Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

УЕФА косоволуктар "расисттик" ураандан улам оюн талаасынан кеткени боюнча чырды карайт


Косоволук футболчулар матч аягына чыга электе кетип калышты. Бухарест, 15-ноябрь, 2024-жыл
Косоволук футболчулар матч аягына чыга электе кетип калышты. Бухарест, 15-ноябрь, 2024-жыл

УЕФА Румыния менен Косовонун ортосундагы беттешүүдө чыккан чыр боюнча чечими кабыл алганы жатат. 15-ноябрда Улуттар лигасынын алкагында эки команда Бухарестте ойногон матч кошумча убакыт учурунда үзгүлтүккө учураган. Эмне дегенде косоволуктар “расисттик” кемсинтүүгө туш болгонун айтып, оюн талаасынан кетип калышкан.

Эки футболчу мушташа кеткенде көрүүчүлөр “Сербия!” деп ураан чакыра баштаган. Эртеси Косовонун Футбол федерациясы УЕФАга румыниялык ышкыбоздордун “чагымчыл жана расисттик жүрүм-турумуна” каршы арыз берерин эскерткен.

Команданын капитаны Амир Рахманинин айтымында, стадиондогу румын көрөрмандары “Косово Сербиянын бөлүгү” деп кыйкырышканда алар даниялык судьяга кеминде үч жолу оюн талаасынан кетерин билдиришкен.

2008-жылы Сербиядан эгемендигин жарыялаган Косовону 100дөн көп мамлекет тааныган. Бирок Румыния Еврошаркеттин бир нече мүчөсү (Испания, Кипр, Грекия жана Словакия) менен катар ал тизмеде жок.

Румын командасы күйөрмандарына колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, атаандаштарынын арбитр уруксат бере электе оюн талаасынан чыгып кеткенине өкүнүч билдиришти.

Румыниянын тартип коргоочулары 13 көрөрман айып пулга жыгылганын, дагы тогузуна бир жыл спорттук иш-чараларга кирүүгө тыюу салынганын маалымдады.

Косовонун эгемендигине көлөкө түшүргөн ураандар 2023-жылдагы беттешүүдө да жаңырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG