Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Экономика

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда ишкер аялдардын эл аралык форуму өттү. Ага президент А.Акаев катышып, бир топ ишкер аялдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Эки күнгө созулган бул жыйында өз алдынча иш жүргүзүүнү, бизнес кылууну каалаган аялдарга шарт түзүү жана аларга тоскоол болгон жагдайлар тууралуу талкуу болду.

Бул форумду Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия уюштурду. Анын жетекчиси Камила Кененбаеваны форумда президент Аскар Акаев өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө кошкон салымы үчүн «Даңк» төш белгиси менен сыйлады. Анда сөз сүйлөгөн мамлекет башчысынын айтымында, бүгүн аялдардын 44% чакан жана орто бизнес менен алектенишүүдө. Форумда чыгып сүйлөгөн сөзүндө президент «эми мамлекет өз саясатын ишкер аялдарды колдоого багыттайт» деп ишендирди. Аскар Акаевдин айтымында, ишкердик экономиканын өнүгүшүнө гана эмес, гендердик теңчиликке да өбөлгө боло алат. ««Аялзат», «Комплекстүү өнүгүүнүн негиздери», «Жакырчылыкты жоюунун улуттук стратегиясы» өңдүү программалардын негизинде эми бийлик ишкер аялдарга ар тараптан шарт түзөт», - деп ырастады мамлекет башчысы.

Өкмөт Үйүнүн кеңешмелер залында өткөн бул жыйынга Кыргызстандын булуң- бурчунан жана коңшу өлкөлөрдөн өкүлдөр келишти. Бизнесмен аялдарды колдоо, ишкана ачууда аларга жеңилдиктерди берүү, бөтөн жерде соода кылып аткан челноктордун көйгөйлөрү, кредит алууну оңойлотуу өңдүү маселелер талкууланды. Форумга келген аялдар үйлөрүнө ар кандай маанайда кайтышты. Ош шаарынан келген Арапат Алимжанова бул жыйындын пайдалуу жагы көп болду деп эсептейт. Ал мындай жыйын аялдар үчүн абдан зарыл экенин ойлоп, Ошко барып өзү дагы бир форум өткөрүүнү көздөп калган чагы.

Форумдун бир катар катышуучулары мындай чогулуштар акыркы кездери Кыргызстанда көп болуп, бирок майнабы аз болуп атканына бушайман. «Курманжан датка» фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева бир жыйынтык болоор деген үмүттө.

- Чынында Кыргызстанда бул өңдүү жыйындар көп өтчү болду. Тилекке каршы, майнап аз. Мен бул форумда айтылган кемчиликтер жоюлуп, ишкер аялдарга турмушта чындап жол ачылат деген үмүтүм бар,- дейт Жылдыз айым.

Форум учурунда Өзбекстандан келген меймандар бир ай ичинде Бишкекке төрт жолу ушундай чогулушка чакырылганын айтышкан. Анын сыңары, «Кыргызстанда обу жок жыйындар, мааракелер, чогулуштар көбөйдү» деген да пикирлер бар. Мындай пикирди Кыргызстан аялдар конгрессин жетектеген Замира Акбагышева айымдан уктук.

- Кыргызстан жыйын, чогулуш, мааракелерди өткөрүү боюнча дүйнө жүзүндө биринчиликти алса керек. Өзбекстандан келген коноктор деле бир ай ичинде Бишкекке төрт жыйынга келгенин айтышпадыбы?! Эгер ошол жыйында айтылган сөздөрдүн жарымы эле ишке ашса, аябай өнүккөн өлкөдө жашап аткан болот элек, - дейт Замира Акбагышева.

Анын пикиринде, жыйындарда көптү үмүттөндүргөн сөздөр айтылган менен, кадимки кара турмушта иш жүзүндө мамлекеттик чиновниктер жакшы эле бут тосушат. Азыр көп сөздүүлүктөн көрө ишкерлерге реалдуу жардам керек. Мисалы, оңоюраак шарттагы кредиттерди таратуу зарыл.

- Биз талдап көрдүк. Кредит берген уюмдар абдан кыска мөөнөткө берип, чоң күрөө талап кылышат экен. Мисалы, айылдагы үйүн күрөөгө коеюн десе болгону 20 миң сомго бааланат. Андай арзан үйгө эч качан кредит беришпейт. Ошондуктан мамлекет кредит берүү саясатын бир кыйла жеңилдетиши керек, - дейт Замира айым.

26-27-июнда Көл жээгинде 3-инвестициялык саммит өтөт. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүш жолдорун талкуулаган жыйынга биртоп донор өлкөлөрдүн ишкерлери, ири адистер, республикадагы чет өлкөлөрдүн элчилери, республиканын президенти, өкмөт башчысы катышары күтүлүүдө. Тикелей инвестицияларды тартуунун укуктук негиздери, башкаруунун натыйжалуулугу талкууга алынат. 23-июнда республиканын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев маалымат жыйынын өткөрдү.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жай ичи көгүлтүр көл жээги биртоп каадалуу жыйындардын орду болмокчу. Максат – республика оголе чоң үмүт арткан туризмди өнүктүрүү, өлкө экономикасына тикелей инвестицияларды арбыныраак тартуу. Инвестициялык жыйындан кийин бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бажычылары, андан соң КМШ өлкөлөрүнүн энергетика тармагынын жетекчилери чогулушун өткөрүшөт. Кыйладан бери кыргыз өкмөтү камынып отурган орусиялык ишкерлердин көл жээгинде өтүүчү жыйынга да чоң үмүт артылган. Иши кылып, саратан жайда көлгө келчү каадалуу коноктордун катары арбын болот.

3-инвестициялык саммитте негизинен чөлкөмдүк алака-катыштар, инвестицияга жагымдуу шарт түзүү, анын укуктук негиздери талкууга алынат. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бир жарым күн инвестициялык маселелер жайында кеп болот. «Ээн-жайкын пикир алышуу маанайында бийлик башчылары менен ишкерлер бетме-бет отуруп, канткенде инвестициялык маанайды жакшыртууга болору талкууга алынат,- деп билдирди Жоомарт Оторбаев.- Антсе да шарттуу алганда үч маанилүү блоктун айланасында сөз жүрөт. Биринчиси – сынчыл маселелер. Өткөн 2 жыл ичинде эмнелер жасалганы, буга чейинки 3 инвестициялык матрица боюнча эмнелерге жетишкендигибиз айтылат. Анын ийгилигине караганда мүчүлүштөрү тууралуу көбүрөөк кеп кылсакпы деп турабыз».

Вице-премьер-министрдин айтымында, экинчи маанилүү маселе мындан ары эмне кылуу керек деген суроого байланары бышык. Буга чейин өтөлүнө чыга албай калгандарды кантип жүзөгө ашыруу керектиги, чыгармачыл мамиленин зарылдыгы мына ушул экинчи секцияда талкууга салынат. Талкуунун үчүнчү бөлүгү конкрет сунуштардын айланасында болмокчу. «Биз буга чейин жасагандарыбызды сын элегинен өткөрүп, ага чыгармачыл мамиле жасоонун зарылдыгын аныктап алганыбыздан кийин жумушчу документ кабыл алуубуз зарыл. Анда буга чейинки мүчүлүштүктөр, коолдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр да чагылдырылмакчы. Саммиттин форматы жайында кеп кылсак, ага 20 жакын гана киши катышат. Кыргызстандан сегизге жакын адам, президент, өкмөт жетекчиси, бийликтин экономика тармагына жооптуу жетекчилери саммитке катышат. Негизги катышуучулар эларалык инвесторлор», - дейт Жоомарт Оторбаев.

Жыйынга Орусиянын өткөөл мезгил экономикасы институтунун директору Егор Гайдар келет, деп маалымдады Ж.Оторбаев: «Биз аны менен жалпы программаны иштеп чыгабыз. Эмне үчүн антип атканыбыз деле белгилүү. Велосипед ойлоп табыштын ордуна буга чейинки топтолгон тажрыйбаны эсепке алган оң».

Ж.Оторбаевдин айтымында, инвестицияга байланышкан 60 мыйзам долбоору парламентке киргизилген, алардын 20% кабылданган. Калгандары кезек күтүп турушат. «2001-жылдын июлунда биз виза режимин жумшартуу маселесин талкуулап, аны оңуна чечкенибизде жетекчилик проблема ашып барса 3 айда чечилет деп ынандырган. Чакыруусуз келген кишилер ОВИРге барбастан аэропорттон эле виза алышына шарт түзгөнбүз. Үч айда бүтчү ишибиздин оңуна чечилишине 2 жыл талап кылынды. Тымызын каршылык көрсөтүүлөрдү айтпаган күндө да, иштеп аткандай түр көрсөткөндөрдүн айынан жалпы иш аксап жатат. Албетте, аларга каршы күрөшүү керек. Бул өтө мүнөздүү мисал», - деди вице-премьер-министр.

Анын пикирине караганда, президент демилгени колдоп, жардамын берүүдөн аянбайт. Анткен менен натыйжасыз башкаруучулардын айынан иш жакшы жүрбөйт. «Ошон үчүн башкаруунун сапаты, ыймандуу башкаруучулар тууралуу айтып отурабыз. Сапатсыз башкаруунун айынан реформалар жайлап, баштагы күүсүн жоготуп алды»,- деп айтты Ж.Оторбаев.

Вице-премьер-министр тикелей инвестиция тартуу боюнча жаңыдан түзүлчү агенттикте 30 жакын киши иштээрин, ал азыркы инвестиция боюнча секретариаттын координациялоо, бизнес план түзүү, жекече ишкерлерге, мамлекетке көмөк көрсөтүү милдетин алаарын маалым кылды. Базар-нарк мамилелеринин оожалтуу аракетине өткөн жаңы түзүм эмдиги жылдын апрелинен баштап ишке кириши ыктымал. Азыр агенттикте иштей турган адистерди окутуу-үйрөтүү иштери жасалууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG