Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Экономика

Кыргыз-италиялык экономикалык мамиле-катыш азырынча жакшы өнүгө элек. Италиялык ишкерлер Кыргызстанда эмерек чыгаруу, тамак-аш, алтын өндүрүү тармагына инвестиция алып келишке куштар. Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык алака-катыштар президент А.Акаевдин Италияга болжолдонуп аткан иш сапарынан кийин кадыресе жанданышы ыктымал.

Кыргызстанга дурус инвестиция алып келген өлкөлөрдүн саны жети. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ырасташынча, өткөн жылы сырттан инвестиция тартуу 21% жогорулады:

- Жалпысынан алганда, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык маанай жакшы. Бул ыңгайдан алганда Италия инвестициясынын бул жерге келишинин перспективасы чоң. Италиялык ишкерлердин бул жерге арбын келишин каалайбыз.

Жоомарт Оторбаевдин айтуусунда, республиканын өткөн жылкы жана быйылкы жылдын биринчи кварталындагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жакшы. Бул чет элдик инвестициянын Кыргызстанга тартылышына дурус өбөлгө түзөт. Кыргызстан экономикасында АКШ, Канада, Түркия, Германия, Кытай, Казакстан, Орусиянын инвестициясы маанилүү орунду ээлейт.

Италия Республикасынын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Диего Лоренцо Лонго мырзанын маалыматына ынансак, италиялык ишкерлер Кыргызстанда эмерек чыгарууга, тамак-аш, соода, тейлөө тармагына инвестиция алып келүүгө кызыкдар:

- Мен бүгүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүү, тышкы соода жана өнөр жай министри Амангелди Муралиев менен жолуктум. Италиялыктардын бизден айырмасы - ар кандай ишти ыкчам, тез бүткөрүүгө маштыгы, деп айтты. Бул биздин ортодогу байланышты чыңдоого жакшы негиз болуп берет. Туура, италиялык ишкерлер чапчаң, ушу тапта алар Кыргызстандын биртоп тармактарында иштеп жатышат. Эгер инвестицияны коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынса бул жакка келип иштөөчү италиялык ишкерлердин катары дагы көбөймөк.

Диего Лоренцо Лонго мырзанын айтымында, италиялык ишкерлер алтын казып алуу, эмерек чыгаруу жаатында кызматташууда. Бишкектиктер италиялык ишкерлердин колунан чыккан жарашык кийимдерди, ири соода түйүндөрүн, көп жылдыздуу мейманкана ачышканын жакшы билишет.

Кыргызстан чет элдик инвестициянын арбын келишине кызыкдар. Премьер-министр Николай Танаевдин ырасташынча өткөн жылы:

- Инвестиция 127% өстү.

Кийинки жылдары Кыргызстан Европанын бир катар байгер өлкөлөрү менен экономикалык алака-катышын жакшыртуу аракетин жасоодо.

Өкмөттүн ырасташынча, Кыргызстан Кытай, Орусия, Казакстанга чыгарган буюмун сатып өткөрүүгө кызыкдар Европа өлкөлөрү үчүн жагымдуу инвестициялык шарт түзүп берүүгө мүмкүндүгү бар экенин дамамат айтып келет.

Өкмөт башчысы Николай Танаев мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу Кыргызстандын чет өлкөлөргө 450 миллион доллар карызы кечилбесе социалдык төлөмдөр кескин азайтылаарын маалымдады. Ушу тапта мамлекеттик бюджеттин теңинен көбү социалдык керектөөлөргө жумшалат. Өкмөт табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга арбын акча бөлүп жатканы, бирок ал жетишсиз экени белгиленди.

Кыргызстандын 460 миллионго бираз жете бербеген карызы кечилбесе өкмөт социалдык проблемаларды чече албай каларын Николай Танаев ачыкка чыгарды. Быйыл октябрь айында Эларалык валюта кору менен биргелешип ишке ашырып жаткан жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга арналган 3 жылдык программа аягына чыгат. Анын жыйынтыгына карап Эларалык валюта кору Париж клубуна кирген өлкөлөргө Кыргызстандын карызын кечип жиберүү маселесин сунуш кылат. Бул иш эмдиги жылдын апрель айына белгиленген.

Николай Танаев быйылкы жылдын 1-кварталындагы экономикалык өсүш дурус темпте баратканын баса белгиледи.

- Өткөн жылга салыштырганда ички дүң продукт – ИДП 106,7%, “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо 105,4% өсүш болду. Өнөр жайда 111% өнүгүш, тоо-кен өндүрүшүндөгү өсүш 109%, айлык акы 19,1% көтөрүлдү, минималдуу керектөө себети 13,6% өстү. Орточо айлык акы ушу тапта 1900 сомго жетти. Минималдуу керектөө себети 1450 сомдун тегергинде. Орточо айлык акы андан кыйла алдыга озуп кетти. Экспорт 130% ашты. Импорт 159% өстү,- деп айтты Николай Танаев.

Өкмөт башчынын ырасташынча, инфляциянын деңгээли 0,9%, доллардын сомго катышы 43 сомдун тегерегинде кармалууда.

1-вице-премьер-министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин маалымдашынча, быйыл Ош-Бишкек жолун кайрадан оңдоп чыгуунун 2-3-этабы башталды. Бул ирет республиканын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган канжолдун Ташкөмүр - Каражыгач, Базаркоргон – Арыстанбап кош тарамы, баш-аягы 105 чакырым узундуктагы жол оңдолот.

- Ушул жылдын август айында Кыргызтелерадио компаниясынын бир каналын жана ошондой эле кыргыз радиосунун эки каналы спутник аркылуу чыгып, мурда кыргыз телекөрсөтүүсүн көрө албай келген биздин 153 айылыбыз телекөрсөтүүлөрдү алууга, радио угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,- деп маалымдады Кубанычбек Жумалиев.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кылмыштуулукка каршы күрөш улантылып жатканын билдирди. Министрликтин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелген адамдар кармалып атканын баяндады:

- 5-майда биздин кесиптешибиз, абдан тажрыйбалуу, мыкты иштеген милициянын полковниги Алиев Чыныбекти өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен бир нече топтор кармалды. Азыр иликтөө иштери жүрүп атат. Кылмышкерлер минип бараткан машине табылбай жатты эле. Мына бүгүн ошол машине табылды.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин ырасташынча, быйыл табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча биртоп иштер жасалды. Бул ишке деп өкмөт 2004-жылдын бюджетин бекитип атканда 50 миллион сом бөлгөн. Кооптуу жерлерде жашаган калкты түз жерге көчүрүү, аларга үй салып алуу үчүн 200 000 сом ссуда бөлүнмөкчү. Бул максатка 180 миллион сом бөлүнүүдө, деп билдирди Николай Танаев. Эларалык каржы уюмдарынын көмөгү менен буга кошумча 900 миллион сом карыз акча алып, аны да табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга жумшоо пландаштырылууда.

Кыргызстандын түштүгүндө 350 айыл, шаар, шаарчада жер көчкү коркунучу бар. Сарыөзөн Чүй, Көл, Таласта 120 калк жашаган жерлерди суу басып кетүү коркунучу сакталууда. Жер алдынан чыкчу сууларды агызып ийчү арыктардын бүтөлүп, суу сарыктыргычтардын иштен чыгып калышынын кээрин түздө жашаган айыл эли эми тартууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG