Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Экономика

Бүгүн (10-майда) Бишкекте Ооганстандын коңшу өлкөлөр менен экономикалык кызматташуусуна арналган эл аралык жыйын ишин баштады. Ага Ооганстан, Пакистан, Иран жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте ишин баштаган эл аралык жыйын «Ооганстандын регионалдык экономикалык кызматташуусу: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» деген тема астында өтүүдө. Ал БУУнун Өнүгүү программасы, Ооганстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн демилгеси менен уюштурулган. Конференциянын максаты - Ооганстан менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, аны ишке ашыруунун жолдорун тактоо. Ушундан улам жыйындын күн тартибине Ооганстандын регионалдык экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүнүн саясаты, соода жана инфраструктура деген сыяктуу маселелер коюлган.

Жыйындын алгачкы күнү бул багытта БУУ Өнүгүү программасынын (БУУӨП - UNDP), Азия Өнүгүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча адистери маалымат беришип, конференцияда чечүү зарыл деген багыттарды аташты.

Алардын айтымында, Ооганстанда экономикалык туруктуулук жана тынчтык калыптанмайынча, жалпы чөлкөмдө бейпилдик болбойт. Мындай ойду бардык мамлекеттер колдой тургандыгын делегация өкүлдөрү билдиришип, кызматташууга даяр экендиктерин жарыя кылышты. Бүгүн түштөн кийин ал жолдорду үч багыттагы жумушчу топтор тактоого киришти.

БУУ Өнүгүү программасынын Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эржан Мураттын айтымында, бул жыйында Ооганстан аймактагы жаңы өнөктөш катары өзүнүн жүзүн ачууда:

- Кыскача айтканда, Ооганстан бул жыйында: «Мырзалар, мен кайра тирилип жатам, мен чөлкөмдөгү жаңы оюнчумун, мага көңүл бургула!» дейт. Ал эми бул жердеги мамлекеттер Ооганстан менен кантип кызматташуунун жолдорун көрсөтүп, сунушташат.

Эржан Мураттын айтымында, жыйын маалында бул багытта өкмөттүк делегациялар ортосунда талкуулар болот жана жеке менчик тармактын 70тен ашуун өкүлдөрүнүн ортосунда өз алдынча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ал эми Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев Кыргызстан Ооганстанды калыбына келтирүү иштерине алты багытта кызматташууга даяр экендигин жарыя кылды:

- Алар - талкаланган байланыш (коммуникация) тармактарын калыбына келтирүү, турак-үй, оорукана, мектептерди куруу, медициналык кызмат көрсөтүү, гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана Ооганстандын экономикасына зарыл товарларды чыгаруучу тармакты калыптандырып, заказ алуу. Андан тышкары Ооганстанга мугалим, куруучу, дарыгерлерди жиберүүгө, өзүбүздүн окуу жайларда оогандык адистерди даярдоого, ооганстандык 550 качкын үй-бүлөнү мекенине кайра жөнөтүүгө көмөктөшүүгө даярбыз. Ошондой эле Ооганстандын совет доорунан калган аскерий техникасы менен байланыш тармагын калыбына келтирүү үчүн өзүбүздүн аскерий адистерди жиберүү маселесин кароого даяр экендибизди билдиребиз.

Ал эми Ооганстандын Инвестициялык колдоо агенттигинин жетекчиси Норулла Делевари өз өлкөсүнө эң ириде электр кубаты зарыл экендигин билдирсе, Каржы министри Ашраф Гани (Ashraf Ghani) кызматташуунун келечектүү тармактарын так аныктап, Ооганстанга жиберилүүчү товарлардын тизмесин тактап, курулай сөздөн конкреттүү иштерге өтүүнү сунуш кылды. Ооганстан ар тараптуу оюндарга катышпай, ачык, натыйжалуу кызматташууну көздөй тургандыгын да Гани мырза баса белгиледи.

Бакыт Аманбаев, Бишкек Жума күнү Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов 2004-жылдын соңку төрт айындагы акча-кедит саясатынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Улуттук банктын төрагасынын маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү «Сентерра» ишканасындагы акциясынын он үч пайызын сатууну көздөөдө.

Улуттук банктын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, соңку төрт айдын ичинде өлкөдө макроэкономикалык абал туруктуу болуп, олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. 2003-жылы инфляциянын өлчөмү 5,6% түзсө, соңку төрт айдын ичинде инфляциянын өлчөмү 0,9% жогорулаган. Ошондой эле Улан Сарбанов 2004-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу буларды маалымдады:

-1-апрелге карата Кыргызстандын тышкы карызынын өлчөмү бир миллиард 965 миллион долларды түзөт. Анын ичинде мамлекеттин карызы 1 миллиад 797 миллион доллар, ал эми жеке ишканалар тарабынан алынган карыздын өлчөмү 167 миллион 700 миң долларды түзөт.

Ошондой эле ал айрым банкрот болуп жабылган банктарга алданган аманатчылардын акчасын төлөө боюнча кандай иш чаралар жүргүзүлүп жактандыгы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

- Буга чейин жабылган төрт банктын аманатчыларынын акчаларынын 60 пайызынан көбү төлөнүп берилди. Жалпысынан буга чейин төлөнгөн акча боюнча ушундай маалыматты айтууга болот. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө айрыкча "Меркурий" банктын аманатчыларынын карызын төлөп берүүдө кыйынчылык болууда. Анткени аталган банктын сатууга коюлган активдери өтпөй жатат.

Улуттук банктын төрагасынын айтымында, жакында Эл аралык валюта корунун Тапио Саавалайнен башында турган миссиясы апрель айынын соңунда Кыргызстанга иш сапары менен келгенде Эларалык валюта кору менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлган.

Ал макулдашууда кыргыз өкмөтү «Сентерра» ишканасындагы 33 пайыз акциясынын 13 пайызын сатууну көздөп жаткандыгы маалымдалган. Кыргыз өкмөтүнүн ишениминде 13% акцияны сатуудан Кыргызстанга 60 миллион доллар пайда түшөт деп айтылууда.

Өткөн жылдын соңунда кыргыз өкмөтү менен «Камеко» компаниясы «Сентерра» аттуу биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол коюшкан. «Сентерра» ишканасына кыргыз өкмөтү «Кумтөр» алтын кенин, ал эми «Камеко» Монголиядагы жана АКШ дагы алтын кендерин кошкон. «Сентерра» ишканасынын 33 пайыз акциясы Кыргызстанга, калганы «Камеконун» ээлигине берилээри маалымдалган. Кыргыз өкмөтү эми мына ошол «Сентерра» ишканасындагы 33 пайыз акциясынын 13 пайызын сатууну көздөп жаткандыгына айрым саясатчылар макул эмес.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков кыргыз өкмөтүнүн мындай аракетин чыккынчылык катары баалады:

- Болгону буга чейин «Кумтөрдөн» 130 тонна алтын сатылды. Ал жерде 500 тонна алтын бар. Биз «Кумтөр» ишканасын куруп, милларддаган акчаны ала турган мезгил келгенде ал кенибизди «Сентерра» аттуу белгисиз ишканага кошуп башка бирөөлөргө сатып жатабыз. Эгерде «Кумтөр» сатылбаганда биздин өлкөгө милларддаган доллар пайда түшөт эле. Ошондуктан мен кыргыз өкмөтүнүн мындай аракетин «чыккынчылык» деп баалайм.

Ал эми Улуттук банктын төргасы Улан Сарбанов кыргыз өкмөтү эмне үчүн мындай кадамга барып жаткандыгын түшүндүрүп берүүдөн баш тарты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG