Кыргызстандагы Талдыбулак, Жерүй алтын кендеринин айланасында чет элдик ишкерлер менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишпестик дагы деле уланууда. Жерүй алтын кенин иштетүүгө уруксаты бар «Оксус» компаниясы келишимди бузганы үчүн кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берерин билдирип жатат. Ал эми Талдыбулак алтын кени мурунку президенттин жакындарынын бирине караштуу «Талдыбулак инвестмент» ишканасына таандык экендиги аныкталды.
-Кыргыз өкмөтү «Оксус» компаниясы тарабынан кандай иш жүргүзүлгөндө да, лицензияны кайтарып берүү тууралуу убада берген эмес. Ошондуктан, эл аралык сотко берген күндө да кыргыз өкмөтү утуп чыгышы мүмкүн. Бирок, бул узак убакытты жана көп чыгымды талап кылат.
Талдыбулак, Жерүй, Солтонсары сыяктуу алтын кендерин иштетүү тууралуу мурунку бийликтин тушунда эле 1998-жылы кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Анда айтылгандай, Жерүй алтын кенинде 75 тоннага жакын, ал эми Талдыбулакта 75 тоннадан ашуун алтындын запасы бар. Мындан тышкары Солтонсары алтын кенинде 15-20 тонна алтын запасы бар деп белгиленген. Бул кендерге учурунда кызыгып, айрым бир чет элдик ишканалар ээлик кылууга жетишишкен. Алсак, Жерүй алтын кенине чет элдик «Норокс» ишканасы кызыгып, кыргыз өкмөтү менен бир сыйра келишим түзгөн. Бирок, иш жүзүндө эчнерсе жасалбай, 2002-жылы кыргыз өкмөтү бул компания менен келишимди токтоткон. 2003-жылы кайра эле «Норокс» компаниясынын алдында түзүлгөн «Оксус» компаниясына Жерүй алтын кенин иштетүүгө уруксат берилет да, бир жылдан кийин,келишимди аткарбаганы үчүн 2004-жылы апрелде аталган компаниянын лицензиясы кыргыз өкмөтү тарабынан жараксыз деп табылган.
Ал эми Талдыбулак алтын кенин иштетүүгө кызыкдар болгон Австралиялык САТВ ишканасы «Кыргызалтын» АК менен бирдикте 2003-жылы «Талдыбулак голд майнинг компани» аттуу ишкана түзүшөт. Бир жылдан кийин, 2004-жылдын октябрь айында бул ишканадан дагы бир «Талдыбулак инвестмент» деп аталган ишкана жарык көрөт. «Вечерний Бишкек» гезитинин маалыматы боюнча, «Талды булак инвестмент» ишканасы мурунку биринчи айым Майрам Акаеванын бир тууган жээни Улан Жамакеевге таандык болуп чыккан. Бул маалыматты мамлекеттик тоо-кен комитетинен да тастыкташты. Бирок, булардын бири дагы Талдыбулак алтын кенин иштетүүгө киришкен эмес. «Кыргызалтын» АКнун кызматкери Георгий Глуховдун айтымында, «Кыргызалтын» менен австралиялык компания биргелешип түзгөн ишкананын лицензиясын кыргыз өкмөтү жараксыз деп тапкан:
- Биргелешкен ишкананын лицензиясын кайра чакырып алышкан. Ошондуктан, мындан ары кандай иш жүрөрү белгисиз. Башка инвестор издейбизби же ушул эле ишканалар менен иштешебизби, муну убакыт көрсөтөт.
«Тоо кенчилер» ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев Жерүй, Талдыбулак алтын кендерин иштетүү жакшылыктуу жүрбөй жаткандыгына тоо өнөр жайы боюнча саясаттын начардыгы себеп деп билет:
-Жерүй алтын кенин иштетүү тууралуу чечим 80-жылдары эле чыккан. Бирок, булардын баары ушул мезгилге чейин ишке киргизилбегенине тоо кендери боюнча мамлекеттик саясаттын жоктугу себеп болууда. Тоо өнөр жайы боюнча көзөмөл кыла турган бир да структура жок.
Орозбек Дүйшеевдин айтымында, чет элдик ишкерлер алтын кендерин ишке киргизүүгө эмес, аны иштетүү үчүн лицензия алууга көбүрөөк кызыкдар:
-Буга эң биринчиден коррупция күнөөлүү. Биргелешкен ишкана түздүк деп эле, чет элдик ишканаларды түзүшөт да, лицензия алууга аракет кылышат. Лицензия алган соң, акцияны сатууга аракет жасашат. Бул жерде акция роль ойноп жатат.
Байкоочулардын айтымында, дүйнөлүк базарда алтындын баасы кымбатташы менен Кыргызстандын алтын кендерине кызыккандар кайрадан көбөйдү. Алардын катарында «Оксус» компаниясы да Жерүй алтын кени үчүн катуу күрөшүүдө. Алардын өтүнүчү менен кыргыз өкмөтүнө «Оксус» компаниясынын ишин жакшылап териштирүүнү суранып, батыш өлкөлөрүнүн элчилери, эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү кайрылгандыгы белгилүү.
Бирок Кыргыз өкмөтү Жерүй, Талдыбулак алтын кендерин иштетүү боюнча башка жаңы инвестор издөөгө киришүүдө. Ал эми башкы прокуратурага «Талас майн голд компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырылган.