Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Экономика

Кылдат жасалган финансылык көз боёмочулуктун айынан миңдеген адамдар акчасынан ажырап, натыйжада элдин банктарга, баалуу кагаздарга ишеними жоголууда. Адистердин айтымында, антишке баалуу кагаздар тууралуу элдин түшүнүгүнүн аздыгы, айрым финансылык көз боёмочулуктар өбөлгө түзүүдө.

Баалуу кагаздар базарынын жакшы иштебей жатышынын биртоп олуттуу жүйөлөрү бардыгын Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орунбасары Юрий Свистов эки себеп менен түшүндүрөт. Бул жаатта азырынча чет элдик инвестициянын деми сезилбейт. Анан да баалуу кагаздар базарында негизинен кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар үстөмдүк кылат.

Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын капитал рыногунун өнүгүшү департаментинин жетекчиси Алтынбек Алымкуловдун ырасташынча, Кыргызстанда базар мамилесинин мына ушул маанилүү тармагы жакшы өнүгө элек:

- Эң негизгиси, биздин экономиканын деңгээли. Анткени мекемелер иштебесе алардын баалуу кагаздары сатылбайт. Баалуу кагаздардын саны чектелген. Элге кеңири тарала элек. Эл акция, облигация эмне экенин билип калды, бирок аларды кантип алыш керек, кайдан алышты билбейт. Акчасы болсо адамдар доллар алып эле сактап коюп атышат. Биз баалуу кагаздарды элге жеткизе албай атабыз деп ойлойбуз.

Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орунбасары Юрий Свистов бийликтин аздыгын олуттуу маселе катары белгилейт:

- Мамлекеттик комиссиянын пикиринде, кайсы бир учурда биздин ыйгарым укуктарыбыз чектелип калган. Билесиздер, бир жарым жыл бою биз фондулук базарды текшере албадык, антүүгө укугубуз да жок эле. Бизнес структураларды ат тезегин кургатпай текшерүүгө алууну токтотуп, алардын ишине жолтоо кылбоо тууралуу президенттин жарлыгынын жана өкмөттүн талабынын айынан биз ишкерлерди текшере албай калдык.

Анын пикирине ынансак, мамлекеттик комиссиянын укугу өтөле чектелүү:

- Биздин оюбузча, бизге чектелүү полномочие берилген. Менин айтканым айрымдарга жакпас, бирок да бу жер үстүндөгү жашоонун өзү акчага байланыштуу, улуттук акчабы, шарттуу бирдикпи – баары каражатка байланган. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, каржы тобокелчилиги менен иш жүргүзгөндөрдүн камын көргөн бийлик структурасын кармап туруш үчүн жетиштүү акча бөлүнүш керек.

Ушу тапта Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиянын айрым кызматкерлери “Рентон групп” компаниясынын иши боюнча тергөө алдында сурак беришүүдө. Бул жагдай мамлекеттик комиссия каржы тобокелчилигине барган адамдардын кызыкчылыгын мыйзам чегинде бекем коргоого жетише электигин билдирээрин “Рентон групп” компаниясына акчасын алдатып ийгендердин коомдук бирикмесинин жетекчиси Татьяна Дагазиева момундайча баяндады:

- Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссия өкмөт мекемеси. Облигацияларды чыгаруу, аларды жайгаштыруу боюнча ал көп жаңылыштыктарды кетирди. Азыр анда иштеген айрым кызматкерлердин иши тергелип жатат. Тергөө аяктагандан кийин алардын мамлекеттик кызматкер катары иш жоопкерчилигине укуктук баа берилет. 2000ден ашуун адам зыян тартышты. 50 миллион сом жоголду. Бул - республика үчүн чоң акча.

Өткөн жылдын соңунда “Рентон групп” компаниясына акчасын алдаткандар президент А.Акаевге кайрылуу жолдошкон. Президент адамдардын акчасын кайтарып берүү, күнөөлүүлөрдү жазалоо боюнча ишти өзү текшерүүгө алаарын маалымдап, жыйынтыгын 1-мартка чейин билдире тургандыгын айткан. Кылмыш иштери козголуп, күнөөлүү делинген чиновниктер тергелүүдө. Иштин жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Татьяна Дагазиева республикада баалуу кагаздардын саны аз экенин, анын чыгарылышын, таралышын көзөмөлдөп турууга мамлекеттик комиссиянын чактысы жетмек деген пикирде.

Жакындан бери “Капитал” жабык акционердик коомунун, “Камкор” камсыздоо фондунун ишмердиги көзөмөлгө алынып, катаал текшерилүүдө.

Ооганстан менен кызматташууга кызыкдар Борбор Азия республикаларынын, Иран жана Пакистандын ишкерлери шейшембиде Бишкек эркин экономикалык аймагында болуп, экономикалык кызматташуунун жолдорун талкуулашты. 200 гектир жерди ээлеген эркин экономикалык аймакта чай, самындан тарта учакка чейин чыгарылат.

Ооганстан үчүн абыдан керектүү курулуш, азык-түлүк, химиялык буюмдардын кыйласы Бишкек эркин экономикалык аймагында чыгарылат. Экономикалык аймак иштей баштагандан берки 8 жыл ичинде 30 миллион доллар салык төлөнгөн. Экономикалык эркин аймактын жетекчиси Эмил Ибраимов эгер айрым саясий күчтөр бут тосуп, иштөөгө тоскоол болбосо Кыргызстан 130 миллион доллар салыктан эле киреше тапмак эле дейт.

- Эмил мырза, тоскоолдуктар болбосо канча миллион болмок?

- 130 миллион доллар болмок.

- Кандай тоскоолдор болууда?

- Законду, мыйзамдарды өзгөртүшүүдө. Болбогон жалаа жаап атышты. Анын баарын четтен келгендер угуп алышып бизден качып атышты. Бизге келип иштейм дегендер коркуп кайтып кетип атышты. “Салык төлөбөйт, аткезчилик кылышат” деп айтып атышты. Иш боюнча ушундай жалааларды жабышты,- дейт Эмил Ибраимов.

Бишкек эркин экономикалык аймагында эки орундуу “Ак кептер” учагы жыйналат. Кыргыз-орусиялык биргелешкен ишканананын жетекчиси Карабай Турдуматовдун маалымдашынча, буга чейин жасалган 4 учак сатылбай турат. Колду байлаган жумуш - учактын нормативдүү-техникалык документтеринин каттоодон өтпөгөндүгү болууда.

- Бул программа боюнча мына үчүнчү жыл иштеп атабыз. Былтыр 17-июнда биринчи учакты ушерден учурганбыз. Ошондон бери бизде нормативдүү-техникалык негиз деп коёт. Советтер Союзунун убагында андай документтер болгон эмес экен. Азыр Аба кызматы департаменти, өкмөт менен биргелешип ошол нормативдүү-техникалык документти жасап жатышат. Ошондон убакыт созулуп баратат. Биз күтүп атабыз. Нормативдик-техникалык негиз чыкса бизге учканга, сыноо жүргүзүүгө, сатканга уруксат берилет. Ага чейин учканга, сатканга, бөлөк иштерди жасаганга акыбыз жок. Ошон үчүн башында жасаган 4 учагыбыз менен күтүп турабыз, - деп айтты Карабай Турдуматов.

Бишкек эркин экономикалык аймагында “Beta”, “Sasa”, “Sulaiman” чай фирмалары да иштейт. “Сулайман чай” фирмасынын башчысы Хамиддин маалымдашынча, бул жерде жылына 1000 тоннага жакын чай чыгарылат. Анын кыйла бөлүгү чет өлкөлөргө экспортко жөнөтүлөт:

- Биз бул жерде 1997-жылдан бери иштейбиз. Экспортту кошкондо биз жылына миң тоннага жакын чай чыгарабыз. Сырьену Индия, Шри-Ланка, Кытайдан алабыз.

Соңку кездерде Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын дарегине олуттуу сын айтылып келатат. Республикада 4 экономикалык эркин аймак катталган. Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Эмил Ибраимовдун айтымында, мындай мамиле көптөгөн чет элдик ишкерлерди чочулатып, республикага сырткы инвестициянын арбын келишине тоскоолдук келтирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG