Кыргызстан кыйла жылдардан бери чет эл инвесторлоруна энергетика менен туризм тармагына инвестиция тартуу аракетин жасап келатат. Орус-кыргыз өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы Орусиянын федералдык атом энергиясы агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенконун Бишкектеги иш сапарында да мына ушул маселе талкууланды.
Орусиялык тарап Нарын дайрасында курулушу бүтпөй турган Камбарата суу электр станцияларын аягына чыгарууга кызыкдар экенин С.Кириенко да ырастады:
- Бул миллиарддаган доллар инвестиция. Азыр бааланып аткан долбоордун наркы 2 миллиард доллардан ашуун. Кыргызстандык компанияларга чоң иш табылганы туру. Аны мыкты аткара турган жергиликтүү компаниялар бар. Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшү, электр энергиясын сыртка сатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыйладан бери кеп болуп келаткан долбоорду каржылоо милдетин “РАО ЕЭС”, “ИнтерРАО” жана биртоп жеке компаниялар алып, курулуш ишин биргелешкен ишканалар жүргүзүшмөкчү. Буга кошумча орусиялык “Газпром” компаниясы Кыргызстанда чалгындоо-иликтөө иштерине киришкени турат.
Кириенконун айтымында, бул жерде чогуу иш жүргүзүүгө орусиялык компаниялардын кызыкчылыгы күчтүү. Бир гана маселе бул жерде жакшы шарт, орусиялык инвесторлорго дурус мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.
Сергей Кириенко орусиялык “Орус алюминий” компаниясы да энергетика долбооруна кызыкдар экенин маалымдады. Өткөн жылкы март ыңкылабынан кийин жаңы бийлик өкүлдөрү бул компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, “Камбарата – 1 – 2” ГЭСтеринин курулушун аягына чыгаруу, Кыргызстанда аллюминий заводун курууга кызыкдар экени айтылган. Бирок да ал компания ушу тапта 2 миллиард доллар инвестициясын Тажикстандын Рогун ГЭСин курулушуна жумшоого бел байлап, Кыргызстанга келген жок. Анын себебин “Инэксимбанктын” директорлор кеңешинин төрагасы Д.Үсөнов мыйзамдык негизге таяп түшүндүрөт.
- Эмне үчүн бизде калган жок? Бизде ГЭС ишкердин мүлкү боло албайт, кош мүлкү да боло албайт. Ошол мыйзамды оңдош керек.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов өкмөт ортосундагы комиссиянын кийинки жыйынында конкрет долбоорлор тууралуу кеп болорун айтып, экономикалык алака-катыш жагынан Орусияга өзгөчө үмүт артарын жашырган жок.
- Комиссиянын кийинки отурумунда ишке ашырыла турган конкрет долбоорлор тууралуу сөз кылабыз. Биз келечекке жайдары маанайда карап турабыз.
Орусиялык ишкерлер жалаң энергетика тармагына инвестиция алып келүүгө кызыкдар болбостон, узак мөөнөткө ижарага берсе Көл боюнда өз кызматкерлерине эс алуу жайларын курууга ынтызар экенин билдиришти. Бирок да мурдагы, азыркы бийлик тушунда жалаң жакшы сезимин гана билдирген ири инвесторлордун акчасын артынып энергетика, туризм тармагына камылгалуу келгени көрүнө элек.
Өткөн жылы кыргыз-орусиялык соода алака-катыштын көлөмү жарым миллиард долларга чыкты. Адистердин болжолунда, бул сандык көрсөткүч жакынкы жылдары миллиард долларлык чекке жетиши керек. Анткен менен Орусия менен Кыргызстан ортосунда кыйладан бери кеп болуп келаткан энергетикалык долбоор изги тилек катары гана калып келатат.
Сүрөттө : Кыргызстандын премьер-министриФеликс Кулов жана Орусиянын федералдык атом энергиясы агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенко. Бишкек.20-апрель 2006-жыл.