Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Ташиев: Райым Матраимов бюджетке 200 млн доллар төлөп, анан чыкты


Райымбек Матраимов кармалганда УКМК тараткан сүрөт. 2024-жыл, март
Райымбек Матраимов кармалганда УКМК тараткан сүрөт. 2024-жыл, март

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылышы боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берди. Ал депутат Балбак Түлөбаевдин Райымбек Матраимов абактан чыгарылганы коомчулукта чоң суроо жаратканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, мурдагы бажычы мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар төлөп берип, анан чыкканын айтты.

"Райымбек Матраимовго үч берене менен кылмыш иши козголгон: "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү", "Ээнбаштык" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо". Биз аны кармап келгенден кийин, ишин 8 ай тергедик. 2 күн мурун ал абактан чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн долар төлөп чыкты, бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул - 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте баары накталай эмес, мүлк менен да алынды. Мүлктүн баарын баалап, арзан баада баалап, алдык. Жакында соту болот, анда биз койгон беренелер боюнча жазасын тартат же айып пулун төлөйт. Акчасын төлөгөн соң аны камакта кармап отуруштун эч кандай пайдасы жок болчу, мамлекетке да, өзүнө да", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы жакында президенттин тапшырмасы менен быйыл мамлекетке кайтарылган мүлк жана акча каражаты боюнча кенен маалымат берерин кошумчалады.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотуу чечимин 11-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганы 13-ноябрда белгилүү болгон.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта үч бир тууганы менен бирге Азербайжандын борбору Бакуда кармалып, Бишкекке алып келинген.

Ал УКМКнын атайын операциясынын негизинде кармалганы белгилүү болгон. Андан бери анын үч бир тууганы эркиндикке чыгарылды. Райымбек Матраимов болсо ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

2021-жылы УКМК аны коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG