Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Мектеп жана бала бакча директорлорунун бош орундары декабрга чейин жабылат


Сынакка катышып жаткан талапкерлер, 28-ноябрь, 2023-жыл. Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт. Иллюстрация.
Сынакка катышып жаткан талапкерлер, 28-ноябрь, 2023-жыл. Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт. Иллюстрация.

Кыргызстанда мамлекеттик орто мектептерде жана бала бакчаларда беш жылдан ашуун жетектеп турган жетекчилерди алмаштыруу декабрь айына чейин аягына чыгарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште 2023-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берип жатып билдирди. Ал депутат Чыңгыз Ажибаевдин суроосуна жооп берип жатып, мектептердин жана бала бакчалардын айрым жетекчилери иштөө мөөнөтү бүтсө да ордун бошоткусу келбегенин белгиледи.

"1-декабрга чейин бош орундар жабылат. Тесттер жөнөкөйлөтүлөт. Мен тапшырма бергем. Бирок ачык айтайын, бала бакча жетекчилигин талашкандар көп экен. Тамагы менен жуучу каражаттары бекер болот экен дешип, өзгөчө бала бакча директорлугун талашып, өтө кадыр-барктуу адамдарды ортого салгандар болуп жатат. Район акимдеринин мурдагы орун басарлары бала бакчага жетекчи болгусу келет экен. Биз муну токтотушубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына жана Билим берүү, илим министрлигинин жаңы жобосуна ылайык, мектеп жана бала бакчалардын бир орунда беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматтан алынат. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынактык негизде дайындалат.

Алгачкы сынак 2023-жылы жүргүзүлгөн.

Бир катар талапкерлер сынактагы тесттердин суроолору түшүнүксүздүгүн айтып, нааразылыктарын билдиришкен.

Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG