биягындагы сумманы аласыз. Бул сумманы АКШнын ички дүң продукциясы менен салыштырып көрө турган болсоңуз, соода менен инвестициядагы карым-катнаш Кошмо Штаттарынын ички дүң продукциясынын 20 процентине тете экенин байкайсыз. Бул аз нерсе эмес жана кызматташуу эки тарап үчүн маанилүү экенин ырастайт.

Синди Вильямс айым - АКШнын Германияда жайгашкан Маршалл фондунун Париждеги эксперти.

АКШ-Европа соода чатагы алгач кадимки банандан чыккан. Бир нече жыл илгери АКШлык банан өндүрүүчүлөр менен экспорттоочулар европа өлкөлөрүн мурдакы колониялары үчүн артыкчылык берүүдө деп, Дүйнөлүк соода уюмуна арызданган. Талаш америкалыктардын пайдасына чечилген.

Андан соң “келме кезек” европалыктарга жетип, алар Вашингтонду тышка товар саткан америкалык фирмаларга салыктан жеңилдик берүүдө деп айыптады.

Дүйнөлүк соода уюму арызды териштирип, Конгресс тиешелүү мыйзам кабыл албаса, Евробиримдикке (ЕБ) АКШлык ширкеттерден 4 миллиард доллар өлчөмүндө импорттук тарифти чегерип алууга уруксат берген.

Лондондук эксперт Катинка Барыш Кошмо Штаттары менен Евробиримдик ортосундагы бул өңдүү чатак иштер дүйнөлүк сооданы башка маанилүү маселелерден алагды кылат деген пикирде:

- Биз азыр соода үчүн өтө баалуу мезгилди баштан кечирүүдөбүз: Доха шаарында дүйнөлүк соода-сатык сүйлөшүүлөрү жүрүүдө. Азыркы келишпестиктер Доха сүйлөшүүсү үчүн жаман жышаан. Анткени, тараптар кыпындай маселени жөндөй алышпаса, Дүйнөлүк соода уюмунун арачылыгы менен жөнгө салынчу чоң проблемалар кантип чечилет?

Алиге Евробиримдик менен Кошмо Штаттары ортосундагы болоттун эритмесинен чыккан чыр да басыла элек. Ал аз келгенсип, өткөн аптада Еврокомиссия Вашингтонго кайрылып, антидемпинг алым-салыктарын эсептөө боюнча масилээт өткөрүүнү сунуш кылды. Өтүнүч орундалбаса, европалыктар Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылары анык иш.

Дагы бир окуяны айтпай кетүүгө болбойт. Евробиримдиктин европалык компанияларга Кошмо Штаттарында корпоративдик башкаруу жаатында жакында кабыл алынган мыйзам жайылбасын деген суранычын Вашингтон четке какты.

Буга кыжырданган ЕБ Европада иш жүргүзгөн америкалык ишканаларга каршы тийиштүү чара көрүшү ыктымал.

Британиялык эксперт К.Барыш айым соода-экономикалык мамилелердеги мындай абалды Ирак согушуна байланыштуу эки ортодо пайда болгон карама-карышылыктын туундусу катары баалайт:

- АКШ менен Европанын соодадагы талашы жаңылык эмес. Учурда эки ортодогу жалпы кырдаал осолдоп кеткендиктен, соодада түзүлгөн кырдаалга өзгөчө маани берилүүдө.

Париждик аналитик С.Вильямс АКШ менен ЕБ ортосундагы соодага байланыштуу араздашуулар жалпы атмосферага тескери таасир этет деп кооптонот:

- Мен соода талашы кошумча проблема жаратат деп чочуймун. Эгерде трансатлантикалык мамилелер жакшы болсо, талаш маселелер жеңил чечилмек. Трансатлантикалык байланыштар жалпысынын начарлап кетсе, ортодогу проблемаларды жөндөө кыйын болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG