Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Экономика

Жаңы жылдык каникулга жуп тарардын алдында парламент эмдиги жыл бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Кыргызстандын эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү 19 миллиард 683 миллион 887 миң сомду түзөт. Чыгаша бөлүгү 20 миллиард ашуун сом, бюджет таңкыстыгы 421 миллион сом.

Үч күндүк талкуунун кызуу талашы бюджеттин киреше бөлүгүн тактоо учурунда абыдан кызыды. Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков эмдиги жыл бюджетинин киреше бөлүгү комитет талкуусунан кийин кыйла өзгөрүлгөнүн белгилеп, дагы кошумча 1 миллиардка жакын сом табылганын, анын 495 миллионун бюджеттин киреше бөлүгүнө жазып, калган 505 миллион сомду кошумча тиркемеге киргизип, кийин акчанын түшүшүнө жараша өкмөт менен парламент чогуу-чаран бөлүштүрсө туура болот билдирди:

- Эгерде өкмөт менен макулдашып, мен өз пикиримди гана айтам, 495 миллион сомду реалдуу кирешеге киргизип, чыгаша жагын жазып, анан 421 миллион сомду таңкыcтык деп көрсөтүшүбүз керек. Анан 505 миллионду биз мыйзамга киргизбей, өзүнчө бир тиркеме кылып кабыл алышыбыз керек. Ушул, башка айла жок. Мен финансистин пикирин айтып бердим. Эгерде 505 миллионду кирешеге киргизип, чыгашага чыгарбай калсаңыз, анда биздин бюджет таңкыстыгы жок болуп калат. Андай болбойт! Себеби МВФ деген “атабыздын” параметрлери бар, ал боюнча 421 миллион сом таңкыс болуш керек. Ошол. Анда инфляцияны кармай албай калабыз.

Парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиев эгер болуп калышы болжолдонуп жаткан миллиардка жакын сомду бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизсе, анда эмдиги жыл бюджети таңкыстыгы жок, чыгашасы аз болорун эскертти:

- Азыр 30-декабрда алып келип туруп колду бурап атасыңар. Бул жерде кимдер кызыкдар болуп атканын билип эле турабыз. Кайра-кайра кайталатып суранып атасыңар. Мына комитеттин чечимин кабыл алгыла дедиңер эле аны колдодук. Мен момундай кыргызбайчылыкты түшүнбөйм.

А.Келдибеков эларалык валюта корунун талабын аткарып Кыргызстандын бюджети сөзсүз түрдө 421 миллион сом таңкыстыгы менен түзүлүшү керектигин отургандардын эсине салды.

Айрым депутаттар кошумча каржы булагынын артында карапайым калкка түшчү оорчулуктар башбактап турганын айтышты. Депутат Ө.Бабанов кошумча каржы булак салыктарды көбөйтүүнүн эсебинен болуп жатканын, Авасбек Момункулов эгер бюджет кошумча каржы булагынан табылган акча менен кабыл алынып калса андан биринчи иретте айыл калкы жабыркай турганын билдирди. Өкмөт башчы Феликс Кулов экономикада эч качан жомоктогудай жетишкендик болбосун белгилеп, өкмөт азырынча кескин кадамдарды жасай албасын моюнга алды.

- Тилекке каршы, айрым өлкөлөрдөгүдөй кескин секирик жасоого азыр биздин чама-чаркыбыз жок. Дагы айтайын, мен да сиздер менен макулмун, бизде экономика илими жакшы өнүгө элек. Жаңы өкмөт бийликке келгенде ушу тапта ыкчам өнүгүп бараткан Kазакстандын экономикалык программасын түзүшкөн адистерди бул жерге чакыргам. Орусиядан да мыкты экономисттерди чакырдым. Мага ишенип койгула, алардын айткан кеп-кеңештеринде азыркыдай революциячыл сунуштар болгон эмес. Экономикада жомоктогудай өзгөрүү болбойт.

Парламент мүчөлөрү кызуу талкуудан кийин өкмөт сунуш кылган бюджет долбоорун биринчи окуудан кабыл алышты. Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, жаңы экономикалык документ реалдуу ишке ашырыла турган мыйзам:

- Көп эле депутаттар финансист эмес да, бюджет менен иштеп көргөн эмес. Эмнеликтен эки башка сан айтылат деп ушуга талашып кетишти. Биз эми кичине кечигибирээк алып келип калдык, себеби өкмөттүн түзүмү 23-ноябрда бекибедиби. Менин оюмча, реалдуу эле бюджет, бөөдө кырсыктан тышкары болсок, аткарып эле коебуз го деп ойлойм.

Өтүп бараткан жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү көңүл жылытарлык эмес. Жалаң ыңкылап, басып алуу, бөлүштүрүү, менчик ээсин жаңылоо менен алектенген кыргыз коомчулугу жаңы бюджеттин аки-чүкүсү менен деле анча иши болгон жок. Президент экономикалык өнүгүштүн ырааты 8% жетиш ыктымалдыгын айтса, өкмөт өсүш болгону 5% тегерегинде гана болоорун болжолдоодо. Ыңкылаптан кийин майкөл-сүткөл болору өтөле арсар, ыкчам өнүгүү жолуна түшүш үчүн убакыт керектиги эмитен эле айтылууда.

Өкмөт эмдиги жылдын экономикалык өсүшү 5% азыраак ашарын этият болжолдогон эскертүүсү ириде реалдуу шарт-мүмкүнчлүктөн чыкканы эч кимге шек туудурбайт. Президент К.Бакиев эмдиги жылкы өнүгүү ыраатын 8% көтөрүү милдетин койгону жалпыга дайын. 2006-жыл бюджетинин киреше бөлүгү 20 миллиард сомго бираз жете бербеген акча, ал эми чыгаша бөлүгү 23 миллиардка жакын сомду түзөрү көпчүлүккө жаңылык деле эмес. Киреше менен чыгашанын ортосундагы акча 3 миллиард ашуун акчаны түзөт, ал акча чет эл инвестициясынын эсебинен жабылат.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, эмдиги жылдын бюджети толук аткарылышы керек. Анда белгиленген көрсөткүчтөрдүн дээрлик баары асмандан алынган эмес, ишке сөзсүз ашырылышы керек. Өкмөт биртоп өнөр жай ишканаларын ишке киргизип, инфляцияны 4,5% ашуун көтөрбөй, сомдун долларга карата катышын 42 сомдон ашырбай кармап туруу убадасын байма-бай берүүдө.

Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн дагы бир маанилүү көрсөткүчү «Кумтөр» алтын кени эмдиги жылы мурдагы деңгээлине жете албайт. Ачык жерден алтын казып алуунун көлөмү кыйла азаят. Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүш деңгээлин жападан-жалгыз ырастаган ишкананын антип артка кетишинин айынан республика боюнча өнөр жайындагы өсүш - 5,2%, айыл чарбаныкы - 4,1%, тейлөө тармагы - 6,2%, курулуш - 12% алдыга жылышы белгиленген. Кыргызстандагы ички дүң продукттун көлөмү 111,5 миллиард сомду түзөт.

Айтса, президент К.Бакиев белгилеген экономикалык өнүгүүнүн 8% көрсөткүчү эмнеликтен 5,4% түзүп калганын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров быйылкы жылдын саясий кедергилери менен түшүндүрөт. Парламенттин бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин төрагасы Акматбек Келдибековдун ырасташынча, жаңы экономикалык документте негизги социалдык маселелер толук камтылбай калган.

- Мына социалдык багыттагы деп жатабыз. Пенсия жашын төмөндөтүү кирбесе, айлык баланча пайызга көтөрүлөт деп айтпаса, 5% - 2 миллиардды каякка бөлүштүрөт? Бүгүнкү күнгө да жетпейт. Бул эч нерсеге жетпейт. Азыр да кеч эмес. Эгерде өкмөт жакшы эсептеп, биздин комитеттин берген тыянагы боюнча эсептеп, макулдугун берип, азыркы кырдаалдан чыкса болот. Орточо пенсия өлчөмү 700 сом болсо, мугалим менен дарыгердин акчасы 600 сом болсо, анан эртең эмне болот? Элдин баары ушуну 2006-жылдын бюджетин күтүп жатат. Эч нерсе болбойт.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өкмөт деле карапайым калктын мүдөөсүн жадынан чыгарбашын жакшы билерин парламенттик талкууда бир нече ирет ырастады. Кендирди кескен маселе каржынын жоктугу.

- Биз жанагы мугалимдин тетрадь текшергенине, коммуналдык кызмат акысын жеңилдетүү жана башкалар боюнча мыйзамдарда белгиленгендерди санап көрсө 1,5 миллиарддан ашык акча керек экен.

Парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин ырасташынча, эмдиги жылдын экономикалык документи маалынан кечигип талкууга түштү.

- Өкмөт өзү бюджетти кеч берди. Графиктердин баарын бузду да, элдин арасында депутаттар кабыл албай жатат деген сөз жүрүп кетти. Ошондой бир жактуу сөздүн болгону туура эмес. Мен өзүм бюджеттин көбөйгөнүн, ачык болушун каалайм. Ошону менен бирге эле айта кетким келет, бул өкмөттүн экономикалык, каржылык саясаты жок.

Парламент мүчөлөрү эмдиги жыл бюджет долбооруна ичи чыкпаганын бул ирет деле жашырган жок. Депутат Камчыбек Ташиев бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүүнүн биртоп мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

- Күтүп отурбаш керек. Азыр биз жеңил бюджетти кабыл алуунун ордуна оор бюджетти кабыл алышыбыз керек. Оор бюджет кабыл алып, баарыбыз чуркап элге кызмат кылышыбыз керек. Мен көрүп турам, Феликс Шаршенбаевич мыйыгынан күлүп турат, күлбөш керек. Бул жаңы өкмөт аткара турган жумуш.

Кыязы, жаңы бюджет долбоору бул ирет парламент жактыруусуна жаңы жылга чейин ээ болбой калат окшоду. Өкмөт андайда мурдагы жыл параметрлерин эске алуу менен жыл башынан иш жүргүзүп, негизги экономикалык мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин ачык экономикалык аракетке өтүү мүмкүнчүлүгүн алат окшоп калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG