Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Экономика

Sorry! No content for 15 Апрель. See content from before

шаршемби 12 Апрель 2006

Жаныл Жусубжан, Прага Александр Лукашенко Беларусту үчүнчү мөөнөт башкарууга мүмкүнчүлүк алды, бирок бул мөөнөт ал үчүн жеңил болбойт шекилдүү. Орусия жакында Беларуска берилүүчү газдын баасын үч эсе көтөрүшү мүмкүн экендигин жарыялады. Бирок президент Лукашенко чындап реформа жүргүзүп, узак мезгилдүү ийгиликти камсыздоого далалаттанаары күмөн.

Азыркы тапта Беларустун экономикасы стабилдүү өнүгүп жатат, бир гана жери ал Орусиянын арзан энергетика ресурстарына көз каранды. Стюарт Хензел - Лондондо жайгашкан Экономикалык Чалгын борборунун экспертинин айтымында келерки эки жылда Лукашенко бир катар экономикалык кыйынчылыктарга туш болот.

- Менимче, негизги кыйынчылык ушунда, Беларустун экономикасы соңку бир нече жылдардагыдай темпте өсө берээринде ишеним жок,- дейт Стюарт Хензел.

Беларустун экономикасы Орусиядан келген арзан мунай-газдан өтө көз каранды. Беларус учурда газдын 1 миң куб метрине 47 доллар төлөйт, бул КМШдагы эң арзан баа. Ал эми Батыш Европалык өлкөлөр миң кубометрине 240 доллар төлөйт.

Жакында Газпромдун Беларуска газды европалык баа менен сата тургандыгын жарыялашы өлкөдө бир топ тынчсызданууну пайда кылды. Белгилүү болгондой, өткөн кышта Украина, Молдова жана Грузия Орусия менен соодалашып жатып, акыры баанын кескин өсүшүнө макул болушту. Бирок Лукашенко бул ирет да суудан кургак чыгышы толук мүмкүн:

Татяна Маненок Минскиде чыгуучу «Беларустар жана базар» журналынын экономикалык баяндамачысы. Анын ишениминде, Орусия өзүнүн көзгө басар союздашы болгон президент Лукашенкону ара жолдо калтырбайт, ошондуктан акыры мунай-газдын баасы боюнча мунаса жетишилет. Канткен менен Беларус Маскөө үчүн аскердик кызматташтык жаатында да, өз товарын ташууда да маанилүү өлкө. Анын үстүнө мурдагы советтик жумурияттардан бир гана ушул жумурият Орусия менен биригүүнү кааларын да унутууга болбойт.

Ошол эле убакта эл чарбасынын 80 пайызы мамлекеттин колунда кала берип жаткан Беларуста завод-фабрикалардын дээрлик 60 пайызы чыгаша менен иштейт. Мунун оорчулугун бир канча чакан ишканалар көтөрүп келишет. Мындай кырдаал көпкө созулаарын болжолдоо кыйын, ошондуктан лондондук аналитик Хензел Лукашенко өзүнүн экономикалык саясатынын кулу болуп калды дейт:

- Анын экономикалык саясаты инвестицияларга жана экономиканын узак мезгилдүү өсүшү үчүн зарыл болгон реформаларга жагымдуу шарт түзө алган жок. Лукашенконун саясий модели жана келечекте саясий көзөмөлүн сактап кала алаары ал өзү курган экономикалык структурага көз каранды, бул структура болсо мамлекеттин өтө катаал көзөмөлүнө негизделген.

Базар реформасын жүргүзүү үчүн, Лукашенкого чыгашалуу ишканаларды жабууга туура келмек, бул жумушсуздуктун кескин өсүшүнө алып келет. Бирок Лукашенко антип, өзүнө болгон колдоого шек келтире албайт. Жеке менчиктин жана ортоңку класстын күч алышы да ал үчүн коркунучтуу. Ошондуктан Хензелдин пикиринде Лукашенко мурдагыдай уланта албаган, бирок алга жыла албаган ыңгайсыз ахвалда калды.

Ирандын ядролук программасынын тегерегиндеги чатак мунайдын эл аралык базардагы баасынын кымбаттоосуна себеп болду. Дүйшөмбү күнү кара майдын баасы 69 долларга чукулдап барып токтоду. 2005-жылдын 30-августунда АКШнын негизги мунай иштетүүчү ишканалары жайгашкан түштүк жээгин Катрина ураганы каптаганда да кара май азыркыдай кымбаттаган. Эл аралык мунай базарындагы кырдаал баалуу металлдардын баасын да өйдө көздөй түрттү.

Дүйшөмбү күнү Лондондогу соодада Түндүк деңиздин бир баррель иштетилбеген чийки мунайынын баасы 68 доллар 93 центке сатылды.

Нью-Йорк биржасында да мунайдын баасы орточо 1 доллар 36 центке кымбаттады.
Түндүк деңиз мунайы 1988-жылы Лондон биржасында сатыла баштагандан бери мынчалык кымбат болгон эмес. Азыр дүйнөлүк базарда сатылган кара майдын 65 проценттен көбүнүн наркы Түндүк деңизинин Брент маркасындагы чийки мунайынын баасына жараша аныкталат.

Инфляцияны эске алганда, кара майдын наркы 1979-жылкы деңгээлине жете элек. Ал жылы Иранда болгон ислам ынкылабынан кийин бир баррель же 139 литр мунайдын наркы бүгүнкү акча менен эсептегенде 80 долларга чыккан.

Иран мунай өндүрүү боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда тургандыктан, өлкөдө ар кандай күтүүсүз окуя болсо, анын кесепети мунайдын дүйнөлүк базарында сезилери турган иш.

Маалымат булактарынын ырасташынча, мунай базарындагы кырдаалга АКШ өкмөтү Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгүн үйрөнүп жатат деген кабар шыкак болгон. Мындай кабарды “Нью-Йорк Таймс” гезити менен “Нью-Йоркер” журналы жекшемби күнкү сандарында кабарлашкан эле.

Дүйшөмбү күнү президент Жорж Буш Иранга сокку уруу пландалып жатат деген кабарды бүтүндөй калпка чыгарды:

- Мен дем алыш күнкү гезиттерден Иран жөнүндөгү макалаларды окудум. Аларды “жапайы спекуляция” деп айтаар элем. Өлкө байтактында сиздер бул сындуу түркөй кабарларды тез-тез угуп турасыздар.

Президент Буш, ошондой эле, АКШ бийликтери Ирандын ядролук чатагын дипломаттык жол менен жөндөөгө куштар экенин баса белгиледи.

Анткен менен, көпчүлүк эксперттер Иран кризиси жөндөлмөйүнчө, мунай рыногундагы абал олку-солку болуп тура берет дешет. Лондондогу Barklay capital инвестициялык банкынын талдоочусу Кевин Норристин боолгошунча, геосаясый кырдаалдан улам жакынкы жумаларда мунайдын баасы 70 доллардан ашып кетиши мүмкүн.

Мунай рыногундагы опур- топурдан улам алтын да кымбаттап кетти. Дүйшөмбү күнү түшкө чейин Нью-Йорк биржасында 1 унция ( 31, 1 грамм) алтын 598 доллар 10 центке жетип, бешимден кийин 593 долларга кайра түштү. Бул акыркы 25 жылдагы эң кымбат баа.

Күмүш да 1983-жылдан бери биринчи жолу бийик сереге көтөрүлүп, 1 унция күмүш 12, 5 доллардан сатылды.

Өткөн 2005-жылдан бери кара майдын эл аралык базардагы баасы 40 процентке жогорулады. Баанын жогорулашына баарынан да экономикасы ылдам өсүп бараткан Кытайдын талабынын өскөнү айрыкча таасир этти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG