Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Экономика

Нарын АЙЫП, Прага Акыркы мезгилде Иран менен Түндүк Кореянын өзөктүк программалары айланасында көп айтылууда. Бирок үстүбүздөгү аптада Кытай менен Австралия ортосунда дагы өзөктүк тармакта келишим түзүлдү жана айрым эксперттер аны дагы сынга алууда.

Кытай төрагасы Вен Цзябао Австралияга сапар менен келгенде, 3-апрелде Канберра шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери атайын келишимге кол койду жана анын шарттарына ылайык, Австралия Кытайга жыл сайын 20 миң тонна уран кенин сатат.

Дүйнөдө өндүрүлгөн урандын 40 пайызы азыр Австралияда чыгат, ошондуктан мамлекет аны сыртка сатууга муктаж. Акыркы жылдарда Кытай менен Австралия ортосунда соода улам өсүп баратат, ошондуктан эки өлкөнүн тең саясатчылары жана ишкерлери бул келишимге жогору баа берүүдө.

Айрым эксперттердин пикиринде, Кытай - толук демократиялык мамлекет эмес, ал ишенимсиз өлкөлөргө курал сатат. Бир кезде Кытай өзөктүк технологияны Пакистанга жана, мүмкүн, айрым башка мамлекеттерге да саткан жана Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимге кол койсо дагы, аны жайылтууга көмөктөшкөн. Натыйжада мындан сегиз жыл мурда Пакистан өзүнүн биринчи атом бомбасын сынады жана өзөктүк куралга ээ мамлекеттердин саны көбөйдү.

Австралия парламентинин сенатору Кристине Милненин айтымында, эми Австралия Кытайга уран сатуу менен ошондой жосунсуз жараяндарга кошулуп жатат: "Кытай буга чейин өзөктүк технологияны Пакистанга бергени менен белгилүү. Өткөн жылы болсо Кытай - анын аскерий жана аскерий эмес программаларына уран жетпей жатканы тууралуу билдирген. Ошондуктан азыр кайсы жагынан карасак дагы, бул келишим боюнча Кытайга сатыла турган уран же түздөн-түз өлкөнүн аскерий программаларында колдонулат, же ошол сыяктуу аскерий максатта пайдаланылган урандын ордун толуктайт", - дейт сенатор Милне. Ал - Австралиянын Жашылдар партиясынын төрайымы.

Маселе ошол кош стандарттуулукта жатат. Айрым батыш эксперттеринин пикиринде, кош стандарттуулук болмойунча, адилеттүүлүк да болбойт. Мисал үчүн, Израил дагы расмий эмес түрдө өзөктүк куралга ээ, бирок батыш мамлекеттери аны сынга албайт, анткени Израил өзөктүк технологияны башка мамлекеттерге берген эмес жана башка өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч түзгөн жок. Пакистан болсо өзү өзөктүк технологияга жашыруун түрдө ээ болуп, аны башка мамлекеттерге да саткан. Ошондой эле күнөөлөр Түндүк Кореяга каршы дагы айтылууда.

Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн премьер-министр Феликс Кулов Хипик программасы менен таанышуу максатында алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ага көпчүлүк адамдар туура эмес баа берип жатканын билдирди. Анткени, Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасы аркылуу Кыргызстандын 2,5 миллиарддан ашуун доллар тышкы карызын жоюу боюнча аракети үчүн айрым депутаттар өкмөттү мөөнөтүнөн мурда таркатуу маселесин көтөрүп чыгышкан.

Премьер-министр Феликс Кулов 5-апрелде журналисттерге берген маалыматында, Хипик программасы менен өкмөт мүчөлөрү жана экономикалык тармакка тиешелүү адамдар таанышып жатканын, бул багытта алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

-Хипик программасында үч баскыч бар. Биринчиси программа менен таанышуу. Мындайча айтканда, биз бул программага катышууну сунуштайбыз. Алар бизге кандайдыр бир талаптарды коюшат. Ал талаптар менен таанышып чыккандан кийин биз макулдугубузду беребиз же бербейбиз деген чечим кабыл алабыз. Алар дагы кабыл алышар, алышпастагы тууралуу чечим чыгарышат. Ошондуктан бул маселе боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Феликс Кулов Хипик программасы менен алдын ала таанышууга анын кол койгонун сындап жаткандардын дооматы негизсиз экендигине токтолуп, маанилүү документтерге пермьер-министр өкмөт мүчөлөрүнүн макулдугунан кийин кол коерун билдирди. Ал ошондой эле кээ бир учурда коомдук пикирлер пайдалуу болгону менен айрым учурда өкмөт жалпыга түшүнүксүз чечим кабыл алса, мезгил өткөндөн кийин ага тарых оң баа берерин белгиледи. Анын баамында учурда экономиканын бутуна туруп кетишине сырткы карыздар кедерги болууда.

Кыргыз өкмөтү тарабынан Хипик (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries) программасы аркылуу тышкы карыздарды жоюу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге Тышкы иштер министрлиги да өз оюн билдирген. Министрликтин пикиринде, эгерде Кыргызстан Хипик программасына кирсе эл аралык аброюн жоготушу мүмкүн. Өкмөттүн мындай кадамга барышы парламентте да талкууланып, айрым депутаттар ачыктан ачык каршы чыгышкан.

-Хипик программасына Кыргызстанды күч менен киргизебиз деген өкмөт мүчөлөрү болуп атат. Кылым карыткан кыргыз журтубузду Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банктын алдында өмүр бою кул кыла турган өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү күндөн, азыркы сааттан отставкага кетиши керек,- деген болчу Жогорку Кеңештин өткөндөгү отурумунда депутат Карганбек Самаков.

Депутат белгилегендей, Хипик программасына кирген Африканын кедей мамлекеттеринин катарына Кыргызстан теңелип калса, сырттан келүүчү инвестициялык жардам токтойт. Өлкөдө экономикалык оор кризис башталышы мүмкүн. Коомчулукта Карганбек Самаковдун пикирин колдогон саясатчылар да Хипик программасынын алкагында тышкы карыздарды жоюунун зарылчылыгы жоктугун айтышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG