Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Өзбекстанда өкмөттү сындаган Дустовдун камалышына каршы флешмоб уюштурулду


Өзбекстандагы энергокризисти сындап, бийликке таманы тешилген бут кийимин көрсөткөн Гайрат Дустов.
Өзбекстандагы энергокризисти сындап, бийликке таманы тешилген бут кийимин көрсөткөн Гайрат Дустов.

Өзбекстанда социалдык тармактардын колдонуучулары энергетикалык кризисти сындаган Гайрат Дустовдун 15 суткага камалышына каршы флешмоб уюштурушту. Алар Дустовду туурап бут кийимдеринин тамандарын көрсөтүшүүдө.

Активисттер, социалдык тармактын колдонуучулары энергетикалык кризисти чечүүнүн ордуна Дустовду камоо чечимин кабыл алган өкмөттү жана сотту сындап жатышат.

26-декабрда Ташкентте сот Дустовду 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган. Андан үч күн мурда май куйган бекеттердин биринде кезекте турган 47 жаштагы Дустов кырдаалга нааразы экенин айткан видео социалдык тармактарга тараган. Ал автобус айдап, үй-бүлөсүн, майып жакынын баккандыктан, май куюучу жайларга киргизилген чектөөлөр анын ишине залакасын тийгизгенин айткан.

"Өзбекстан кедей мамлекет эмес! Бизде жер астындагы жана үстүндөгү ресурстар жетиштүү! Эркин жашайлычы. Эмне үчүн бизди ушинтип кыйнап жатасыңар? Автоматты алып атып салсаң жакшы болот эле!” - деген ал видеодо.

Сот аны "майда бейбаштык" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Иштин материалдарында ал май куюучу жайдын кызматкерлери менен урушуп, коомдук тартипти бузганы белгиленген. Ага каршы май куюучу жайдын кызматкери арыз жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG