Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:37

Экономика

Сапар Орозбаков, Бишкек Ысыккөлдүн эс алуучу жайлары быйылкы курорттук сезонго даярдыгы жакшы. Бирок Казакстандын массалык маалымат каражаттары «быйыл анда эс алуучуларды көп кыйынчылыктар күтүп жатат» деген маалымат таратышууда. Кыргызстандын Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитет аны төгүндөп жатат. Ал муну Ысыккөлдүн эс алуучуларын өзүнө тартып алуу максатында атаандаш туристтик компаниялар уюштуруп жатат деп эсептейт.

Кыргызстанга жылына 700 миң турист келет. Алардын 62% Казакстандан, 25% Орусиядан. Көпчүлүгү - жайында Ысыккөлгө келип эс алып кетүүчүлөр. Эс алуучулардын санын дагы көбөйтүш үчүн Орусиянын чыгыш региондору менен иш жүргүзүлүп жатат. Быйыл орусиялык эс алуучулар 200 миңден 350 миң адамга жетет деген божомол бар. Бирок Казакстандын маалымат каражаттары «Ысыккөлдүн эс алуучуларын быйыл кыйынчылыктар күтүп жатат», «Өлкөдө стабилдүүлүк жок», «Кыргызстандын Чек ара кызматы чет өлкөлүк паспортсуз өткөрбөй, кайра кайрып жатат» деген өңдүү жалган маалыматтарды таратышууда, дейт Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү:

- Туристтердин 70-80% автобус, жеңил машине жана поезд менен Казакстан аркылуу келишет. Алар Казакстанда көп кыйынчылыкка туш болууда. Бирок Казакстандын массалык маалымат каражаттары өздөрүндөгү абалды көргөзбөй, «Кыргызстанда кыйынчылыктар бар» деп жазып жатышат. Биз бир сыйра текшерип чыктык. Алардын жазгандары ырасталган жок. Биз туристтерге болгон шарттардын баарын түздүк, - дейт Өкмөтбек Алмакүчүков. Ал өзү жетектеген комитеттин кызматкерлери чек ара кызматтарына барып байкоо жүргүзүп келгенин, чек арачылар эс алуучулардан чет өлкөлүк паспорт талап кылбагандыгын айтты. Анын сөзү боюнча, казакстандык теле, радиоканалдар жана гезиттер Кыргызстан жөнүндө терс маалыматтарды туристтик сезон башталаарда жыл сайын берип турушат. Ал «муну Ысыккөлдүн эс алуучуларын өзүнө тартып алыш үчүн Казакстандын атаандаш туристтик компаниялары уюштуруп жатат» деген ойдо.

- 25-июнда мен Алматы менен Астанага барам. Мен Казакстанда аккредитациядан өткөн бардык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга так маалымат берейин деп жатам, - дейт Өкмөтбек Алмакүчүков. Ал казакстандык өз кесиптештери менен да кездешип, орусиялык эс алуучулардын коюп жаткан маселесин да көтөрөөрүн билдирди. Анын айтымында, алар «Казакстандын чек ара жана МАИ бекеттери акча талап кылып, Кыргызстанга өткөрбөй кармашат» деп даттанып жатышат.

Туризм - Кыргызстанда тез өнүгүп бараткан кирешелүү тармак. Анда 23 миңге жакын компаниялар жана жеке адамдар эмгектенет. Былтыр анда өндүрүлгөн продукция 40 млн. долларга жетти. Өкмөт «Кыргызстандын туристтик потенциалы чоң, ал азыр толук пайдаланылбай жатат» деп эсептейт. КМШга кирбеген чет өлкөлөрдөн келген туристтер жалпы туристтердин 1% эле түзөт. Ошондуктан өкмөт азыр маркетинг маселесине көп көңүл бурууда.

- Өзүңөр билгендей, «Raid gauloises» жарышы бүгүн (18.06.2003) аягына чыкты. Бул маркетинг максатында Кыргызстанды таанытыш үчүн жасалган иштердин бири. Бул мамлекеттик программа. Аны 1 миллиардга жакын адам көрөт. Ошонун ичинен 5-10% келип берсе жетет эле, - дейт Өкмөтбек Алмакүчүков. Анын айтымында, өкмөт бюджеттен 1 млн. 700 миң сом бөлүп, комитет ар кандай жармаңкелерге жана экономикалык форумдарга катышып, Кыргызстанды тааныштыруу иштерин аткарды.

Сапар Орозбаков, Бишкек 8 жылдан бери аманатчылар банктарга салган акчаларын талап кылышып, Өкмөт Үйүнүн жана Улуттук Банктын алдында акция өткөрүп келишет. Былтыр өкмөт башчысы Николай Танаев карыздын ордуна баалуу кагаздар чыгарылып бериле тургандыгын айткан. Бирок ал маселе дагы эле чечиле элек.

Бишкекте «аманатчылар» деген уюшкан социалдык топ бар. Алар - бир кезде банктарга акча салып, ал банктар болсо жабылып калып, акчасын кайтарып ала албай калышкан адамдар. Аманатчылар 8 жылдан бери маал-маалы менен Өкмөт Үйүнүн же Улуттук Банктын алдына чогулуп, акчаларын талап кылып келишет.

8 жылдан бери далай премьер-министр алмашты. Бирок алардын бирөө да аманатчылардын маселесин чече алган жок. Азыркы премьер-министр Николай Танаев гана алардын акчасын кайтарып берүү тууралуу убада берген болчу.

- Мен маселенин чечилишине макулмун. Бирок минтип бири бирибизге кыйкырбайлы. Маселе бирөө эле: милдеттүү түрдө сактык кассаларга салынган акчалардан да, коммерциялык банктарга салынган акчалардан да кутулуу, - деген болчу Николай Танаев былтыр премьер-министр болуп жаңы бекигенде аманатчылар менен жолугуп. Бирок ал да маселени ушу убакка чейин чече элек. Өткөн жумада аманатчылар кайрадан көчөгө чыгышты.

- Азыр Өкмөт Үйүнө, Улуттук Банкка чыгып жаткандар - «Инсан» банкынын акча салуучулары. «Инсан» банкы боюнча абал татаалыраак – анын карызы 13 млн. сомду түзөт, ал эми активи болсо - 1 млн. 300 миң сом, - дейт Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Кадыркулов.

«Курулуш» банкынын аманатчыларга карызы - 22 млн. сом, «Меркурийдики» - 73 млн. сом, «Кыргыз жердики» - 1,8 млн. сом. Бул 4 банктын карыздарын өндүрүп, кредиторлор менен эсептешүүнү жүргүзүү иши өткөн жылдын июлунда ушул агенттикке өткөрүлүп берилген. Ал «Курулуш» банктын 22 млн. сомун, «Меркурийдин» 4 млн. сомун жана «Инсандын» 600 миң сомун өндүрүп, аманатчылырга кайтарып берди. Бирок банктардын аманатчыларга карызы дагы эле көп. Ал азыр да 140 млн. сомду түзөт. Премьер-министр аманатчылар менен жолугушканда банктардагы аласа толугу менен өнбөсүн, өнгөнүн акча менен кайтарып, өнбөгөнүнүн ордуна баалуу кагаз бериле тургандыгын айткан.

- Азыр бул маселе долбоор түрүндө эле турат. Акыркы чечим чыга элек. МВФ менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. Азырынча «баланча күндөн тартып баалуу кагаздар чыгарылат» деп биз айта албайбыз, - дейт аталган агенттиктин жооптуу кызматкери Санжар Жунушалиев. Бирок баалуу кагаздар чыгарыла турганына эч кимдин күмөнү жок. Ошентип, адаттагыдай бирөөлөрдүн жеп-ичип алган акчасын жалпы эл төлөй турган болду. «Баалуу кагаз» деген сөз - ал акчаны төлөп берүү милдетин мамлекет өзүнө алат деген сөз. Болгону азыр эмес, кийинчерээк төлөп берет. Ал эми буга жол берген жетекчилерчи?

- Бардык жетекчилерге кылмыш иши козголгон. «Меркурий» банкынын жетекчисине сот шарттуу түрдө 4 жыл берген. Ал азыр шаардык сотко апелляция берди. «Курулуш» банктын жетекчиси Уразбаевге болсо мунапыска байланыштуу иши токтотулган. «Инсан» банк боюнча айтсам, Сооданбеков азыр издөөдө, - дейт Алмазбек Кадыркулов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG