Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Экономика

Сапар Орозбаков, Прага Террорчулардын Сауд Арапстандагы мунай компанияларына жасаган чабуулу ишканалардын мунай өндүрүүсүн токтото алган жок. Бирок ал мунай рыногундагы абалга өз таасирин тийгизди. Кечээ АКШда жана Европада согуш арадагерлерин эскерүү күнү белгиленип, ал жерлердеги биржалар 3 күн катары менен иштеген эмес. Бүгүн биржалар ачылаар менен мунайдын баасы дагы көтөрүлгөнү анык болду.

Мунайдын баасы бул жолу Европада кескин өскөнү маалымдалып жатат. Лондондогу эл аралык мунай биржасында бүгүн бир баррел мунай 1 доллар 5 центке өсүп, ал 37 доллар 65 центтен сатыла баштады. АКШда болсо мунайдын баасы мурда да жогорулап, мунай ал жерде Европадагыга караганда буга чейин эле бир аз кымбатыраак болчу.

Нью-Йорктогу товардык биржа бүгүн ачылар менен мунайдын болочокто аткарылчу фьючерсттик келишимдер боюнча баасы жума күнү жабылар алдындагы баага салыштырмалуу 67 центке өсүп, бир баррель мунай 41 доллар 55 центке бааланды.

Мунайдын баасы Азиянын рынокторунда да 40 доллардык чектен өттү. Сингапурдун товардык биржасындда ал бүгүн 40 доллар 58 центке сатылып жатат.

Мунайдын бул жолку кымбатташы Сауд Арапстандагы террордук актыларга байланыштуу экендигинен эч ким күмөн санабайт. Сауд Арапстан дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү өлкө болуп эсептелет. Ал бул террордук актыларга карабай, өзүнүн мунай өндүрүүнү көбөйтөм деген убадасынан кайтпай тургандыгын билдирип жатат.

Аналитиктердин көпчүлүгү Эл-Кубарда болгон террордук чабуул мунайдын баасына узак мөөнөт таасир бере албайт деп айтып жатышат. Лондондогу Дүйнөлүк рынокту изилдөө борборунун коммуникациялар боюнча директору Гавин Найт (Gavin Knight) “ал-Каиданын” чабуулу кандайдыр бир деңгээлде мунайдын баасына таасир берет, бирок абал тез эле калыбына келет” деп эсептейт:

- “Ал-Каиданын” күчтөрү Сауд Арапстандагы стратегиялык кендерге көптөн бери эле чабуул коюп жатышат. Бул рыноктогу болуп жаткан тынчсыздануунун жаңы себеби. Бирок буга байланыштуу мунай сектору бааны мурда эле көтөргөн. Андан тышкары “ал-Каида” Сауд Арапстандагы мунай жабдыктарынын баарын талкалашы абдан күмөн.

Жекшемби күнү кечинде Сауд Арапстандын мунай министри Али ан Наими өлкөдөгү мунай компанияларынын жетекчилерин чогултуп, коопсуздук чараларын күчөтүү тууралуу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Aramco мамлекеттик компаниясынын жетекчиси өзүнүн ишканалары жана кызматкерлери террордук актыдан эч кандай зыян тартпагандыгын билдирди.

Европа биримдиги мунайдын баасы кескин өскөнүнө көп деле тынчсызданган жок. Анткени Европа 30 жылдан бери энергия алуунун алтернативдүү булактарын түзүүнүн үстүндө иштеп, мунайга анча көз каранды эмес. Европа өлкөлөрү мунайды сарамжалдуу керектеген машинелерди чыгаруудан баштап жел тегирмендерди курууга чейин иш жүргүзүп келет. Европа биримдиги мунайды энергиянын башка булактары менен алмаштыруу боюнча план кабыл алган. Ага ылайык 2010-жылга чейин энергиянын 20% электр энергиясына которулууга тийиш. Анын 12% күн, суу, деңиз өңдүү жаңыланып турма булактардан алынышы керек.

Ошол себептен Европа АКШдай 40 долларды түзгөн мунайдын азыркы баасын коркунучтуу деп эсептебейт. Айрым компаниялар, тескерисинче, буга сүйүнүп, мунайдын кымбатташы алардын кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берерин билдирип жатышат.
1-июнда Германиянын Бонн шаарында алтернативдүү энергияны пайдалануу боюнча эл аралык конференция өз ишин баштады. Ага 100 дөн ашык өлкөдөн конок чакырылды. Конференциянын уюштуруучулары мунайдын баасы мынча өсүп кетет деп күтпөсө деле керек. Бирок алар карай турган энергиянын альтернативдүү булактары жаратылышты коргоо үчүн эле керек эмес. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди ыкчамдатуу ар тараптан пайдалуу болуп эсептелет.

- Конференция сөздүн кандайдыр бир маанисинде жаңы иш. Биз бул жерде алтернативдүү энергия булактарын кеңейтүү боюнча элдин жана Бириккен улуттар уюмунун демилгелерин кошолу дедик,- дейт Германиянын жаратылышты коргоо министри Юрген Триттин.

Өзүн мунайдан бир топ көз карандысыз сезген Европа биримдиги АКШдан айырмаланып, жакында эле Бейрутта болгон ОПЕКтин жыйынына мунай өндүрүүнү көбөйтүүнү сурап кайрылган жок. Германиядагы "Дойчебанктын" экономисти Томас Майердин айтымында, алар ОПЕК кандай гана чечим кабыл албасын, аны өзүбүзгө жакын кабыл алууга эч кандай негиз жок дешкен.

Кыргызстанда социалдык кызмат көрсөтүү долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Ош, Жалалабад, Баткен облустарындагы социалдык объектилерди калыбына келтирүү, иштетүү максатын көздөйт. Жергиликтүү калктын жардамы менен мектеп, оорукана, маданий жайларды иштетүү, аларды керектүү жабдыктар менен камсыздоого Азия өнүгүү банкы баш болгон биртоп эларалык каржы уюмдар 18,5 миллион доллар акча бөлмөкчү.

Айылдагы социализм заманынан калган мектеп, оорукана, маданий жайлар кейпинен кетип, көбү бузулуп, таланып-тонолуп жок болуп атканы жаңылык деле эмес. Ошол эле учурда айылдыктардын жапырт аракетинин натыйжасында биртоп жерлерде мектептер салынып, талкаланган клубдар калыбына келтирилип, жолдор оңдолуп, иши кылып көпчүлүктүн деми менен кыйла жумуштар бүткөрүлүүдө. Азия өнүгүү банкы тарабынан каржыланчу долбоор элеттиктердин аракетине көмөк көрсөтүү багытын көздөйт.

- Долбоордун жалпы суммасы 18,5 миллион долларды түзөт. Анын 10 миллионун Азия өнүгүү банкы каржылайт. ОПЕК фонду 3,6 миллион доллар, кыргыз өкмөтү 5 миллион долларга жакын акча бөлүп бермекчи. Максат - айыл жерлериндеги калкка социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, социалдык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү, мектептерге, ооруканаларга керектүү жабдууларды ташып жеткирүү, компьютер алып берүү,- дейт Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев.

Анын айтуусунда, долбоорду ишке ашыруу менен өкмөт жергиликтүү калктын өз күчүнө ишенүү сезимин ойготуу максатын көздөйт. Алдагыдай психологиялык кырдаал «өкмөт өзү келип жасап берет» деген алдамчы ойдун азгырыгынан чыга албагандардын өз алдынча аракетин жандантышы керек.

- 2000–2003-жылдары 554 социалдык объектилер оңдолду. Буга 374 миллион сом жумшалды. 63 миллион сомдук мектеп жабдуулары жеткирилди. Ашар жолу менен бүткөрүлгөн мектептерге 5 миллион сoмго жакын мектеп жабдуулары берилди. Медицина мекемелери 60 миллион сомдук жабдуулар менен камсыз болду, - дейт Эмирлан Төрөмырзаев.

Каржы министрлигинин маалымдашынча, быйыл 60 ашуун социалдык объектилер оңдоодон өтүп, 2 миллион долларлык иш бүткөрүлүшү керек. Эмирлан Төрөмырзаев социалдык кызмат көрсөтүү долбоорунун ишке ашырылышына 32 миңге жакын киши тартылганын маалым кылды. 5 жылга эсептелген социалдык кызмат көрсөтүү долбоору быйыл аягына чыгат. Анын аркасы менен 14 айылга таза суу жеткирилди, биртоп кыштактардын жолдору оңдолду.

Четтен келген кредиттердин жардамы менен өкмөт ушу тапта дагы бир долбоорду ишке киргизүү аракетин жасоодо. Алыскы тоолуу райондордогу жаш балдардын дени сак өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн долбоорго Кыргызстандын эң кедей деп эсептелген райондору киргенин президенттик акимчиликтин долбоорлорду ишке ашыруу агенттигинин жетекчиси М.Мансуров маалым кылды:

- Жакырчылык деңгээли 70% жогору жерлерди абыдан кедей райондор катары тандап алдык. Нарын облусу боюнча беш району тең кирди. Ош облусунан Алай, Чоңалай, Каракулжа, Ноокат райондору. Жалалабаддан Токтогул, Чаткал, Тогузторо кошулду. Булардын баары алыскы тоолуу райондор. Бул жерлерде кедейчиликтин деңгээли жогору, абал абыдан кыйын.

Кыргыз өкмөтү социалдык маселелерди чечүү проблемасын толугу менен эларалык каржы уюмдарынан келчү долбоорлорго артып салган. Алыстан келчү акча өтөле аз, анан да ал толугу менен айылга жетпейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG