Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда ишкер аялдардын эл аралык форуму өттү. Ага президент А.Акаев катышып, бир топ ишкер аялдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Эки күнгө созулган бул жыйында өз алдынча иш жүргүзүүнү, бизнес кылууну каалаган аялдарга шарт түзүү жана аларга тоскоол болгон жагдайлар тууралуу талкуу болду.
Өкмөт Үйүнүн кеңешмелер залында өткөн бул жыйынга Кыргызстандын булуң- бурчунан жана коңшу өлкөлөрдөн өкүлдөр келишти. Бизнесмен аялдарды колдоо, ишкана ачууда аларга жеңилдиктерди берүү, бөтөн жерде соода кылып аткан челноктордун көйгөйлөрү, кредит алууну оңойлотуу өңдүү маселелер талкууланды. Форумга келген аялдар үйлөрүнө ар кандай маанайда кайтышты. Ош шаарынан келген Арапат Алимжанова бул жыйындын пайдалуу жагы көп болду деп эсептейт. Ал мындай жыйын аялдар үчүн абдан зарыл экенин ойлоп, Ошко барып өзү дагы бир форум өткөрүүнү көздөп калган чагы.
Форумдун бир катар катышуучулары мындай чогулуштар акыркы кездери Кыргызстанда көп болуп, бирок майнабы аз болуп атканына бушайман. «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева бир жыйынтык болоор деген үмүттө.
- Чынында Кыргызстанда бул өңдүү жыйындар көп өтчү болду. Тилекке каршы, майнап аз. Мен бул форумда айтылган кемчиликтер жоюлуп, ишкер аялдарга турмушта чындап жол ачылат деген үмүтүм бар,- дейт Жылдыз айым.
Форум учурунда Өзбекстандан келген меймандар бир ай ичинде Бишкекке төрт жолу ушундай чогулушка чакырылганын айтышкан. Анын сыңары, «Кыргызстанда обу жок жыйындар, мааракелер, чогулуштар көбөйдү» деген да пикирлер бар. Мындай пикирди Кыргызстан аялдар конгрессин жетектеген Замира Акбагышева айымдан уктук.
- Кыргызстан жыйын, чогулуш, мааракелерди өткөрүү боюнча дүйнө жүзүндө биринчиликти алса керек. Өзбекстандан келген коноктор деле бир ай ичинде Бишкекке төрт жыйынга келгенин айтышпадыбы?! Эгер ошол жыйында айтылган сөздөрдүн жарымы эле ишке ашса, аябай өнүккөн өлкөдө жашап аткан болот элек, - дейт Замира Акбагышева.
Анын пикиринде, жыйындарда көптү үмүттөндүргөн сөздөр айтылган менен, кадимки кара турмушта иш жүзүндө мамлекеттик чиновниктер жакшы эле бут тосушат. Азыр көп сөздүүлүктөн көрө ишкерлерге реалдуу жардам керек. Мисалы, оңоюраак шарттагы кредиттерди таратуу зарыл.
- Биз талдап көрдүк. Кредит берген уюмдар абдан кыска мөөнөткө берип, чоң күрөө талап кылышат экен. Мисалы, айылдагы үйүн күрөөгө коеюн десе болгону 20 миң сомго бааланат. Андай арзан үйгө эч качан кредит беришпейт. Ошондуктан мамлекет кредит берүү саясатын бир кыйла жеңилдетиши керек, - дейт Замира айым.