Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Экономика

Сапар Орозбаков, Прага Сауд Аравиясы мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө убада бергенине карабай, кечээ АКШда бир галлон бензиндин орточо баасы 2 доллар 6 цент болуп, бир жума мурдагыга караганда 4,7 центке өстү. Фьючерстик рынокто да мунай кымбаттап кетти. Июль айында жеткирилип берилет деген мунайдын бир баррели 1 доллар 79 центке өсүп, 41 доллар 72 центке жетти. Аналитиктер бул акыркы фьючерс рыногунда 21 жылдын ичиндеги эң жогорку баа деп белгилешет.

Аналитиктер АКШда мунайдын баасынын өсүп кетишинин бир нече себебин көрсөтүшөт. Анын эң биринчиси эле - Мексика булуңундагы Марс мунай базасынын жабылып калуу коркунучу. Күнүнө 150 миң баррел мунай жөнөтүп турган бул база жабылса, мунай запастары түгөнүп, ансыз деле бычактын кырында турган АКШнын мунай рыногу эмне болорун элестетиш кыйын.

Лондондогу Бүткүл дүйнөлүк энергия боюнча борбордун директорунун орун басары Лео Дроллас мунай сатуучулар, 30-июнда Ирак суверинитет алгандан кийин, бул өлкөдөн мунай келбей калышы мүмкүн деп чочулап жатышкандыктарын белгилейт.

Акыркы бир жуманын ичинде саботаждан улам Ирактын мунай өндүрүшү 2 жолу токтоду. Ирактын мунай өнөр жай министринин айтымында, мунай ишканаларына чабуулдар дагы уланышы мүмкүн экендигин билдирген болчу. “Ирактан мунайлары токтосо, анда рынок жетер чегине жетет” дейт Дроллас.

Аналитиктердин айтымында, мунай рыногундагы абалга Кытайдагы жана Индиядагы дүркүрөгөн экономикалык өсүш да таасир берүүдө. Дүйнөдөгү бул 2 ири өлкө өз керектөөсүн улам көбөйтүп, АКШга азыр атаандаш боло башташты.

Мунайдын баасынын өсүшү ишканалар үчүн кошумча салык төлөө менен барабар. Америкалыктар мунайдын кымбатташы араң стабилдешип келе жаткан Американын экономикасын басаңдатып коюшу, а түгүл артка кетириши мүмкүн деп тынчызданышат.

- Отун энергетикасынын баасынын жогорулап кетиши жаман көрүнүш. Биз энергиянын баасынын төмөн болушун каалайбыз. Эң маанилүүсү – энергиясынын баасы дүйнөлүк экономиканын өсүүсүнө таасир эткендиктен, ал өсүүгө мүмкүнчүлүк берген деңгээлде болуш керек,- деди АКШнын каржы министри Жон Сноу.

Мунайдын баасынын өсүшү Сауд Аравиясына ишенген Буштун администрациясы үчүн оор тийди. Анын өкүлү Скотт Макклеланн кечээ Ак үй мунай өндүрүүчү өлкөлөр менен байланышып, абалды оңдоо боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди. Бирок ал бул иштер кандай жыйынтык берери тууралуу эч нерсе айта алган жок. Ак үй менен тыгыз байланышы бар бир республикачыл сенатор Вашингтон мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму ОПЕКтин башка өлкөлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүүгө “Чоң жетиликке” тапшырма бергендигин айтат.

Дүйнөдөгү эң көп мунай өндүргөн Сауд Аравиясы быйыл күзүндө өндүрүштү көбөйтүп, дагы бир мунай кенин ишке киргизет. Ал мунай өндүрүүнү көбөйтүү сунушу менен ОПЕКке да кайрылган болчу. Бирок ОПЕКтин мүчөлөрү жакында жыйын өткөрүп, бул маселени чечүүнү кийинкиге калтырды. Алар муну атайын жасап жатат деген жоромол да бар. Айрым аналитиктер “ОПЕКтин мүчөлөрү, мисалы, Венесуэла АКШнын Ирактагы жана Жакынкы чыгыштагы саясатына нааразы, алар муну Американы жазалаш үчүн жасап жатышат” деп эсептешет.

Бирок Сауд Аравиясынын мунай министри мунайдын баасынын өсүп кетүүсүнүн башка себептери да бар экендигин, атап айтканда ага чалгындалып бүткөн мунай кендеринин азайып кетиши таасир берип жаткандыгын айтат. Ал мунайдын азыркы баасы жогору деп эсептеген менен, анын оптималдуу баасы баррел мунай 30-34 доллар болуш керек деп эсептейт. Акыркы 3 жыл ичинде ОПЕК оптималдуу баа деп 22-28 долларды айтып келген.

АКШ азыр Иракка чоң үмүт кылып жатат. Ирактын мунай өнөр жай министри өлкөнүн мунай өндүрүшүнө 1 млрд. инвестиция салынаарын билдирди. Анын айтымында, бул инвестиция мунай экспортунан түшкөн акчалардын эсебинен жасалат. Бирок ал качан кошумча мунай өндүрүлө баштары тууралуу эч нерсе айткан жок.

Азыр Ирактын өзү кризизте турган мезгил. Ал мынча акча табышы кыйын. Анын үстүндө саботаж улана берип, салынган инвестиция күткөндөй натыйжа бербей калышы мүмкүн. Бирок Ирактын мунай өнөр жай министринин айтымында, айтылган сумманын жарымы келип түштү. Калганы жакында түшүп, ал өлкөнүн борбордук жана түштүк бөлүгүндөгү мурдагы мунай ишканаларын калыбына келтирүүгө пайдаланат. Бул иштер бүткөрүлсө Ирактын мунай өндүрүүсү бир күнгө эсептегенде 160 миң баррелге өсөт.

Ирак - мунай кендеринин запасы боюнча Сауд Аравиясынан кийинки эле экинчи орунда турат.

Өткөн жылы Кыргызстанга 146 миллион доллар өлчөмүндө тике инвестиция келген. Кыргыз өкмөтү бул көрсөткүчтү 200 миллион долларга жеткирүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн биртоп мыйзамдарды кабыл алуу, мурункуларынын кыйласын жаңылоо зарыл. Буга кошумча Кыргызстанды туташ дегидей каптап алган коррупция четтен келген ишкерлердин үшүн алат.

Кыргызстанда чет эл инвестициясын тартуу, ага жагымдуу шарт түзүү жайында арбын кеп болот. Өкмөт аны менен эле чектелбей ушу тапта чет эл инвестициясын тартуу маселеси менен гана иштөөчү мамлекеттик агенттик түзүү аракетин көрүүдө. Бул башта түзүлгөн комитет, атайын өкүл институту, топ комиссия, кеңештердин ишинин натыйжасыздыгынан улам чыккан арга.

Ошондой топ кызматтын иш-аракети кандай экенин ЮНИДО долбоорунун инвестицияга колдоо көрсөтүү иштери боюнча улуттук кеңешчиси Кубат Өмүрзаковдон уксак:

- Инвестицияны өкмөт кепилдиги менен кредит түрүндө алып келүү эми жарабай калды. Биздин тышкы карыздарыбыздын өлчөмү дүйнөдө болгон нормативдердин баарынан ашып кеткендиктен, биз эми андай инвестициядан үмүт үзүп койгонубуз оң. Ошондон тикелей инвестицияга үмүт артып отурабыз. Ал үчүн инвестициялык климатты жакшыртып, мыйзамдарды кабыл алып, процедураларды жөнөкөйлөтүп, инвесторлорго шарт түзүүбүз зарыл. Инвестициялык матрицанын экинчи бөлүгүндө белгиленген инвестициялык стратегияны иштеп чыгуу, кайсы тармакка басым жасоо керектигин ишке ашыруу милдети турат.

Кубат Өмүрзаковдун ырасташынча, республикада тикелей инвестиция тартууга азырынча ыңгайлуу шарт түзүлө элек:

- Буга чейинки инвестиция тартуу аракети натыйжага жетише элек. Көпчүлүк министрликтерде инвестиция тартууга жооптуу кызматтар түзүлгөн, бирок алардын иши чачкын болуп, координацияланбай келди. Инвестиция тартуу боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкен алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган жок.

Вице-премьер-министрдин кеңешчиси Нурдин Жаманкуловдун айтуусунда, Кыргызстан коррупция менен мамлекеттин ишкерликке ыксыз кийлигишүүсүнөн оголе көп зыян тартууда:

- Бизнести мамлекеттик тескөө менен коррупция чырмалышып калган. Мамлекет эреже менен жоболорду канчалык көп чыгарып, аны жүзөгө ашыруу аракетин жасаган сайын коррупция ошончолук күчөйт. Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, мындай жагдай тикелей инвестиция тартууну 70% төмөндөтөт.

Кыргыз өкмөтү чет эл инвестициясын кайра иштетүү өнөр жайына, туризмди өнүктүрүүгө, тоо-кен өнөр жай өндүрүшүнө тартууга кызыкдар.

- Бизге айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү алдыңкы технология керек. Тоо-кен өндүрүшүндө да кымбатба металлдар табылган жерлер, ташкөмүр кендери бар. Булардын баарына инвестиция керек,- деп билдирди өкмөт башчы Николай Танаев.

Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларга бираз жете бербейт. Ошондон өкмөт ушу тапта тикелей инвестиция тартуу аракетин жасоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG