Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Экономика

Кыргызстанда социалдык кызмат көрсөтүү долбоору ишке ашырылууда. Долбоор Ош, Жалалабад, Баткен облустарындагы социалдык объектилерди калыбына келтирүү, иштетүү максатын көздөйт. Жергиликтүү калктын жардамы менен мектеп, оорукана, маданий жайларды иштетүү, аларды керектүү жабдыктар менен камсыздоого Азия өнүгүү банкы баш болгон биртоп эларалык каржы уюмдар 18,5 миллион доллар акча бөлмөкчү.

Айылдагы социализм заманынан калган мектеп, оорукана, маданий жайлар кейпинен кетип, көбү бузулуп, таланып-тонолуп жок болуп атканы жаңылык деле эмес. Ошол эле учурда айылдыктардын жапырт аракетинин натыйжасында биртоп жерлерде мектептер салынып, талкаланган клубдар калыбына келтирилип, жолдор оңдолуп, иши кылып көпчүлүктүн деми менен кыйла жумуштар бүткөрүлүүдө. Азия өнүгүү банкы тарабынан каржыланчу долбоор элеттиктердин аракетине көмөк көрсөтүү багытын көздөйт.

- Долбоордун жалпы суммасы 18,5 миллион долларды түзөт. Анын 10 миллионун Азия өнүгүү банкы каржылайт. ОПЕК фонду 3,6 миллион доллар, кыргыз өкмөтү 5 миллион долларга жакын акча бөлүп бермекчи. Максат - айыл жерлериндеги калкка социалдык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, социалдык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү, мектептерге, ооруканаларга керектүү жабдууларды ташып жеткирүү, компьютер алып берүү,- дейт Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев.

Анын айтуусунда, долбоорду ишке ашыруу менен өкмөт жергиликтүү калктын өз күчүнө ишенүү сезимин ойготуу максатын көздөйт. Алдагыдай психологиялык кырдаал «өкмөт өзү келип жасап берет» деген алдамчы ойдун азгырыгынан чыга албагандардын өз алдынча аракетин жандантышы керек.

- 2000–2003-жылдары 554 социалдык объектилер оңдолду. Буга 374 миллион сом жумшалды. 63 миллион сомдук мектеп жабдуулары жеткирилди. Ашар жолу менен бүткөрүлгөн мектептерге 5 миллион сoмго жакын мектеп жабдуулары берилди. Медицина мекемелери 60 миллион сомдук жабдуулар менен камсыз болду, - дейт Эмирлан Төрөмырзаев.

Каржы министрлигинин маалымдашынча, быйыл 60 ашуун социалдык объектилер оңдоодон өтүп, 2 миллион долларлык иш бүткөрүлүшү керек. Эмирлан Төрөмырзаев социалдык кызмат көрсөтүү долбоорунун ишке ашырылышына 32 миңге жакын киши тартылганын маалым кылды. 5 жылга эсептелген социалдык кызмат көрсөтүү долбоору быйыл аягына чыгат. Анын аркасы менен 14 айылга таза суу жеткирилди, биртоп кыштактардын жолдору оңдолду.

Четтен келген кредиттердин жардамы менен өкмөт ушу тапта дагы бир долбоорду ишке киргизүү аракетин жасоодо. Алыскы тоолуу райондордогу жаш балдардын дени сак өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатын көздөгөн долбоорго Кыргызстандын эң кедей деп эсептелген райондору киргенин президенттик акимчиликтин долбоорлорду ишке ашыруу агенттигинин жетекчиси М.Мансуров маалым кылды:

- Жакырчылык деңгээли 70% жогору жерлерди абыдан кедей райондор катары тандап алдык. Нарын облусу боюнча беш району тең кирди. Ош облусунан Алай, Чоңалай, Каракулжа, Ноокат райондору. Жалалабаддан Токтогул, Чаткал, Тогузторо кошулду. Булардын баары алыскы тоолуу райондор. Бул жерлерде кедейчиликтин деңгээли жогору, абал абыдан кыйын.

Кыргыз өкмөтү социалдык маселелерди чечүү проблемасын толугу менен эларалык каржы уюмдарынан келчү долбоорлорго артып салган. Алыстан келчү акча өтөле аз, анан да ал толугу менен айылга жетпейт.

Сапар Орозбаков, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 31-майдан 4-июнга чейин Чехиянын борбору Прагада ишкерликти өнүктүрүү боюнча 5 күндүк конференция өткөрөт. Бул экономикалык форумга Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер, атуулдук коомдун өкүлдөрү жана окумуштуулар чакырылган. Форумдун максаты – ишкерликке зарыл болгон шарттарды аныктап, аны түзүүнүн жолдорун үйрөтүү.

Үй куруу оңой иш эмес экендигин баары жакшы билишет. Ал үчүн жыгач, топурак, таш жана башка көп материалдар керек. Кирпичти кынап, эшик-терезелерин койгондой жумушчулар зарыл. Үй кулап кетпес үчүн бекем фундамент да салуу башкы маселе. Ишкерлик деле ошондой. Ишкерликке зарыл шарттардын бирөөсү эле болбой калса, ал өнүкпөйт. Чехиянын борбору Прагада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өткөрө турган экономикалык форумда ишкерликке зарыл шарттарды кантип түзүү керек экендиги тууралуу сөз болот.

- Бул конференция жалаң эле өкмөттө иштеген чиновниктер үчүн өткөрүлбөйт. Биз ага регионалдык жана эл аралык уюмдарды да чакырдык. Чакырылгандардын арасында ишкерлер чөйрөсүнүн жана атуулдук коомдордун өкүлдөрү жана окумуштуулар да бар. Анткени Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бул ишке катышы барлардын баары бири бири менен кызматташса гана, иш жакшы жүрөрүнө ишенет, –деди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун экономисти Габриэл Леонт.

Прагада боло турган форумда экономикалык өнүгүүнүн институционалдык жана адамдык негиздерине көп көңүл бөлүнөт. Башкача айтканда форумда ишкерликтин өнүгүшүнө зарыл мыйзамдар аныкталып, адамдарды, өзгөчө жаштарды, ишкерликке үйрөтүү маселеси каралат.

ЕККУ бул форумду өткөрүп, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн көңүлүн чакан жана орто бизнестин көп сандаган маселелерине да бургусу келет. Ал менчик, анын ичинде жерге менчик, ошондой эле салык боюнча мыйзамдар жана жоболор так жана жөнөкөй жазылып, ишкерлерге түшүнүктүү болуш керек деп эсептейт. Тилекке каршы, инвесторлордун билдиришинче, Борбор Азия өлкөлөрүндө абал андай эмес.

- Статистикалык маалыматтардын баары Борбор Азия ишкерликке жана инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытында дагы көп иш жасаш керек экендигин көрсөтүп жатат, – дейт Габриэл Леонт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ишкерликти өнүктүрүүдө инфрастуктуранын мааниси зор экендигин белгилейт. Ишкерлер өзүнө зарыл каржыны кыйналбай, тез алгыдай болуш керек. Кредиттер жакшы кайтарылбагандыктан, Борбор Азиядагы банктар аларга чакан кредит берүүдөн качышат. ЕККУ буга байланыштуу Казакстандын микрокредит берүү тажрыйбасын жайылтууну көздөйт.

Уюм Армениянын соода палатасынын да тажрыйбасы пайдалуу деп эсептейт. Армениянын соода палатасы эл аралык соода палатасынын жардамы менен өзүнүн мүчөлөрүнө кызмат көрсөтүүнү, мисалы, аларды маалымат менен камсыз кылууну бир топ жакшырткан.
ЕККУ ишкерликке жаштарды көбүрөөк тартуу зарыл деп эсептеп, алар үчүн атайын семиналарды өткөрүү максатка ылайык экендигин белгилейт. Мындай семинарлар, анын билдиришинче, Тажикстанда өткөрүлүп, жакшы натыйжа берип жатат.

Прагада өткөрүлүп жаткан экономикалык форум регионалдык кызматташуу маселесин да көтөрмөкчү. ЕККУнун экономисти Габриэл Леонт коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин экономикалык өнүгүү менен байланышы бар экендигин айтат:

- ЕККУ - өнүгүү боюнча агенттик эмес. Биз коопсуздукту камсыз кылуу уюмубуз. Биз, кеңири планда алып караганда, экономикалык өнүгүү жаатындагы кемчиликтер коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейбиз. Ошондуктан биз өлкөлөр бул багытта ийгиликке жетиши үчүн өкмөттөр, атуулдук коомдор жана эл аралык уюмдар менен иштеше баштадык.

Экономикалык форум дүйшөмбү күнү башталып, 5 күнгө созулат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG