Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:21

ЖМК: Сахалинден кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар чыгарылды


Депортацияланган мигранттар. Сахалин, Орусия. sakh.online сайтынан алынган сүрөт. 14-ноябрь, 2024-жыл.
Депортацияланган мигранттар. Сахалин, Орусия. sakh.online сайтынан алынган сүрөт. 14-ноябрь, 2024-жыл.

13-ноябрда Орусиянын Сахалин облусунда Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары "мыйзамсыз миграцияга" айыпталып, сот чечими менен аралдан чыгарылды. Бул тууралуу Сахалин облусунун Федералдык сот аткаруучулар кызматынын басма сөз кызматына шилтеме кылып, sakh.online сайты жазды.

Басылманын маалыматына караганда, борбор азиялык мигранттар аралда мыйзамсыз иштеп жүрүшкөнү алардын документтерин текшерүү учурунда аныкталган.

"Мигранттардын миграциялык карталарынын жана каттоо мөөнөтү аяктаганы, ошондой эле иштөөгө уруксат кагазы же патенти жок экени аныкталды. Мыйзам бузган жарандарга Орусиянын Административдик кодексинин 18.8-беренеси - "Өлкөгө кирүү жана жүрүү эрежелерин бузганы үчүн" административдик айып пул салынып, ар бири 2000 рублден төлөөгө милдеттендирилди", деп жазды сайт.

Маалыматка ылайык, Сахалин облустук соту аларды Орусиядан чыгаруу жана беш жылга чейин өлкөгө кайра кирүү укугунан ажыратуу чечимин чыгарды. Басылма сот аткаруучулар мигранттарды аэропорттон чыгарып жатышканы тартылган сүрөттү да жарыялап, ондон ашуун адам депортацияланган болушу ыктымалдыгын белгиледи.

Бул маалыматты тактоо максатында "Азаттык" радиосу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылды. Элчилик азырынча комментарий бере элек.

2024-жылдын башынан бери Сахалин облусунда мыйзамсыз жүргөн 296 чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылган,. Алардын басымдуу бөлүгү Борбор Азиядан: Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары болгон.

Быйылкы жарым жыл ичинде Орусиядан 10 миңге чукул кыргызстандык мигрант сот чечими менен чыгарылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымдаган.

Быйыл жазында "Крокус Сити" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган.

Орусия мигранттарды Украинадагы согушуна да түрдүү шылтоо менен тартууда. (ZКo)

Шерине

XS
SM
MD
LG